Казахские песни Узбекские песни

Песня «Суранам»
исполнителя Малика Дина.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жар болгом нике буюруп түбөлүк,
Кош жүрөк ынтымакка бөлөнүп.
Улуулар жолун жолдоп биз дагы,
Жашайлы, жашайлы ынтымакка бөлөнүп.

Кайырма:
Суранам, суранам,
Тагдыр, бизди түбөлүк,
Айрыба, айрыба,
Бирге өмүр сүрөлү.

Биз эми экөө эмес, бирөөбүз,
Анткени азыр бир үй-бүлөбүз.
Өтөлү, өтөлү эриш-аркак сыйлашып,
Кут болсун, кут болсун ак никебиз түбөлүк.

Кайырма:
Суранам, суранам,
Тагдыр, бизди түбөлүк,
Айрыба, айрыба,
Бирге өмүр сүрөлү.

Бүгүн той, курбу-курдаш ырдасын,
Бий бийлеп кубанышсын, жыргасын.
Ушул күн, ушул күн ыйык бизге ар дайым,
Жар болуп, жар болуп жактырганым кыйбасым.

Другие песни исполнителя:

  • Сага байланган жолум ачылган асмандай Бекем кармаган колуң аткарылган армандай Ар бир сөзүң акыйкаттын өзү Жүрөгүмдөсүң, гүлдөр гүлдөгөнсүп! Ар күн сайын меники деп мактанайын Мен бакытымды тапкан айым Сен убакытың арнап дайым, Балапанын баккандай Сен меники деп мактанайын Мен бакытымды тапкан айым! Сен убакытың арнап дайым Кайырма Сага байланган жолум ачылган асмандай Бекем кармаган колуң аткарылган армандай Өмүр бою издеп жүрүп келип эми тапкан Мага тийген күнүм болдуң нурун берип жаткан Элестетсең тээ убактан Эң биринчи адамым кадимкидей эле жаккан Сени сүйүп калдым дубалап алгандай! Сүйбөсөм убалга калгандай Сопсонун билем эгерде сага жетпесем, Ойлор адашып барып дубалга кадалмай Сабырымдай салкыным Жүрөгүмдүн жарымындай алтыным Күндөрүмдүн тарыхындай бардыгың Мен үчүн чексиз бакыт Сабырымдай салкыным Жүрөгүмдүн жарымындай алтыным Күндөрүмдүн тарыхындай бардыгың Бул бакыт Кайырма Сага байланган жолум ачылган асмандай! Бекем кармаган колуң аткарылган армандай
  • Сыйкырлап бүт сезимди Каректериң көлбү же кең деңизби Эңсеген кыялымдагы Махабатым сен мага эми келдиңби Сыйкырдуу көз карашың Жүрөгүмдүн таптыбы бир айласын Арбалып баратам мен Айтчы жаным жүрдүң эле деги кайда сен Кайырма: Өмүрдө издеп жүргөн менин теңим сен белең Тартуулап ак сүйүүндү жаным мага берсең Күткөнмүн мен да сени көпкө асылым эркем Аздектеп ак сүйүүндү эми өзүңө берем Бир өзүңө берем Аярлуу гүл дүйнөмдүн Багбаны сен болуп мен сүйгөнүм Гүл ачып жан дүйнөмдө Түбөлүк бактылуу өмүр сүрөйүн Байырлап жүрөгүмдү Жаным сен гүлдөтчү күндөрүмдү Бир согуп жүрөгүбүз Кош канаттай бактылуу жүрөлу биз