Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ошондо мен сени сагынганда»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Искеймин алма гүлдөр шактарынан
Издеймин Алыкулдун саптарынан.
Жазылсын кусалыгым, күлүп койчу
Жарк этип жылдыздардын катарынан
Жарк этип жылдыздардын катарынан.

Кайырма:
Мажүрүм чачтарың таранганда
Жашылдан жоолугуң салынганда.
Карекке көз жаштан мончок тагып
Мен сени ошондо сагынгам да.
Мен сени ошондо, мен сени ошондо
Сагынганда.

Табышмак табигаттын сырларында
Жаңырып Асанкалый ырларында.
Жан биргем, жан дүйнөмө кирип келчи
Төгүлүп эрте жаздын жамгырындай
Төгүлүп эрте жаздын жамгырындай.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Тандап тандап арасынан гүлдөрдүн Эң сулуусун сага алып келип жүргөнмүн Небере деп мээрим төккөн жубайым Ушул деги уйкусуз түндөрдүн Ата катары менин да бактым бар Ал күндөрдү сени менен бир көрдүм Кайырма : Карап карап туш тарап Баары бизге суктанат Уул-кыздарың асмандагы куш-канат Карап карап чач тарап Неберелер ыр арнап Ойноп жүрөт колдоруна кут кармап Убактыбыз көп болчудай эбегей Урдаттыкпы учту мезгил жебедей Жаратканым жалгап биздин бүлөнү Көз тийбесин тегиз болсун телегей Ак элечек оронупсуң жубайым Маган дагы жараштыбы тебетей
  • Бир карасаң бир дүйнө, бир карасаң түр дүйнө. Ыр түбүнө жетпеген, баарыбызга бир дүйнө Багы жокко кур дүйнө, базарчыга пул дүйнө Сабаты жок калганың, самсаалаган кул дүйнө Кийизчиге кыл дүйнө, кыз-жигитке сыр дүйнө Алыкулду пир туткан, акындарга ыр дүйнө Ич күйдүгө туз дүйнө, үйү жокко сыз дүйнө Күн-түн көчө таптаган, бойдокторго кыз дүйнө Молдокеге дин дүйнө, жеңилдерге чын дүйнө Көр оокатка көмүлгөн, баарыбирге түн дүйнө Көпөстөргө той дүйнө, малы жокко кой дүйнө Бийиктикти эңсеген, кыскаларга бой дүйнө Карыларга жаш дүйнө, сулууларга каш дүйнө Кессе каны чыкпаган, битирлерге таш дүйнө Дудуктарга сөз дүйнө, азиздерге көз дүйнө Эл кадырын унуткан, өзүмчүлгө өз дүйнө Мергенчиге өр дүйнө, бийликчиге төр дүйнө Куран сообу окулган, маркумдарга көр дүйнө Соодагерге кел дүйнө, кетменчиге бел дүйнө Намыс үчүн бек турган, эр жигитке эл дүйнө Баласызга зар дүйнө, ак көңүлгө бар дүйнө Күйүп-күлүп сүйлөгөн, көрө албаска тар дүйнө Сыйлабаска сен дүйнө, көпкөндөргө мен дүйнө Кыргыз элин тааныткан, Чынгыз эрге кең дүйнө Жаш балага кант дүйнө, досчулукка ант дүйнө Сүйүп-күтүп жүргөнгө, жазындагы март дүйнө Аксакалга ак дүйнө, аялдарга бак дүйнө Адам баркын түшүнгөн, акылманга жат дүйнө Ушшакчыга тил дүйнө, окуучуга бил дүйнө Кусур жутуп албаган, шылуундарга ил дүйнө Кемпирлерге сүт дүйнө, өрмөчүгө күт дүйнө Күн-түн дебей иштеген, милицияга түт дүйнө Илимдүүгө ой дүйнө, касапчыга сой дүйнө Күндө эртең кел деген, кызматчыга жой дүйнө Оройлукка суз дүйнө, сүрөтчүгө түс дүйнө Жөжө санаар кез келет, саясатка күз дүйнө Чабактарга көл дүйнө, чабандарга төл дүйнө Эрте башын жазбаган, алкаштарга ал дүйнө Куудулдарга тың дүйнө, ит кыялга үр дүйнө Ала жипти аттаган, келиндерге жүр дүйнө Жөө күлүккө тер дүйнө, жесирлерге эр дүйнө Кечке сыздап отурган, кайырчыга бер дүйнө Сүйүшкөнгө гүл дүйнө, багбанчыга түр дүйнө Өз оюна ээ эмес, коркокторго сүр дүйнө Уйкучуга түш дүйнө, студентке түш дүйнө Бар атасын тааныбас, зөөкүрлөргө күч дүйнө Дыйкандарга суу дүйнө, алдамчыга пул дүйнө Колго курал кармаган, жоокерлерге туу дүйнө Дүкөнчүгө сат дүйнө, бекерчиге сак дүйнө Кырса эми кургабас, шайлообекке сак дүйнө Усталарга так дүйнө, сагынганга кат дүйнө Ыры менен бийлеген, Айчүрөккө шат дүйнө, Кош бойлууга ай дүйнө, шоопурларга май дүйнө Ак куу сүзүп ойногон, Ысык-Көлгө жай дүйнө Уурулукка түн дүйнө, ырчыларга үн дүйнө Салтты бийик сактаган, кыргыздарга күн дүйнө Намыс, уят, ар болсун, жок дебейли бар болсун Жаныбызда биз сүйгөн, бизди сүйгөн жар болсун Тынчы жок жер жер эмес, ырчы жок эл эл эмес Ыйман толсун пейилге, ырлар болсун кем эмес
  • Көп элес өчпөстөн эсте баары, Көңүлдүн калса да бөксө жагы. Мен сени сагынган бойдон жүрөм, Мезгилдер карматпай өтсө дагы. Жүрөктүн буйругу башкачабы, Жүрсө да тагдырдын канча тагы. Мен сени сагынган бойдон жүрөм, Жашынып жаштыгым калса дагы. Өлчөмдүү бул өмүр тура кыска, Өткөнгө өкүнүч кылабыз да. Мен сени сагынган бойдон жүрөм, Баладай багынбай убакытка. Жыргатпай бул турмуш сонунуна, Жылдарды койсо да орунуна. Мен сени сагынган бойдон жүрөм, Тумардай тагынып моюнума.