Казахские песни Узбекские песни

Песня «Керексиң»
исполнителя Чынгыз Турдубеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жаркыган айдын нурунан
Издеймин сени берметим
Жымыңдап жылдыздар турса
Сен деймин кичинекейим
Сен деймин кичинекейим
Керексиң сен мага керексиң
Кубаныч тартуулап келесиң
Керексиң сен мага керексиң
Өмүргө арналган белексиң
Кыялың нурлуу күндөйүм
Асмандай тунук мүнөзүң
Дүйнөдө табылгыс эркем
Алтыным назик гүлдөйүм
Алтыным назик гүлдөйүм
Керексиң сен мага керексиң
Кубаныч тартуулап келесиң
Керексиң сен мага керексиң
Өмүргө арналган белексиң
Керексиң сен мага керексиң
Кубаныч тартуулап келесиң
Керексиң сен мага керексиң
Өмүргө арналган белексиң
Керексиң сен мага керексиң
Кубаныч тартуулап келесиң
Керексиң сен мага керексиң
Өмүргө арналган белексиң

Другие песни исполнителя:

  • Жашоо нугу шаркырап Агымдай агылат Жашоо бирде кайгыртып Ар кандай ойго батырат Бир туруп көңүл кубантып талпынтат Күндөр узап, мезгил учат Сапар тартып өтөт убак Жылдар узап, мезгил учат Келечекке жайып кучак Болсо дейли өмүр узак Жашоо деген биз үчүн Берилген белекпи? Жашоо үчүн убакты Табылгыс кылып бергенби? Жаңырып мезгил уланып келеби? Күндөр узап, мезгил учат Сапар тартып өтөт убак Жылдар узап, мезгил учат Келечекке жайып кучак Болсо дейли өмүр узак Күндөр узап, мезгил учат Сапар тартып өтөт убак Жылдар узап, мезгил учат Келечекке жайып кучак Болсо дейли өмүр узак Болсо дейли өмүр узак
  • Окуу күнү башталганда жаңыдан Кармап барып ата-энемдин колунан Ал күндөрүм айтып бүтпөс керемет Албырып мен мектебимди аттаган Ал күндөрүм айтып бүтпөс керемет Албырып мен мектебимди аттаган Биз ал кезде окуучу Бир партада отурчу Аттиң ошол алтын жолдору Биз ал кезде окуучу Бир мектепте окучу Эстегенде жүрөк толкуду Он бир жылда бир окуган классташым Ошол мектеп, эжейлерим, агайым Баарыңарды эстегенде сагынам Бактылуулук бала күндөр таңшыган Баарыңарды эстегенде сагынам Бактылуулук бала күндөр таңшыган Биз ал кезде окуучу Бир партада отурчу Аттиң ошол алтын жолдору Биз ал кезде окуучу Бир мектепте окучу Эстегенде жүрөк толкуду Биз ал кезде окуучу Бир партада отурчу Аттиң ошол алтын жолдору Биз ал кезде окуучу Бир мектепте окучу Эстегенде жүрөк толкуду Эстегенде жүрөк толкуду
  • Бул дүйнө чындап жалганбы апа Үйрөтчү элең чындыкты гана Көрсө адамдар такшалган тура Куулукту билбей кыйналдым канча Колунда барга жакшы көрүнүп Дарманы жокту түртүп сөгүнүп Э адам чындык пейилиң кайда Көрүп чыдабайм жашым төгүлүп Кошомат кылып бардар адамга Керек да эмес бергениң ага Ошондон көрө байкушка кылсаң Тоюп калбайбы кардысы канча Адам адамды жеген заманбы Адамдык сапат эстен чыкканбы Бир башы үчүн өзгөнү кордоп Өзүмчүл болуп катып калганбы Кедери кетип чиренет баары Акылдуу болуп карыдан жашы Күн чыккан жердин тескейи болуп Кубулуп түрлүү жашап калганбы Чалынып калсаң шылдыңдап күлүп Турайын десең үстүңдөн түртүп Текеберчилик башкарып баарын Ак көңүлдүгүң бечара көрүп Ылгабай баарын адал арамды Кылаарын кылып шылтап заманды Акча дегенде өзүн жоготуп Алдап бир бирин өлүп барабы Зээни кейибей адам өлсө да Темирдей болуп жүрөк капкара Эмнени кылсаң эки эсе кылып Жооп берээр күн бар жашоо тараза Уюмдар чыкты бузуп ааламды Башын айлантып таза адамды Сыйынып отко ташка жансызга Унутуп жарык берген Кудайды Баарын туура деп ар бир тарапты Чындыкты айтпай колдоп жалганды Аалымдарыбыз сыйлаш ордуна Башкасы бүтүп жабып жаланы Кыз кейпин кийген эркек каптады Кайда эр жүрөк Манас урпагы Кыздары бүтүн кетип ыймандан Курманжан эне унутулганбы Оңололучу келчи тууганым Угуп койбостон ушунун баарын Канча жашасак эмне болсок да Адам атын эй сактап калалы Канча жашасак эмне болсок да Адам атын эй сактап калалы
  • Аппак карды жамынып, Алтын аяз тагынып, Жаңы жыл да кирип келди жаңырып. Ак тилектер баарысын, Ийгиликтер курчасын, Жакшы ойлор, максаттар аткарылсын. Бактылуулук шаңы дайым жаңырсын. Кайырма: Ар бир жанга өмүр, бакыт берсин, Кирип келген жаңы жыл. Элибизге тынчтык алып келсин, Куттуу болсун ушул жыл. Ар бир үйгө ырыс, бейкут келсин, Шаңга бөлөп жаңы жыл. Жакшылыктын баарын арнап кетсин, Узап жаткан эски жыл. Кубанычтын жыргалы, Ушул күндө убайы, Баарыбызда болбосун эч муң-кайгы. Жылдын ар бир убагы, Бул өмүрдүн булагы, Маани берип өткөрөлү жылдарды. Амандыкты, жакшылыкты сурайлы. Кайырма:
  • Ар бир Аска-Тооң жериң кенен Куштарың учат жолу менен Экиндикте сенин өз демиң Мейкиндикте бол кыргыз элим! Ала-Тооң таңшып кыргыз жерим Алга жыл кенен келечегиң Тынчтыктын гүлү гүлдөп күндө Өнүгүүдө өскүн мекеним Керилип желегиң желбиреп Жерлериң кеңдикте мемиреп Бөлөнүп элим тынччылыка Көкөлөсүн атың ааламга Ала-Тооң таңшып кыргыз жерим Алга жыл кенен келечегиң Тынчтыктын гүлү гүлдөп күндө Өнүгүүдө өскүн мекеним Көөнөрбө мекеним Кылымдап келгенсиң Көз танбайт эч качан Көркөмдүү зор экениң Улуусуң мекеним Бейиштей кооз жериң Сууларың шаркырап Алгаласын желегиң Ала-Тооң таңшып кыргыз жерим Алга жыл кенен келечегиң Тынчтыктын гүлү гүлдөп күндө Өнүгүүдө өскүн мекеним Ала-Тооң таңшып кыргыз жерим Алга жыл кенен келечегиң Тынчтыктын гүлү гүлдөп күндө Өнүгүүдө өскүн мекеним