Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кымбатым»
исполнителя Малика Дина.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Карай албай көздөрүңду,
Карегинден, ала качам.
Кармай албай бүт эркимди,
Эңсеп, самап сага барам
Баш ийкеп , салам айтып
Өтөм ар качан
Кайырма:
Кызганамын!
Мен ар бир көздөн сен кабылган,
Мен ар бир түндөн сен жамынган!
Мен кызганам, мен күйүп кызганам!
Убарамын!
Мен санааларга батып келем,
Мен сапарындан калбас белем !
Сен кымбатым, кыйбасым элең !
Байкабайсын көздөрүмдү
Айтып турган, сүйом деген
Башкаларга күйүп , жанып
Нурдан бүткөн, өзүң менен
Билбейм бул тагдырымды
Жазган ким менен?

Другие песни исполнителя:

  • Мезгилинде ойго албай, Жөлөгүбүз боло албай. Мен периште кезимдеги элесиң бар, атакебай. Эрке кызың эстебей, Өмүр жолдо жетелебей. Бул жалганда атакем ай, Барсың бирок, элесте ай. Кайырма: Атакем менин, дүйнөдө сенин, Бар үчүн демиң, жакшы көрөм. Бар үмүтүбүз, билсең өзүңсүз, Күйүп-жанды атакебай. Жылдар өтүп бой жеттим. Мен да бешик терметтим. Биздин бирок тирегибиз, Келбейт күтпөйм, издедим. Кайырма: Атакем менин, дүйнөдө сенин, Бар үчүн демиң, жакшы көрөм. Бар үмүтүбүз, билсең өзүңсүз Күйүп-жанды атакебай. Атакем менин, дүйнөдө сенин, Бар үчүн демиң, жакшы көрөм. Бар үмүтүбүз, билсең өзүңсүз Күйүп-жанды атакебай. Кайырма:
  • Биздин сүйүүгө бир болуп оюбуз, А бирок билем башка жолубуз. Мага күлгөнүң сүйүү гүлдөрүм ушул дүйнөнүн, Күлүп жүргөнүм сени сүйгөнүм Жүрөгүм сенин жүрөгүң. Кайырма: А бирок кайда? Жүрогүңдө мен , жүрөгүмдө Сен Айлабыз жок бир , боло албайбыз биз Жүрөгүң башкада Жазган тагдырга, Ойлонуп кайра кайра Издеймин таппай айла Бактым дейм өзүң барда Айтылбас арман, биздин ак сүйүүбүз, Сагыныч менен, түнү күнүбүз. Көздөрүң менде меники сенде, Сыздадык неге, Кыйналдык неге келбей чечимге, Элестер жашап сезимде.
  • Сага байланган жолум ачылган асмандай Бекем кармаган колуң аткарылган армандай Ар бир сөзүң акыйкаттын өзү Жүрөгүмдөсүң, гүлдөр гүлдөгөнсүп! Ар күн сайын меники деп мактанайын Мен бакытымды тапкан айым Сен убакытың арнап дайым, Балапанын баккандай Сен меники деп мактанайын Мен бакытымды тапкан айым! Сен убакытың арнап дайым Кайырма Сага байланган жолум ачылган асмандай Бекем кармаган колуң аткарылган армандай Өмүр бою издеп жүрүп келип эми тапкан Мага тийген күнүм болдуң нурун берип жаткан Элестетсең тээ убактан Эң биринчи адамым кадимкидей эле жаккан Сени сүйүп калдым дубалап алгандай! Сүйбөсөм убалга калгандай Сопсонун билем эгерде сага жетпесем, Ойлор адашып барып дубалга кадалмай Сабырымдай салкыным Жүрөгүмдүн жарымындай алтыным Күндөрүмдүн тарыхындай бардыгың Мен үчүн чексиз бакыт Сабырымдай салкыным Жүрөгүмдүн жарымындай алтыным Күндөрүмдүн тарыхындай бардыгың Бул бакыт Кайырма Сага байланган жолум ачылган асмандай! Бекем кармаган колуң аткарылган армандай
  • Жайлоонун төрү кенен, Өрдөсө өрү кенен. Өзөндү бойлоп барат, Бир жигит кызы менен. Жарк этсе кокус чагылган, Жигити сылап чачынан, Кызды сүйдү. Дыбыр, дыбыр, Жаады го жамгыр. Шыбыр, шыбыр, Айтылды го сыр, ачылды го сыр, Чачылды го сыр. Бул махабат, жаралды махабат, Бул махабат, бул ыйык махабат. Бул махабат, жаралды махабат, Бул махабат, бул ыйык махабат. Шаарымдын өзү кенен, Аралайт сүйүү деген. Көчөнү бойлоп барат, Бир жигит кызы менен. Жарк этсе кокус чагылган, Жигити сылап чачынан, Кызды сүйдү. Дыбыр, дыбыр, Жаады го жамгыр. Шыбыр, шыбыр, Айтылды го сыр, ачылды го сыр, Чачылды го сыр. Бул махабат, жаралды махабат, Бул махабат, бул ыйык махабат. Бул махабат, жаралды махабат, Бул махабат, бул ыйык махабат.