Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жүрөгүм»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ала качып каректерди байкап байкап
Таарынгандай кыр саласың алдап алдап
Жүрөгүмдү оорутпачы кыйнап кыйнап
Бир кучак гүл кармап ширин сөздөн тандап
Көңүлүңдү алуу үчүн турам жандап

Кайырма :

Эй таарынганын жагат мага
Тунук сезим жашайт анда
Эркелесең уяң карап
Сен мени байкап

Жүрөгүм жүрөгүм жалгыз өзүң аруу тилегим
Жүрөгүм жүрөгүм бакыт даамын сенден сеземин
Жүрөгүм жүрөгүм билесиң го сени сүйөмүн
Жүрөгүм жүрөгүм жалгыз сенсиң көркү дүйнөмдүн

Өзүң барда канат кагам кенен кенен
Өзгөрүлбөйм маанай ачык сени менен
Жолуктурдум бакыт кушун сезимдерден
Кыялым сен элең жанаштың мен менен
Бир өтөлү сүзүп өтчү деңиздерден

Другие песни исполнителя:

  • Гүл болуп ачылайын, сага карайын, Сезимди барктай алсаң сүйүүм арнайын. Ак куудай апакайым, бир сени тандаймын, Кол кармашып түбөлүк жүргөндү самаймын. Кайырма: Жүрөк толкуп турат, сенден үмүт кылат, Балкып кетип мээримге кайра сүйүү сунат. Айга-күнгө теңеп, көкөлөткүм келет. Махабатты туу тутсак, бизге бакыт берет. Ак куудай бирге болсок сүйүү ак болот, Көңүлдөр болуп куунак, башка бак конот. Жылуу сөз айтсаң мага жүрөгүм козголот. Келечек чачып нурун, кыялдар ойгонот. Кайырма: Жүрөктө сүйүү болсо, кубанып жүзүң жанат, Сезимиң тунук болсо, махабат гүлүн ачат. Кош жүрөк бирге болсо, бакыттын балын татат, Жалгыздык кош айтышса, жакшылык жалын чачат. Кайырма:
  • Бийик болуп Ала-Тоодон бактынар Балдай таттуу суйуу таптынар Конул кушу бири бирин жактырып Кош ак-куудай канат кактынар Тагдыр буйрук ушу куну баш кошуп Той откоруп турган чагынар Келиздер дебей сыйга чакырып Конокторго эшик ачтынар Жар болгула ата-энени сыйлаган Жалпы журттан урмат жыйнаган Жашоонорго ынтымакты каалайбыз Жан болгула суйуп кыйбаган Журогунор махабат деп кагылсын Жузунордон бакыт жагылсын Куда болуп эки тарап достошуп Кубанычтар толкуп агылсын Куттуктайлы эки жашты чин дилден Коломтонор очпой жагылсын Аксакалдардын батасы тийип Алдей уну уйдо жанырсын Жар болгула ата-энени сыйлаган Жалпы журттан урмат жыйнаган Жашоонорго ынтымакты каалайбыз Жан болгула суйуп кыйбаган
  • Залда олтурган сулуулардан бөлүнүп Кара чачың жамгыр сымал төгүлүп Багындырып баратасың сезимди Баардыгынан жакыныраак көрүнүп Кайырма: Айжамал кай жакка кеттиң сен Сулуу жамал Айжамал жүрөктү сыздатпа Сулуу жамал Залда олтурган сулуулардан бөлүнүп Кара чачың маңдайыңа төгүлүп Окуганды бир оокумда токтотуп Ой көлүнө кеткенсийсиң чөмүлүп Залда олтурган сулуулардан бөлүнүп Кара чачың маңдайыңа төгүнүп Карегиңден түпкүрүндө балбылдап Кайсыл жигит сага турат көрүнүп
  • Музыкам сен болдуң, Муз эрип жүрөктөгү. Муңумду таратып, Жылмайып күлөт пери. Эңсетип өзүңдү, Эмне эле күн өтпөдү? Ээлигип жай бербей, Жүрөгүм сүйөт сени. Менин да, Менин да, Менин да сүйүүм ушундай. Сенин да, Сенин да, Сенин да сүйүүң ушундай. Тагдырдын тартуусун, Белегин тосуп бирге. Калалы бек кармап Бакыттын кушун учурбай. Көздөрүң балбылдап Көңүлдүн шам чырагы. Көзүңдүн жарыгын Башкалар мендей туябы? Күлгөнүң шыңгырап, Туптунук тоо булагы. Күмүштөй күлкүңдү Бөлөктөр мендей угабы? Менин да, Менин да, Менин да сүйүүм ушундай. Сенин да, Сенин да, Сенин да сүйүүң ушундай. Тагдырдын тартуусун, Белегин тосуп бирге. Калалы бек кармап Бакыттын кушун учурбай. Менин да, Менин да, Менин да сүйүүм ушундай. Сенин да, Сенин да, Сенин да сүйүүң ушундай. Тагдырдын тартуусун, Белегин тосуп бирге. Калалы бек кармап Бакыттын кушун учурбай.