Казахские песни Узбекские песни

Песня «ойлон»
исполнителя Эрлан Андашев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Элиңдин келечегин бүгүн ойлон,
Ал үчүн Мекениңди сүйүп ойгон.
Жеңишке жете алабыз эңсеп жүргөн,
Пейлиңди, жан дүйнөңдү кенен койсоң.
Тар жолдо тайгаланса канча жаның,
Багыттан алга деген чарчабагын.
Көралбас ар кадамда коштоп жүрөт,
Кыялды, максатыңды таштабагын.
Кайырма:
Эртең кеч, бүгүн, азыр ойгонуп,
Элиңдин келечегин ойлонуп.
Түшүнсөң жаңы күндүн таңы сен,
Калың журт колдоп турат баары тең!!!
Кыргыздын айбаты курч сүрү болгон,
Кайтпаган ата-бабам улуу жолдон.
Татыктуу урпак болуш үчүн анда,
Эртең кеч болот билсең бүгүн ойгон.
Жетпейсиң бийиктерге үмүт үзсөң,
Канча жан өлкө үчүн күйүп бүткөн.
Тайманбай алдыда бар улуу сапар
Баралы келечекке бизди күткөн.

Другие песни исполнителя:

  • Багыңа мени чакырдын, Багынтып дүйнөм мас кылдың. Баары сен болуп жашоомдун, Байкатпай мени азгырдың. Кайырма Жаныңа жаным тартылат Көргөндө көзүм карагат Арбалып сага баратам Алтыным Багынтып бизди махабат Бактылуу күнгө чакырат Багында бакыт куш сайрап Алтыным Жүрөктүн издеп ачкычын Жүрөгүм үчүн жактырдым Кулпулап эми жүрөгүм Алып ал өзүң ачкычын Кайырма Балын бир татып сүйүүнүн Бирге бир жүрчүү күн келсин Кош жүрөк согуп турганда Сүйүүмө сүйүң дем берсин
  • Жүрөгүмдүн ээси сенсиң, Табалбай жүргөн берекемсиң. Ай ааламдагы жалгыз бир адам, Ошол жаным жалгыз сенсиң. Жарык чачкан таңым сенсиң, Жанымда жүргөн көлөкөмсүң. Жандай көргөн жалгыз адамым, Жалындап жүрсөк бирге деймин. Кайырма: Карап, карап, карап Бир өзүңдү Самап, самап, самап Олтурамын эстеп алып анан мен, Махабатка батып барат жаным. Жаным Арзуубуздун оту жансын, Ардагым менин махабатым. Арнаймын сага ушул дүйнөдө, Ак сүйүүнүн таттуу балын. Күлмүңдөп бир тийген күнсүң, Жашоодо жалгыз үмүтүмсүң. Өмүрүмдү көрккө бөлөгөн, Жаңы ачылган кызыл гүлсүң.
  • Жамалы белең берметтин, Жабыркап жүрөк дегдеттиң. Кароосуз калган кайыктай, Кайыр кош, жаным, сен кеттиң. Кайырма: Карап, карап, кайрадан сени самап, Күттүм, күттүм, күттүм, Жалжалым, жалгыздыктан тажап бүттүм. Көпөлөк гүлгө коно албай, Көңүлүм сыздап, толо албай. Серпилип жүрөк кыйналды, Сендейлер сендей боло албай. Кайырма: Кош дегим келбейт, кош дегим, Козгобо, бөлөк жок кебим. Кайгырсам, жалгыз, аргам жок, Кош дешер жарым жок менин.
  • оң кыз сени сүйө албаймын таарынба Арзып алган жубайым бар жанымда Жашоо өзү кыйын эмес түшүнсөң Жадыбалдай түйүп алгын жаныңда Сүйө албаймын Сүйө албаймын Түшүн жаным сендик такыр боло албаймын Боло албаймын Боло албаймын Түшүн жаным сендик такыр сүйө албаймын Багым дебей бир көрүшкөн жигитти Бардыгынан бийик койгун үмүттү Жетпедим деп азыртадан кайгырба Жеңил ойдун арты болот күйүттүү Бийик серпип канаттыңды кагаарсың Бир күн сен да түгөйүңдү табаарсың Сүйдүм деген агаңды да бир кезде Сага сүйлөп кыйгач карап калаарсың