Казахские песни Узбекские песни

Песня «Айачы»
исполнителя Султан Садыралиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жалбарып жаздан тилегем,
Жазыгым жалгыз билем мен.
Жан музам күүсүн толгойт,
Жандаймын көзүм тойбой,
Жазаңа даярмын мен.

Кызганып кыялым бузба,
Кызыгып куру сөз сузба.
Кылымдан курап берем,
Кыйраса улап берем,
Кызылдын гүлүн терем.

Кайырма:
Аячы, суранам сенден, суранамын,
Өз сүйүүмдү өзүмө кайрып берчи.
Аячы мени, аячы,
Өз сүйүүмдү өзүмө кайрып берчи.

Ойлоном ойдун таңында,
Ойгонсом деймин жаныңда.
Оюнсуз сезимдерим,
От алган кезим менин,
Ой, тобо, оору жедим.
Бактым деп сени тандадым,
Байкабай башка калганын.
Баркына жетеличи,
Байланып кетеличи,
Багынып эртелечи.

Другие песни исполнителя:

  • Ака деген созундон ананайын ай, кыйыгындан кылыктуу караганым ай. Чуну салып бир кезде жан дуйносуно, чубакты да сыздаткан кара жаным ай. Кайырма: Корунушун пахтадай козго тушкон тасмадай. Ай ииииииииии Туштук кызым ай суйкум жузун ай. Кантип турам, кантип турам, кантип турам ай. Жарык нуруум ай, аныксырыым ай. Айланайын колундан ыссык чыныдай. Ош кечиндей корктонгон жарык манайым, тун уйкумду торт болгон анык таалайым, Сулайман тоо сыяктуу, сырымды каткан Ак бурадай озуно агып барайын.
  • Бул дүйнө жалган, адамзат билгин, Заты жок Алладан, улукман бул диндин. Алла мээримдүү, ырайымдуу, кечиримдүү, Ибадат кыл эй пенде, кулусуң сен кимдин, тобо кыл. Кайырма: Ыйык Мухаммед, саллоллоху аллейхи восалам, Мухаммед элчи кылган Аллам. Эй момундар, баарыңар Алла Таалага, Момундар силер тобо кылгыла, Аллага тобо кылгыла. Пайгамбар Мухаммед, аллей хи восалам, Эй момундар намаз диндин тиреги деп айткан. Амалдар ниетке жараша экен акыйкатта, Адалдуу, амал кыл, эй пенде, адашпа. Парзы болгон жүрөктү н, калканы бул орозо, Туткун пенде жүрөгүңө, ыймандын нуру толбосо. Болсун десең таптаза, жүрөктө гү авазды, Эринбегин мусулман, окуп беш маал намазды. Жан дүйнөмдү азгырат, арзыбаган дүнүйөм, Алаксытып жазгырат, ыйман куту кетип үйүмө н. Оо, жараткан, кечиргин, ырдап турган пендеңди, Таазим этем алдыңда, оозума алып келмемди.