Казахские песни Узбекские песни

Песня «Мага жагат»
исполнителя Аскат Мусабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Толгонайдай жарык нур бар көзүңдө
Касиет бар кубат берген сөзүңдө
Бул өмүрдүн кемчилигин, кемчилигин толуктап
Мен издеген асылдык бар өзүңдө
Кайырма:
Пейилиңдин кенендиги марттыгы
Жан дүйнөңдүн байлыгы да, актыгы
Теңир сенден аябаган эч нерсе
Мага жагат сабырыңдын, сабырыңдын сактыгы
Элим десе жанын үрөп элирген
Жерим десе делбиримдей делбирген
Кайда жүрбө кандай күндө, кандай күндө болбогуң
Амандыгың тилеп келем жан биргем
Кайырма:
Ар намыстуу, улутчул да жан келет
Актык үчүн ойлонбостон жан берет
Курманжандай ар-намыска, ар-намыска төрөлгөн
Сендей айым кылымдарга бир келет
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Кайгы-муң бул жашоонун, Кайылмын бир сен үчүн бардыгына. Жашайын моюн сунуп Сезимдин махабаттын ыргагында. Увазир жандооч болуп, Жашайын бир өзүңдүн хандыгыңда. Махабат ырын ырдап , Өтөйүн сенин гана жарлыгыңда. Кайырма: Шириним шириним ай, Ширеңди тата албай Шибердей курап барам Ширенкедей тутана албай. Ханышам ырымды укчу, Өзүңө ырдан артык белегим жок. Арнайын ушул ырды, Алтындан белек кылчу себебим жок. Канышам жөн ырдабайм, Ырдабайм бир өзүңө себеби жок. Анчалык сумсайбачы, Сулууга мерездиктин кереги жок. Кайырма: Шириним шириним ай, Ширеңди тата албай Шибердей курап барам Ширенкедей тутана албай. Жомокко кирип жашап, Ак жоодур көздөрүңдү уурдап карап. Жамалым карап койчу, Жалооруп жалгыздыктан тарттым азап. Увазир болуп сага, Уурданып тиктей берем кайра-кайра. Жамалым карап койчу, Билмексен болуп мени калп кыйнаба. Кайырма:
  • Аралап шаар ичин басып жүргөн, Андагы ак буурул түн эсиңдеби? Ойгонуп уйкусунан жымыңдашкан, Оттору Фрунзенин кечиндеги. Убакыт суудай акты, унутпадым, Ачылган аппак гүлдөй күлгөнүңдү. Ал түндү айта бердим жетине албай, Калтырбай бул дүйнөгө билгенимди. Үн катпай мени тиктеп бак-дарактар Жүрөктө сагынчыма карашкансып Негедир канаттуулар учуп өтсө Сезилет сени көздөй бараткансып Эстеймин элесиңди көзүмдү талбай, Азыр мен амалым жок алыс жакта… Түшүмдө күндө сени жолуктурам, Ырахмат миң мертебе махабатка.
  • Арнаймын сага ырымды, Лейли, Айтайын болгон сырымды, Лейли. Арналган алтын белегим ушул, Ардактап туткун мунумду, Лейли. Жоодурап анча кадала, Лейли, Жүрөгүмдү эзип караба, Лейли. Жүзүмдөй бышкан мөлтүрөп күздө, Жүзүңдөн жаным, садага, Лейли. Тал чыбыктай буралган, Лейли, Тараз бир боюң кыналган, Лейли. Теңдеши жок сулууга сендей, Тең кылабы бул жалган, Лейли? Кашкая тартып, күлөсүң, Лейли, Канжарсыз толтом тилесиң, Лейли. Кайгыңды тартып камоодо жүрөм, Мунумду качан туясың, Лейли? Улуу бир тоого чыгалы, Лейли, Улардын үнүн угалы, Лейли. Уларча сайрайт чын ашык деген, Ушуну даана туялы, Лейли. Ак шайы, жибек жоолукчан, Лейли, Алмалуу бактан жолуксак, Лейли. Алкымыңан кангыча жыттап, Айыкпас дарттан соолуксам, Лейли. Ак кептер болуп консоңчу, Лейли, Ак шумкарың болсомчу, Лейли. Ак ала зоого алпарып анан, Алкымыңан сорсомчу, Лейли. Көк кептер болуп консоңчу, Лейли, Көк шумкарың болсомчу, Лейли. Көк ала зоого көтөрүп барып, Көмөкөйүңдөн сорсомчу, Лейли. Эр Семетей, Айчүрөктөй, Лейли, Эл козутуп, сүрөтпөй, Лейли. Эриш-аркак өтсөкчү бирге, Эгиз бүткөн жүрөктөй, Лейли. Желкайып менен Байыштай, Лейли, Жабыгып ордо кайышпай, Лейли. Сүйүүнүн даамын татсакчы бирге, Курманбек менен Каныштай, Лейли. Алдыда аска, үстү таш, Лейли, Аскада калган Кожожаш, Лейли. Өмүр бою өрттөнүп сүйгөн, Зулайкадай жарлар аз, Лейли. Тинатин, Нестан-Дарежан, Лейли, Дүйнөгө даңкы тараган, Лейли. Сүйгөнүнө акыры жетип, Чын ашык болгон арадан, Лейли. Кулмырза менен Аксаткын, Лейли, Гүлүндөй эгиз бакчанын, Лейли. Сүйүүдөн жанган шам болуп алар, Көзүнө түшөт өз жактын, Лейли. Олжобай менен Кишимжан, Лейли, Бири таеже, бири жээн, Лейли. Кыйылды кырчын курактан алар, Ойлогон сайын кейитет, Лейли. Ак Мөөр менен Болоттой, Лейли, Хан каарын сезип, тоготпой, Лейли. Ашыктан шейит болушкан алар, Айтылып калды жомоктой, Лейли. Темиркул акын айтылуу, Лейли, Телмире жазган Айсулуу, Лейли. Теңдеши жок өзүнөн башка, Тең келет ага кай сулуу, Лейли? Кызылды кийсең, жарашат, Лейли, Кызыгып элдер карашат, Лейли. Кадыркеч кылып ала көр, жаным, Кайран жаш өтүп баратат, Лейли. Жашылды кийсең, жарашат, Лейли, Жарданып элдер карашат, Лейли. Жароокер кылып ала көр, жаным, Жалын жаш өтүп баратат, Лейли. Кызыл бир парча көйнөкчөн, Лейли, Кыялай бассаң бөйрөктөн, Лейли. Кылыгыңды бир жолу сезип, Кылчайбас жакка мен кетсем, Лейли. Жашыл бир парча көйнөкчөн, Лейли, Жайкала бассаң бөйрөктөн, Лейли. Жамалыңды бир жолу жыттап, Жалганымдан мен өтсөм, Лейли. Бул дүйнөдөн мейли өтсөм, Лейли…
  • Ашыкмын сиздей периге, Айталбайм сырым демигем. Адамды мынча кыйнабай Айттырбай билсең эмине? Кызыгам сиздей периге, Кыйналам чындап демиге. Кишини мынча чуркатпай, Кыйнабай билсең эмине?! Күлгөндө күлкүң күмүш үн, Күлгүндөй кыздын Күнүсүң. Күйүттү тартып жүрүшүм, Күлгөнүң, айтчы, ким үчүн? Күдөрүм такыр үзгүм жок, Күйгүзүп сүйүү үмүтүн. Жарк эттиң күлгүн күлүшүң, Жайдары кыздын гүлүсүң. Жалынга түшүп, күйүшүм, Жаркыным, айтчы, ким үчүн? Жаныңдан асты чыккым жок Жандырып сүйүү үмүтүн. Көрүшкөн күнүм салтанат, Көркүңдөн күн, ай жалтанат, Көркөмүң жанды көксөтүп, Көмөкөйдөн бал тамат. Көрүшпөй калсам, Көксулуум Көнөктөп көздөн жаш тамат. Жолуккан күнүм салтанат, Жоодураган келбетиң, Жогортон күн, ай жалтанат. Жолукпай калсам, Көксулуум Жошулуп көздөн жаш тамат. Бетегелүү белдейим, Белги берип чакырсаң, Белгиңе кантип келбейин? Жайлоодо белес, кырдайым, Жаштардан чыккан, Көксулуум, Жамалың төгүп ырдайын. Жарашкан перим экенсиң, Жалтанбай карап ырдайын. Абдан сонун жарашкан, Ак седеп таккан чыптамаң. Ак көйнөкчөн келатсаң, Ак куудай көлдө куп гана. Ааламда жок сулуулук, Арнаган экен кудурет, Атайлап берип бир сага. Көркөмү сонун жарашкан, Көк мончок таккан чыптамаң. Көк шайы көйнөк кийинсең, Көк өрдөк көлдө куп гана. Коштогон экен табийгат, Баарын кош колдоп сунуп, бир сага. Ыргалып үйдөн чыкпайсың, Ышкы отуна берилип, Ырдасам, ырым укпайсың. Кылгырып үйдөн чыкпайсың. Кызыктуу иштен кеп козгоп Кыйкырсам үнүм укпайсың. Белден коён качырып, Иле албадым, Көксулуу. Эми тагдыр не болот Биле албадым, Көксулуу? Жолдон түлкү качырып, Жете албадым, Көксулуу. Жеткизбестен душманга, Кете албадым, Көксулуу. Алты канат ак үйдүн, Кериштесиң, Көксулуу. Алтымыш эки сулуунун, Периштеси Көксулуу. Жети бир канат боз үйдүн, Кериштесиң, Көксулуу. Жетимиш эки сулуунун чиркин, Периси сенсиң, Көксулуу. Теңтуштан тагдыр кошподу, Телтору тандап ат чапсам, Телторум аттан озбоду. Теңирим салды бул кайгы, Тек жаткан дартым козгоду. Тепкедей чактан бир жүргөн, Теңибиз кыйнайт окшоду. Курдаштан тагдыр кошподу. Куладан тандап ат чапсам, Кубантып аттан озбоду. Кудайым салды бул ишке, Кусадар дартым козгоду. Куушуп ойноп, бир жүргөн Курдаштык кыйнайт окшоду. Көңүлдүн назик ышкы отун, Козготосуң, Көксулуу. Көчтөн калган тайлактай Боздотосуң, Көксулуу. Саяпчы салган боз куштай, Саматасың, Көксулуу. Сагындырып адамды Саргайтасың, Көксулуу. Өлүп калсам, калармын, Өлбөй тирүү бар болсом, Өзүмдүк кылып алармын! Аман болсом табармын, Антташып койгон сөз үчүн Ажыратып алармын!
  • Кечип таштап данктан, атактан, Келечегин издеп бараткан. Кайгылуу шер дүйнө кыдырат, Кайдасың сен, Нестан-Дарежан. Кайырма: Ак сүйүүнүн дайрасын кечип, Азап-кайгы жүрөктү эзип. Алоолонуп күйүп баратам, Ал ансайын сүйүп баратам. Аялзаттан башкача сезип… Тоскоол мага боло албаган Тонгон муздуу, ызгаар Бадахшан: Тоону тешип өтөм сен үчүн, Тосуп чыкчы, Нестан-Дарежан. Кайырма: Махабаттын дайрасын кечип, Кумарланып жүрөктү эзип, Алоолонуп күйүп баратам, Ал ансайын сүйүп баратам. Аялзаттан башкача сезип… Күнү-түнү чыкпай санаамдан, Күйгөн шамсың мен деп жаралган. Күйүт мени мыжып жатса да, Күдөр үзбөйм, Нестан-Дарежан. Кайырма: