Казахские песни Узбекские песни

Песня «Saga bailangan»
исполнителя Малика Дина.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сага байланган жолум ачылган асмандай
Бекем кармаган колуң аткарылган армандай
Ар бир сөзүң акыйкаттын өзү
Жүрөгүмдөсүң, гүлдөр гүлдөгөнсүп!
Ар күн сайын меники деп мактанайын
Мен бакытымды тапкан айым
Сен убакытың арнап дайым,
Балапанын баккандай
Сен меники деп мактанайын
Мен бакытымды тапкан айым!
Сен убакытың арнап дайым
Кайырма
Сага байланган жолум ачылган асмандай
Бекем кармаган колуң аткарылган армандай
Өмүр бою издеп жүрүп келип эми тапкан
Мага тийген күнүм болдуң нурун берип жаткан
Элестетсең тээ убактан
Эң биринчи адамым кадимкидей эле жаккан
Сени сүйүп калдым дубалап алгандай!
Сүйбөсөм убалга калгандай
Сопсонун билем эгерде сага жетпесем,
Ойлор адашып барып дубалга кадалмай
Сабырымдай салкыным
Жүрөгүмдүн жарымындай алтыным
Күндөрүмдүн тарыхындай бардыгың
Мен үчүн чексиз бакыт
Сабырымдай салкыным
Жүрөгүмдүн жарымындай алтыным
Күндөрүмдүн тарыхындай бардыгың
Бул бакыт
Кайырма
Сага байланган жолум ачылган асмандай!
Бекем кармаган колуң аткарылган армандай

Другие песни исполнителя:

  • Бак-дарак гүлдөп гүлүн ачкан, Алма-өрүк аппак гүлүн чачкан. Сагындым жыпар айыл кечин, Кызарып ысык күндүн баткан. Чымчыктарым сулуу чырылдашкан, Агарып таң чыгыш жактан. Сагындым айыл аппак таңын, Күн нурун жерге жылуу чачкан. Кайырма: Ташкыны дайралардын, Күкүктүн сайраганы. Кызгалдак талаа, түздө, Кызарып жайнаганы. Кар кетип, суулар ташып аккан, Чөп чыгып, күн нурун чачкан. Сагындым жашыл көктөм жазын, Кызарып тоого күндүн баткан. Бак-дарак гүлдөп гүлүн ачкан, Алма-өрүк аппак гүлүн чачкан. Сагындым жыпар айыл кечин, Кызарып ысып күндүн баткан.
  • Жар болгом нике буюруп түбөлүк, Кош жүрөк ынтымакка бөлөнүп. Улуулар жолун жолдоп биз дагы, Жашайлы, жашайлы ынтымакка бөлөнүп. Кайырма: Суранам, суранам, Тагдыр, бизди түбөлүк, Айрыба, айрыба, Бирге өмүр сүрөлү. Биз эми экөө эмес, бирөөбүз, Анткени азыр бир үй-бүлөбүз. Өтөлү, өтөлү эриш-аркак сыйлашып, Кут болсун, кут болсун ак никебиз түбөлүк. Кайырма: Суранам, суранам, Тагдыр, бизди түбөлүк, Айрыба, айрыба, Бирге өмүр сүрөлү. Бүгүн той, курбу-курдаш ырдасын, Бий бийлеп кубанышсын, жыргасын. Ушул күн, ушул күн ыйык бизге ар дайым, Жар болуп, жар болуп жактырганым кыйбасым.