Казахские песни Узбекские песни

Песня «Санат ыры»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Тумчугамын, түбү жок санааларга батамын,
Бийиктерге жетелейт ак батасы атамдын,
Издеп жүргөн бейишим таманында апанын.
Азаматты эр кылган бата болот турбайбы,
Жашоодогу дөөлөтүң ата болот турбайбы,
Жаман жүрсөң ичинен капа болот турбайбы.
Түгөнбөгөн берекең апа болот турбайбы,
Үйүңдөгү базарың бала болот турбайбы.
Көзүңдү ачып-жумганча кеч кирет да, таң атат,
Сыйлашалы кел, досум, өмүр өтүп баратат,
Тирүүлүктө адамдар бири-бирине аманат.
Бешик көркү бөлөнгөн бөбөк болот турбайбы,
Агасына иниси жөлөк болот турбайбы.
Бир туугандар бир үйдө өзөк болот турбайбы,
Бой жеткенде үй-жайың бөлөк болот турбайбы,
Карыганда неберең эрмек болот турбайбы.
Ташы менен урганды, ашың менен тосуп ал,
Турмуш деген татаал жол, жакшы чөйрө күтүп ал.
Түбөлүктүү жарыңды алып качпай, сүйүп ал.
Жалынсаң да токтобос өмүр болот турбайбы,
Назиктердин назиги көңүл болот турбайбы.
Тууганыңдан жакыны коңшу болот турбайбы,
Акыретте жаныңда досуң болот турбайбы.
Балалыгың жомоктой эсте калат турбайбы,
Өмүр өтсө бул денең жерде калат турбайбы.
Өмүр өтсө бул денең жерде калат турбайбы,
Бектер кетип, кайра эле элдер калат турбайбы.

Другие песни исполнителя:

  • Сүйүү отун өчүрбө, Жүрөсүң сен көңүлдө. Таарынбастан, секелегим, Шерик болчу өмүргө. Кайырма: Таарынбачы, таарынба, Жакшы күндөр алдыда. Келин болчу түбөлүккө, Мен чоңойгон айылга. Бой көтөрүп керилип, Терс бурулба телмирип. Таарынычың жаза албай, Жүдөп бүттүм эзилип. Кайырма: Эркем, эркем, эркем, ай, Эркелетер бекем, ай? Өзүң менен түбөлүккө, Өмүр сүрөр бекем, ай? Таарынбачы, таарынба, Жакшы күндөр алдыда. Келин болчу түбөлүккө, Мен чоңойгон Аксыга.
  • Билем жаным, таарынасың мага дайым, Айтпасаң да, көздөрүңдөн туям баарын. Билген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин, Жалгыз сага жан дүйнөмдүн ийилгенин. Мейли кеттиң, коштошбодуң, кош дебедиң, Түшүнбөймүн, тарынычың не себебин. Сезген жоксуң жүрөгүмдүн оорууганын, Сезимдердин тоо гүлүндөй соолуганын. Төгөт жамгыр, коштошуунун көз жашыдыр, Кеч болсо да, калыстыгын кылар тагдыр. Билген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин, Аста басып, кете бердиң, кете бердиң.
  • Жай да өттү салкын тарткан күз эле, Биз жолуктук тагдыр насип туз беле. Купулума толуп турдуң сукайып, Издегеним мына ушул кыз эле. Ии-ий, карагаттай көздөрү , Тамшандырат создөрү. Ашык болдум сага аппагым. Сен айтпадың мага, Мен да айтпадым сага, Болбосунчу сүйүү арманы. Күнү түнү ойлойм Сен жөнүндө ойлойм Унута албай койдум ардагым. Жашың өттү эми турмуш кеч дебе, Буюрганын көрөбүз да бешене Жолукканча куса болуп баратам. Ойлогонум ошол болуп кечке эле. Ии-ий, карагаттай көздөрү , Тамшандырат создөрү. Ашык болдум сага аппагым. Сен айтпадың мага, Мен да айтпадым сага, Болбосунчу сүйүү арманы. Күнү түнү ойлой Сен жөнүндө ойлой Унута албай койдум ардагым.
  • Ассалому алейкум, Аксы жерим, аманбы? Кабыл ал саламын балаңдын. Издеп бир келдим колукту, Аксыдан сулуу жолукту, Карашы жүрөктү оорутту. Кайырма: Каштары кара, көздөрү кара, Көргөн жан суктанат. Чырайын кара, басканын кара, Буралат, буралат. Айдын кызыбы, Чолпон жылдызбы, Же бизден алыспы? Сүйүүм жетеби, колум жетеби? Саруубу, багышпы? Өңүмбү билбейм, түшүмбү, Көрбөгөм мындай сулууну. Чын эле, чын эле сүйдүмбү? Кандай бир айла кылайын, Колуңду эми сурайын, Түбөлүк болсоңчу жубайым. Кайырма:
  • Биз агенттен таанышканбыз жаңы эле, Тизмегимде сендей кыздар аз эле. Күнү-түнү тажабай, күнү-түнү тажабай, Биздин сөздөр бүтпөй келет дагы эле. Кайырма: Бүгүн неге капалуусуң, каралдым? Ачып көрүп статусуң карадым. СМСке бир да жооп ала албайм, Анда эмесе блогумдан жазайын. Бүгүн неге капалуусуң, каралдым? Ачып көрүп статусуң карадым… Ооба, селки, болом дейсиң Нарындан, Бирок сени көрбөгөнмүн, тааныбайм. Бирде калат жазылып, кээде калат жашынып, Мүнөзүң бар тамашага таарынган. Кайырма: Бүгүн неге бактылуусуң, каралдым? Ачып көрүп статусуң карадым. Тажабастан сүйүү сөзүн жазышып, Макул болчу жолугууга барайын. Бүгүн неге бактылуусуң, каралдым? Тосуп алчы жолугууга барайын… Бүгүн неге капалуусуң, каралдым? Ачып көрүп статусуң карадым. СМСке дагы жооп ала албайм, Анда эмесе блогумдан жазайын. Бүгүн неге жүрөк турат, каралдым? Макул десең жолугууга барайын…