Казахские песни Узбекские песни

Малика Дина.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Малика Дина

  • Ошол түндөн бери, Оорудум эңсеп сени, От болуп,жанып жалындап Ооба,сыйкыр сыр бар, Ок жеген марал сымал, Оргуштап сезим балбылдап. Майда,майда, демиң сенин, Магдыратып барат мени, Өзүң билип,неге сезбейсиң эээй. Бирде жанып,бирде тоңуп, Махабаттан майып болдум, Өчүң бардай неге эзесиң. Кайырма Майда,майда, демиң сенин, Магдыратып барат мени, Өзүң билип,неге сезбейсиң Бирде жанып,бирде тоңуп, Махабаттан майып болдум, Өчүң бардай неге эзесиң. Кайдан жолуктурдум, Кайгыга жолум бурдум, Кантейин эми кантемин. Тиктеп көздөрүңө, Тизилген сөздөрүңө, Тирүүлөй күйүп кетемин. Кайырма Майда,майда, демиң сенин, Магдыратып барат мени, Өзүң билип,неге сезбейсиң Бирде жанып,бирде тоңуп, Махабаттан майып болдум, Өчүң бардай неге эзесиң. Майда,майда, демиң сенин, Магдыратып барат мени, Өзүң билип,неге сезбейсиң эээй. Бирде жанып,бирде тоңуп, Махабаттан майып болдум, Өчүң бардай неге эзесиң.
  • Мен ойлоймун адашпадым, таптым деп, Махабаттын дайрасына түшүп сага актым деп. Эч ким билбес жүрөгүмдө бир жан бар, Ошол сезим балдай ширин, таза бактым деп. Айрыбагын, тагдыр, ушул бактыман, Жалганы жок жанып бүткөн бактыдан, Мендеги сезимдеги самап бүткөн бактыман. Кубанамын кыялымда жүрсөң да, Көзүң ирмеп жылмайып мага күлсөң да Мага күлсөң да… Айрыбагын, тагдыр, ушул бактыман, Жалганы жок жанып бүткөн бактыдан, Мендеги сезимдеги самап бүткөн бактыман. Эч ким билбейт, жүрөгүмдө муңум бар, Бир сырым бар… Жан адам сезбеген, ардагым, сага, Махабатым бар, махабатым бар. Айрыбагын, тагдыр, ушул бактыман, Жалганы жок жанып бүткөн бактыдан, Мендеги сезимдеги самап бүткөн бактыман.
  • Түйүнүн тапчу элем түркүн сырдын Табышмак жылмаюуңа неге сындым? Сыйкырлап койдуң окшойт көңүлүмдү Жөн жүргөн жүрөгүмдү эмне кылдың? Ойлорум сага, Кыялым сага, Жан дүйнөм сага, сага Сен жака барам Ойлоймун сен деп, Кыйналам сен деп Жан дүйнөм сен деп күйүп жанат Болотко бул жөнүндө, жазса баян Түшүмдө сен жөнүндө келген аян Сүрдөтүп сүрдөбөгөн жан элем го Карасаң көздөрүңдөн неге таям? Ойлорум сага, Кыялым сага, Жан дүйнөм сага, сага Сен жака барам Ойлоймун сен деп, Кыйналам сен деп Жан дүйнөм сен деп күйүп жанат
  • Кең дүйнөдөн кезиктим сага Тагдыр буйруп жолуктуң мага. Асманымда ак жылдыз жанып, Сен бар үчүн күндөрүм жарык. Кайырма: Карегимде жашап алдың менин. Карааныңды күндө көрсөм деймин Арзыдым сага Көңүлүмдү ээлеп алдың менин Көздөрүңдү күндө көрсөм деймин Ашыкмын сага Өзүң барда жүрөгүм күлөт. Көздөрүңдү, көздөрүм сүйөт. Эркелейин бул күндөр белек Бактым сага башымды жөлөп.
  • Сезимдердин мейкин талаасында, Сан жетпеген жылдыз арасында. Канат күүлөп учам, кучагыма кысам кыялымда. Эрке желдей сызам, эргип бийик булуттарга. Кайырма: Көздөрүмө кумар, Көңүлүмө тумар, издеп келемин, Билбей себебин. Ыйык сезимдин гүлүн теремин, Сени келер деп, күтө беремин, Айтчы себебин. Сени ойлоп турам жалгыз кечте, «Сүйөм» деген сөзүң дайым эсте. Тагдыр бизди кошсо, Бакыт кол созом келечекке, Баалай турган кезим, Бал татыган таттуу сезимимди берсе.
  • Карай албай көздөрүңду, Карегинден, ала качам. Кармай албай бүт эркимди, Эңсеп, самап сага барам Баш ийкеп , салам айтып Өтөм ар качан Кайырма: Кызганамын! Мен ар бир көздөн сен кабылган, Мен ар бир түндөн сен жамынган! Мен кызганам, мен күйүп кызганам! Убарамын! Мен санааларга батып келем, Мен сапарындан калбас белем ! Сен кымбатым, кыйбасым элең ! Байкабайсын көздөрүмдү Айтып турган, сүйом деген Башкаларга күйүп , жанып Нурдан бүткөн, өзүң менен Билбейм бул тагдырымды Жазган ким менен?
  • Гүл болуп ачылайын, сага карайын, Сезимди барктай алсаң сүйүүм арнайын. Ак куудай апакайым, бир сени тандаймын, Кол кармашып түбөлүк жүргөндү самаймын. Кайырма: Жүрөк толкуп турат, сенден үмүт кылат, Балкып кетип мээримге кайра сүйүү сунат. Айга-күнгө теңеп, көкөлөткүм келет. Махабатты туу тутсак, бизге бакыт берет. Ак куудай бирге болсок сүйүү ак болот, Көңүлдөр болуп куунак, башка бак конот. Жылуу сөз айтсаң мага жүрөгүм козголот. Келечек чачып нурун, кыялдар ойгонот. Кайырма: Жүрөктө сүйүү болсо, кубанып жүзүң жанат, Сезимиң тунук болсо, махабат гүлүн ачат. Кош жүрөк бирге болсо, бакыттын балын татат, Жалгыздык кош айтышса, жакшылык жалын чачат.
  • Бүгүн мен сени эстедим, сени эстедим, Жолуксам айтып берем себептерин. Жаштыгым кеткичекти, өмүрүм өткүчөктү, Бул сезим аба-суудай керек дедим. Өрттөдүң жүрөгүмдүн бары-жогун, Жолу бар кантип аны дарылоонун. Айыкпайм башкалардан, жок калды башка аргам, Билемин сенден бөлөк дары жогун. Билбеймин кайдан сени табарымды, Билдирип койсоң боло кабарыңды. Көз албай тиктесем дейм, Ыр жазып бүтпөсөм дейм, Сагындым, жароокерим, жамалыңды…
  • Сыйкырлап бүт сезимди Каректериң көлбү же кең деңизби Эңсеген кыялымдагы Махабатым сен мага эми келдиңби Сыйкырдуу көз карашың Жүрөгүмдүн таптыбы бир айласын Арбалып баратам мен Айтчы жаным жүрдүң эле деги кайда сен Кайырма: Өмүрдө издеп жүргөн менин теңим сен белең Тартуулап ак сүйүүндү жаным мага берсең Күткөнмүн мен да сени көпкө асылым эркем Аздектеп ак сүйүүндү эми өзүңө берем Бир өзүңө берем Аярлуу гүл дүйнөмдүн Багбаны сен болуп мен сүйгөнүм Гүл ачып жан дүйнөмдө Түбөлүк бактылуу өмүр сүрөйүн Байырлап жүрөгүмдү Жаным сен гүлдөтчү күндөрүмдү Бир согуп жүрөгүбүз Кош канаттай бактылуу жүрөлу биз
  • Сага байланган жолум ачылган асмандай Бекем кармаган колуң аткарылган армандай Ар бир сөзүң акыйкаттын өзү Жүрөгүмдөсүң, гүлдөр гүлдөгөнсүп! Ар күн сайын меники деп мактанайын Мен бакытымды тапкан айым Сен убакытың арнап дайым, Балапанын баккандай Сен меники деп мактанайын Мен бакытымды тапкан айым! Сен убакытың арнап дайым Кайырма Сага байланган жолум ачылган асмандай Бекем кармаган колуң аткарылган армандай Өмүр бою издеп жүрүп келип эми тапкан Мага тийген күнүм болдуң нурун берип жаткан Элестетсең тээ убактан Эң биринчи адамым кадимкидей эле жаккан Сени сүйүп калдым дубалап алгандай! Сүйбөсөм убалга калгандай Сопсонун билем эгерде сага жетпесем, Ойлор адашып барып дубалга кадалмай Сабырымдай салкыным Жүрөгүмдүн жарымындай алтыным Күндөрүмдүн тарыхындай бардыгың Мен үчүн чексиз бакыт Сабырымдай салкыным Жүрөгүмдүн жарымындай алтыным Күндөрүмдүн тарыхындай бардыгың Бул бакыт Кайырма Сага байланган жолум ачылган асмандай! Бекем кармаган колуң аткарылган армандай
  • Жашап сезимимде Жайнап карегимде Эргүү болуп дайыма Көңүлүмдө жүрөсүң Эркелейин сага улам Деңиздей мен толкуп турам Жүрөгүмдөн сага ишенем Сен менен бакытты курам Кайрыма: Өмүрдөн белек мага Жолуктум жаным сага Арзыган ар бир таңга Ак сүйүү азык жанга Кайырма Жаным , жаным менин Жашыл жазым сенсиң Бакыт болуп чексиз мага Ойлорумда жүрөсүң Сагынам неге неге, неге Жанында сени турсам деле Көңүлүмдү байлап алган ай Көздөрүңдө нур бар беле
  • Сага арнап жакшы ыр жазгым келип жүрөт, Санага сагынычка эй батып жүрөм. Жүзүндө мөлтүрөгөн жарокерин, Жүзөгө ашар бекен аруу тилек ооо. Толкуса көнүлүнүз иии мени самап ооой, Тор жайган балыкчыдай иии көлдү карап оо. Токтосуз чалынсам дейм оо торунузга, Мен болуп сиз энсеген. Мен болуп сиз энсеген алтын чабак. Омүрдүн өтчү кезии, ии өткөн кезде, Откөрлү көз айлымдан ии өчкөн кезде. Озөгө чок таштадын өчпөй турган, Орук зар гүлүн төгүп токкон кезде оо. Армандын ачуу дамын ии ким татпаган оо, Ашыктык калосунаа ии ким батпаган оо. Айыкпас оору болдуу ии таппай жүрүп, Сиз берген жылуулукту, Сиз берген жылуулукту мен башкадан. Арбалып ай жүзүнөө алда качан, Айрылбай элесиндей ии бассам турсам. Тумшалган толкун болду бир өзүнө, Айперим чыгарып ал боору оруса. Жодурап карап койуп ии бирибизге оой, Жол таппай жүрүптүрбүз ии дилибизде оой. Ак сүйүү нурун чачаты иии мына бүгүн, Жашыбыз тоскол болбой, Жашыбыз тоскол болбой эми бизге.
  • Мезгилинде ойго албай, Жөлөгүбүз боло албай. Мен периште кезимдеги элесиң бар, атакебай. Эрке кызың эстебей, Өмүр жолдо жетелебей. Бул жалганда атакем ай, Барсың бирок, элесте ай. Кайырма: Атакем менин, дүйнөдө сенин, Бар үчүн демиң, жакшы көрөм. Бар үмүтүбүз, билсең өзүңсүз, Күйүп-жанды атакебай. Жылдар өтүп бой жеттим. Мен да бешик терметтим. Биздин бирок тирегибиз, Келбейт күтпөйм, издедим. Кайырма: Атакем менин, дүйнөдө сенин, Бар үчүн демиң, жакшы көрөм. Бар үмүтүбүз, билсең өзүңсүз Күйүп-жанды атакебай. Атакем менин, дүйнөдө сенин, Бар үчүн демиң, жакшы көрөм. Бар үмүтүбүз, билсең өзүңсүз Күйүп-жанды атакебай. Кайырма:
  • Көзүңдү ирмеген, махабат из менен, Күндөрүмдөн, түндөрүмөн, издегем Жолугуп жаным ай, жоготуп алдым ай Кайрадан жанбаган жылдыздай Айтпадын кабарын, мен кайдан табамын Жалгызым ай, сагындым ай, жамалың Припев: Сагынам кайдасың? Мен билбеген жайдасың Сагынам кайдасың? Колум жетпес жайдасын Жылдыздар жанашып, өзүңсүз таң атып Ал ансайын алыстадың адашып Айлуу кеч түнүмдү, бир жүргөн күнүмдү Ыйык сакта эч унутпа сүйүүмдү Кези келсе анда, кезигербиз кайра Менден жашын, сүйүүдөң сен жашынба.
  • Көлдүн жээги, бирге басып салкындап, Жайдар мүнөз, жаз күнүндөй жаркылдап. Жумшак шамал бетти аймалап сыласа, Майда толкун жээкке урунуп шарпылдап. Кошкун дедиң көпкө чейин кол булгап, Кете бердим пароходдо калкылдап. Эми алысмын куса болуп сагынып, Бирок дагы бирге жүрөт тамашаң. Түбөлүктүү, өмүрүмдүн шериги, Сени сүйүп, жалгыз сени жаратат. Ашыктыгым ого бетер артылат, Сагынганда сүрөтүңө карасам. Ар бир кыял, мүнөздөрүң көңүлдө, Унутпастан ойлойм өзүң жөнүндө. Сары алтын түбү келип сабырдын, Сагынуумдун зардабына жеңилбе. Аз күн калды жолугушчу убакыт, Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде.
  • Жайлоонун төрү кенен, Өрдөсө өрү кенен. Өзөндү бойлоп барат, Бир жигит кызы менен. Жарк этсе кокус чагылган, Жигити сылап чачынан, Кызды сүйдү. Дыбыр, дыбыр, Жаады го жамгыр. Шыбыр, шыбыр, Айтылды го сыр, ачылды го сыр, Чачылды го сыр. Бул махабат, жаралды махабат, Бул махабат, бул ыйык махабат. Бул махабат, жаралды махабат, Бул махабат, бул ыйык махабат. Шаарымдын өзү кенен, Аралайт сүйүү деген. Көчөнү бойлоп барат, Бир жигит кызы менен. Жарк этсе кокус чагылган, Жигити сылап чачынан, Кызды сүйдү. Дыбыр, дыбыр, Жаады го жамгыр. Шыбыр, шыбыр, Айтылды го сыр, ачылды го сыр, Чачылды го сыр. Бул махабат, жаралды махабат, Бул махабат, бул ыйык махабат. Бул махабат, жаралды махабат, Бул махабат, бул ыйык махабат.
  • Бул өмүрдүн жаңыргандай жазгыры Жарашкандай мезгилдериң аздыгы Ай жылдыздар жаным жарыгы Бул музыка бар жашоо аздыгы Жакшы манай жакындарга сунарым Буну жакшы жазып тургандай кумарым А сен мени айдай угарым Бул музыка бар менин тумарым Дайым жаңырып турса дагы Ал жанымда мени сени Тумарын болуп турар ал музыка Музыка менен сүйүү дайым Унуталы кайгы барын Музыка менен сүйүү Жаңырсын бизде дайым Ардайым Өтсө дагы өмүрүмдүн жылдары Өчпөй калат анан бир ырлары Ак сүйүүбүздү ачкан сырлары Чертилгендей жүрөктүн кылдары Өзгөчө бир өмүрүмдүн ыргагы Сезип келем сезимдеримдин жыргалын Ар дайым тымбай угарым Бул музыка жан дүйнөм тумарым
  • Жар болгом нике буюруп түбөлүк, Кош жүрөк ынтымакка бөлөнүп. Улуулар жолун жолдоп биз дагы, Жашайлы, жашайлы ынтымакка бөлөнүп. Кайырма: Суранам, суранам, Тагдыр, бизди түбөлүк, Айрыба, айрыба, Бирге өмүр сүрөлү. Биз эми экөө эмес, бирөөбүз, Анткени азыр бир үй-бүлөбүз. Өтөлү, өтөлү эриш-аркак сыйлашып, Кут болсун, кут болсун ак никебиз түбөлүк. Кайырма: Суранам, суранам, Тагдыр, бизди түбөлүк, Айрыба, айрыба, Бирге өмүр сүрөлү. Бүгүн той, курбу-курдаш ырдасын, Бий бийлеп кубанышсын, жыргасын. Ушул күн, ушул күн ыйык бизге ар дайым, Жар болуп, жар болуп жактырганым кыйбасым.