Казахские песни Узбекские песни

Расул Маматкулов.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Расул Маматкулов

  • Жарыгы ачкан ай болсо, Айланаң толо түн болду. Нурларың чачкан күн болсо, Өзүңө жаным кул болду. Кайырма: От болдум, күйүп болдум, Шириним, жаным, ашык болдум. Бир көргөндө тартып алган, Чырайыңа жакын жан болдум. Чалкыгын сулуу көл болсо, Ашыгы аккан сел болду. Ашуусу бийик бел болсо, Эңсөөдө учкан жел болду. Кайырма:
  • Карагаттай көзүңдөн, ай, Жамиля, Балдай ширин сөзүңдөн, Жамиля. Күндө сага келемин, ай, Жамиля, Сен карабай өтөсүң, ай, Жамиля. Кайырма: Жамиля, Жамиля, Жамиля, Жамиля. Жамиля, Жамиля, Жамиля, Жамиля. Мен жүрөмүн көчөдө, ай, Жамиля, Сенин ширин көздөрүң, ай, Жамиля. Бак аралап басалы, ай, Жамиля, Балдай ширин сөзүңдөн, Жамиля. Кайырма: Жамиля, Жамиля, Жамиля, Жамиля. Жамиля, Жамиля, Жамиля, Жамиля. Карагаттай көзүңдөн, ай, Жамиля, Балдай ширин сөзүңдөн, Жамиля. Күндө сага келемин, ай, Жамиля, Сен карабай өтөсүң, ай, Жамиля. Кайырма:
  • Олтурамын бөлмө караңгы, Ыр жүзүндө жаздым саламды. Сен жок менин ырым жок, Сенсиз мага жашоо жок, Дүйнө мага сенсиз караңгы Күлгөнү сага окшобой, Көңүлүм сенден ойгонбой Дүйнө мага сенсиз караңгы. Олурамын ичип шарапты, Күндөн-күнгө болбой барамбы. Бара турган алым жок, Баса турган дарман жок, Бөлмө бүгүн өтө караңгы. Башкага жүрөк чапкан жок, Сендей издеп тапкан жок, Дүйнө мага сенсиз караңгы. Азгырылдын жаман абалым, Жалгыздыктын тарттым азабын. Жөлөп турган өзүң жок, Айтып турган кебиң жок, Азыр мага дүйнө караңгы. Башкага жүрөк чапкан жок, Сендей издеп тапкан жок, Дүйнө мага сенсиз караңгы.
  • Жыттуусу сенсиң гүлдөрдүн, Назиги сенсиң үндөрдүн. Сүйлөсөм сага жолугуп, Жыргалы ошол күндөрдүн. Кайырма: Багым бар, багым бар, Багымда чүрөгүм бар. Маңдайында келишкен, Чүрөгүмдүн калы бар. Башкадан сени кызгандым, Чүрөгү белең кыздардын. Жүрөгүм сүйүп жактырдым, Мүрөгү белең жыргалдын. Кайырма:
  • Оштон чыгып жол тарттым мен Бишкекке, Жол кезүүдө түш көрдүм мен бир кезде. Көргөндө да укмуш ысык иш көрдүм, Айдай сулуу, ак куу сымал кыз көрдүм. Кайырма: Ош-Бишкек жолунда, Айдаганым Мерседес. Жанымдагы чүрөгүм, Мерседестен кем эмес. Бир мезгилде мен түшүмдөн ойгондум, Чочуп кетип, өзүмчө бир толгондум. Көргөн түшүм айланса дейм өңүмө, Андай түштөр жагат экен көңүлгө. Кайырма:
  • Ак-куудай боюң буралып, Ак халат кийсең суналып. Ак денең сенин мөлтүрөй, Айпери сымал нурданып. Кайырма: Жана-жана-жанарым ,оо, Сагындым жүрөгүм, оо. Ак балыктай чубалып, Ак көйнөк кийсең буралып. Ак бетиң сенин мөлтүрөйт, Ак мөңгү сымал нурданып. Кайырма: Ак жолук турсаң салынып, Ай нуру сагы агылып. Ак тамагың мөлтүрөй, Ак бермет алсаң тагынып. Кайырма:
  • Түнөрбөгөн ынагым, Күн кезиккен себепсиз. Бакытка да, күйүткө, Биз экөөбүз себеппиз. Кайырма: Түгөйүм, ай түгөйүм, Жаз гүлүндөй гүлдөгүн. Беш күндүк бул дүйнөдө, Балын ичели өмүрдүн. Шерик болгун өмүргө, Муз салбагын көңүлгө. Тирөөч болуп өрүүдө, Орток болгун өмүрдө. Кайырма: Келди бизге жылуулук, Өчүрүп аны албайлы. Жаман өттү өмүр деп, Өксүүдө биз калбайлы. Кайырма:
  • Көзүңдөн мөлтүрөгөн карагаттай, Кайталап карай берем канагатпай. Сен мени түшүнсөңчү, карындашым, Сүйүүмө муздак шамал аралатпай. Ойлонгун күндө мени сагалатпай, Эзилтип жүрөгүмдү жаралатпай. Оюма түшө калсаң кечиндеси, Ойлонуп жата берем таң да атпай. Бул сүйүү сага деген өтө терең, “Жок” десең жүрөк менен ыйлай берем. Сен келип бек кучактап “сүйөм” десең, Түбөлүк ырахатка батат белем?..
  • Асман тунук, ай тунук, көл да тунук, Алмаз сымал көп ойлор менде тунуп. Сезип калдым ай мөлмөл ак сүйүүңдү, Сен отурган булакта мен да отуруп. Сен дагы сездиң бекен, туйдуң бекен? Махабат күүсүн черттим нечен, нечен. Баардыгы өлбөс болуп сага арналат, Карааның карегимде калды бекем? Асман тунук, ай тунук, көл да тунук, Алмаз сымал көп ойлор менде тунуп. Сезип калдым ай мөлмөл ак сүйүүңдү, Сен отурган булакта мен да отуруп.
  • Кат жызышып жүргөн элек мектепте, Ошол күндөр дале түшөт эсиме. Жүрөгүмдөн сүйгөн элем мен сени, Наристелик сезим беле ал деги. Кайырма: Айылдын четинде, Турамын кечинде. Сүйүүгө мас болуп ай, Күткөнүм эсим. Күндө келе терезеңдин түбүнө, Сен чыгасың угуп гитар үнүнө. Көзүн жанат мени карап кыялдуу, Ай нуруна түшөт жүзүң чырайлуу. Кайырма: Кат жазышып жүргөн элек мектепте, Ошол күндөр дале түшөт эсиме. Күтпөйт экен зымыраган убакыт, Баргым келет ошол күнгө уурданып. Кайырма:
  • Сүйөмүн деп айтасың, Жаным өзүң мага жагасың. Мен сиздик деп агатай, Дайым өзүң мага айтасың. Кайырма: Өзүң эле, мага жагасың, Жаным өзүң жагасың. Ак булутту аралап, Алтыным кайда барасың. Жалт бурулуп мен жака, Көзүмө сыкыр саласың. Кайырма: Ак көйнөк кийип аласың, Асал кыз кайда барасың? Көп кыздардын ичинен, Өзүң эле мага жагасың. Кайырма: