Казахские песни Узбекские песни

Азербайджанские народные песни

Народные

Азербайджанские народные песни
  • Ар бир Аска-Тооң жериң кенен Куштарың учат жолу менен Экиндикте сенин өз демиң Мейкиндикте бол кыргыз элим! Ала-Тооң таңшып кыргыз жерим Алга жыл кенен келечегиң Тынчтыктын гүлү гүлдөп күндө Өнүгүүдө өскүн мекеним Керилип желегиң желбиреп Жерлериң кеңдикте мемиреп Бөлөнүп элим тынччылыка Көкөлөсүн атың ааламга Ала-Тооң таңшып кыргыз жерим Алга жыл кенен келечегиң Тынчтыктын гүлү гүлдөп күндө Өнүгүүдө өскүн мекеним Көөнөрбө мекеним Кылымдап келгенсиң Көз танбайт эч качан Көркөмдүү зор экениң Улуусуң мекеним Бейиштей кооз жериң Сууларың шаркырап Алгаласын желегиң Ала-Тооң таңшып кыргыз жерим Алга жыл кенен келечегиң Тынчтыктын гүлү гүлдөп күндө Өнүгүүдө өскүн мекеним Ала-Тооң таңшып кыргыз жерим Алга жыл кенен келечегиң Тынчтыктын гүлү гүлдөп күндө Өнүгүүдө өскүн мекеним
  • Ай-ий, Манас ата калтырган бул белеги, Ой-ий, Мекен үчүн чептей туруп берели. Ай-ий, элине тийген кереги, Ой-ий, урпактар өссүн береги. Ай-ий, жүрөгүң арнап бергин сен элиңе, Ой-ий, гүлдөтүп булак болуп бер жериңе. Ай-ий, күч кошуп элдин демине, Ой-ий, алдыга умтул темине. Ай-ий, кыргыздын элин даңктайлы! Ой-ий, кылымга аны сактайлы!
  • Эне тилим, кылымдарды карыткан, Ата-бабам сактап келген, Өчүрбөгөн тарыхтан. Байыртадан келген, Залкар элим берген. Кайырма: Кыргыз тилим, ата-бабам сүйгөн, Кыргыз тилим, Манас баатыр күйгөн. Кыргыз тилим, улутумдун жүзү, Адабияттын көзү – кыргыз тилим. Эне тилди унутпай, Сүйлөйлүчү, кыргыздар. Сакташ керек кеч боло элек, Тилин сүйгөн уул-кыз бар. Нечен кылым көргөн, Орун алсын төрдөн. Кайырма: