Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сулуу»
исполнителя Чынгыз Турдубеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сейилдеп басып көчөдө
Баратат бир кыз өзүнчө
Дарыя чалкып жаткансыйт
Карааны көзгө көрүнсө
Баралбадым, толкундандым
Тааныша албай туталандым
Ажарыңа ашык болуп ызаландым
Көздөрүңдү көрүп сүрдөнүп
Карай албай койдум жүдөнүп
Карыш басып жакындай албай
Аңгыча эле өттүң түзөнүп
Алыстадың менден керилип
Адаштымбы ойдон жеңилип?
Кылчайып бир карап койбодуң
Кете бердиң жалгыз термелип
Серпилип бассаң маралдай
Ысытып күн нур чачкандай
Жайылып кадам таштасаң
Кулпуруп гүлдөр жаткандай

Другие песни исполнителя:

  • Экөөбүз эңсеп күткөн Кезигүүбүз оңунан чыкпады Билбедим эмне себеп Же мага айтпаган сырың барбы? Ажайып ачып турган, бир өзүңө арналган Гүлүмдө күнөө беле? Күтүүдөн тажабадым, көңүлүм калбады Убакыт өтүп жатып, жаңырган күн батты Сезимим күйүп-учуп, үмүтүм сынбады Санааркап сени күтүп, жалооруп гүлүм калды Сунулбай гүлүм калды Күтүүдөн көңүл түшүп Карай берип улам ар бир жакты Келгениме өкүнтүп Түрлүү ойлор улам сабалады Ажайып ачып турган, бир өзүңө арналган Гүлүмдө күнөө беле? Күтүүдөн тажабадым, көңүлүм калбады Убакыт өтүп жатып, жаңырган күн батты Сезимим күйүп-учуп, үмүтүм сынбады Санааркап сени күтүп, жалооруп гүлүм калды Сунулбай гүлүм калды Ажайып ачып турган, бир өзүңө арналган Гүлүмдө күнөө беле? Күтүүдөн тажабадым, көңүлүм калбады Убакыт өтүп жатып, жаңырган күн батты Сезимим күйүп-учуп, үмүтүм сынбады Санааркап сени күтүп, жалооруп гүлүм калды Сунулбай гүлүм калды Сезимим күйүп-учуп, үмүтүм сынбады Санааркап сени күтүп, жалооруп гүлүм калды Сунулбай гүлүм калды
  • Билинбей күндөр узап Сагынычым үмүт менен жол карап Жалындап күйүп-жанат Көңүлдөгү жандырмаксыз табышмак Кезигүүнүн издеп келем айласын Ойлор курчайт таппачудай пайдасын Супсак сымал күңүрт алып айлана Жалгызсырап буулугамын, кайдасың? Тамчылай ак жамгырдай Шаркыраймын көл издеген агымдай Асманда жалгыз куштай Теңселемин шамал соккон булуттай Кезигүүнүн издеп келем айласын Ойлор курчайт таппачудай пайдасын Супсак сымал күңүрт алып айлана Жалгызсырап буулугамын, кайдасың? Кезигүүнүн издеп келем айласын Ойлор курчайт таппачудай пайдасын Супсак сымал күңүрт алып айлана Жалгызсырап буулугамын, кайдасың? Жалгызсырап буулугамын, кайдасың?
  • Бүчүр байлап арзуулардын түрлөрү Кубат алат сезимимдин гүлдөрү Аткарылып мен самаган тилектер Уланса дейм махабаттын күндөрү Аткарылып мен самаган тилектер Уланса дейм махабаттын күндөрү Ай, гүлүм, ай, тура албаймын сагынбай Ай, гүлүм, ай, сырдашсам дейм талыкпай Кубанычым жалындай Келем сага жакындай Көңүл эргийт басылбай Кубанычым жалындай Келем сага жакындай Көңүл эргийт басылбай Сенден угуп махабаттын дабышын Сен деп күйүп, таң булбулдай таңшыдым Таасир берип, жан дүйнөмдө жаркыдың Сенден сезем ак сүйүүнүн маңызын Таасир берип, жан дүйнөмдө жаркыдың Сенден сезем ак сүйүүнүн маңызын Ай, гүлүм, ай, тура албаймын сагынбай Ай, гүлүм, ай, сырдашсам дейм талыкпай Кубанычым жалындай Келем сага жакындай Көңүл эргийт басылбай Кубанычым жалындай Келем сага жакындай Көңүл эргийт басылбай Ай, гүлүм, ай, тура албаймын сагынбай Ай, гүлүм, ай, сырдашсам дейм талыкпай Кубанычым жалындай Келем сага жакындай Көңүл эргийт басылбай Кубанычым жалындай Келем сага жакындай Көңүл эргийт басылбай
  • Өзүң болсоң дагы жанымда Өзүң жок болсоң да жанымда Күйүт күчөй берип арзуумда Сүйүүдөн жүдөдүм Өзүң болсоң дагы жанымда Өзүң жок болсоң да жанымда Күйүт күчөй берип арзуумда Сүйүүдөн жүдөдүм Тынчтанбай жүрөгүм Оорутуп көңүлүм Же башка дүйнөдө Кайсыл жерде жүрөмүн, жүдөдүм Дүр болуп дүнүйөм Качан кутулам күйүттөн Өзүң болсоң дагы жанымда Өзүң жок болсоң да жанымда Күйүт күчөй берип арзуумда Сүйүүдөн жүдөдүм Кол сунсам бактыма Үйүлүп дартым да Ишенбей тагдырга Түшүнө албай келемин кайгыма Дүр болуп дүнүйөм Качан кутулам күйүттөн Өзүң болсоң дагы жанымда Өзүң жок болсоң да жанымда Күйүт күчөй берип арзуумда Сүйүүдөн жүдөдүм Дүр болуп дүнүйөм Качан кутулам күйүттөн Өзүң болсоң дагы жанымда Өзүң жок болсоң да жанымда Күйүт күчөй берип арзуумда Сүйүүдөн жүдөдүм Өзүң болсоң дагы жанымда Өзүң жок болсоң да жанымда Күйүт күчөй берип арзуумда Сүйүүдөн жүдөдүм