Казахские песни Узбекские песни

Новогодние песни на азербайджанском

Новогодние

Новогодние песни на азербайджанском языке
  • Кыш келди, аппак кардай сүйүү келсе, Сүрдөнүп сүйкүмдүү кыз ырдап берсе. Ыр менен мага болгон ак сүйүүсүн, Аяздуу аппак карда айтып берсе, жакшы нерсе. Кел, достор, бийлейличи Жаңы жылда, Бул күндөр эсте калсын бир кылымга. Жаңы жыл, жаңы майрам, тунук сүйүүм, Кош болгун, кош дей албайм бала күнүм. Досторум бул кечеде ырдайт эркин, Кыздарга сөз айта албай алар эрип. Кучактап өбөт беттен, бирок тойбойт, Убакыт өтпөсө деп жигит ойлойт, кыздар болбойт. Жаңы жыл, жаңы майрам, тунук сүйүү, Кош болгун, кош дей албайм бала күнүм. Кел, достор, бийлейличи Жаңы жылда, Бул күндөр эсте калсын бир кылымга.
  • Жыл тосуп, жыл узатып, Чыккан күн кайра батып, Убакыт — зымырык куш, Негедир барат шашып. Мынакей Жаңы жыл да, Мээримин төгүп келди. Тазартып көңүлдөрдү, Агартып тоону жетти. Кайырма: Сезимдин жарык таңы, Жыл жаңы, көңүл жаңы. Жүрөктү толкундаткан, Жаңы жыл келди дагы. Бакыттын жылы болуп, Ачылсын элдин багы. Апабыз сүйүү берсин, Сага да, мага дагы. Белекте бейпилчилик, Кубаныч, күлкү менен. Элиме ырыскы бер, Койнуңду ачып кенен. Жарык чачкан Жаңы жыл, Сага арнап ырдайбыз ыр. Жакшы тилек, жакшы үмүт Ала келгин Жаңы жыл. Кайырма:
  • Аппак карды жамынып, Алтын аяз тагынып, Жаңы жыл да кирип келди жаңырып. Ак тилектер баарысын, Ийгиликтер курчасын, Жакшы ойлор, максаттар аткарылсын. Бактылуулук шаңы дайым жаңырсын. Кайырма: Ар бир жанга өмүр, бакыт берсин, Кирип келген жаңы жыл. Элибизге тынчтык алып келсин, Куттуу болсун ушул жыл. Ар бир үйгө ырыс, бейкут келсин, Шаңга бөлөп жаңы жыл. Жакшылыктын баарын арнап кетсин, Узап жаткан эски жыл. Кубанычтын жыргалы, Ушул күндө убайы, Баарыбызда болбосун эч муң-кайгы. Жылдын ар бир убагы, Бул өмүрдүн булагы, Маани берип өткөрөлү жылдарды. Амандыкты, жакшылыкты сурайлы. Кайырма:
  • Аппак кар себелеп, Кыш дагы бир керемет, Жолдор музга айланат, Сен аны басып тайып чалынба. Кышка ачуу кармап таарынба. Чана тебип бийикте, Маанайыңды бийиктет сен, Жылуу тонду кийип теп, Тоңбой муздак кыштын карында, Күтсөң кирип келет жакында, Келсин Жаңы жылым, Аппак сыйкыр кышта. Тынчтык болсун жеримде, Келсин Жаңы жылым. Биз күткөн, кечикпестен, Келсин Жаңы жылым. Эски жылды узатып, Жаңы жылга аттандык биз. Максаттарың ишке ашсын, Кирип келген Жаңы жылында. Жүргүн дайым күлүп, жымыңдап, Туугандарды чогултуп, Достор менен жолугуп биз, Үйгө толуп белектер, Кирип келет биздиң Жаңы жыл. Шаңдуу майрам, сонун себепкер. Келсин Жаңы жылым, Алтын кыргыз жерине. Тынчтык болуп ар дайым, Келсин Жаңы жылым. Биз күткөн, кечикпестен, Келсин Жаңы жылым.
  • Бир аз эшик суук, бирок жүрөктө жылуу, Турамын кар үстүндө мен музыка угуп. Элдерди карасам баары шашылат, Карысы да жашы да жана тайгаланган машина. Бул кыш мезгил Африкада күтпөгөн, Жылмаюну алыстатып кабактарды бүркөгөн. Карапайым калкты кыйнап убараны жүктөгөн, Музга айлантып айлананы көрүнгөнсүйт бүтпөгөн. Аны көзгө алба, бул да кайгыга салбайт, Ишембиге даярданып досторуң менен камдан. Салтка калган көнүгүү, лыжа менен өнүгүү, Аппак болуп жердин бети кыштын сыйкыр бөлүгү. Эгер кар көп жааса, өзүң жалгыз калсаң,токтогонсуйт өмүрүң… Жылытсын музыкам жанды, жүгүртүп тамырдан канды. Чыдап кой сен бир аз калды, жаз да келет көрүнүп. Кайырма: Жаңы жыл келсин, жанып бүтпөгөн, Жарык жүктөгөн элиме, Ар бир үйгө кут толуп, Жаңыласын бүт толук жериме. Көлдүн үстү көк муз жылгаяк, Азыр бештин айы, жыл аяк. Жаңы жыл, элим кайра жылмаят, Ар бир үйдө таттуу мандарин, ыр майрам. Көлдүн үстү көк муз жылгаяк, Азыр бештин айы, жыл аяк. Мени карап кыргыз аяз кызы жылмаят, Сулуулугун көтөрө албай менин буттарым таят. «Жаңы жылдык белектер жылуулукту берет» деп, «Аяз ата баш багып, унутпастан келет» деп. Күтөм мен, күтөт бүт дүйнө, күтөт президент, Күтөт ар бир үй бүлө, кубанычка кезигет. Кыштын бою меникиндей кыска болсун, Бирок кыш да өзгөлөнүп кызык досум. Үшүп калба жылуу кийин көңүлүңдү түшүрбө, Чыдап кой сен, бир аз калды кыш да өтөт сызып досум. Кайырма: Жаңы жыл келсин, жанып бүтпөгөн, Жарык жүктөгөн элиме, Ар бир үйгө кут толуп, Жаңылансын бүт толук жеримде..
  • Жүрөк эргип кагылып, Санат жеткис жаңылык. Кирип келет аздан соң, Жаңы жылым жаңырып. Жаңы бакыт агылып, Үндү бийик созолу, Күлкү менен шат менен Жаңы жылды тосолу. Жаштар дагы карылар, Кубангыла баарыңар. Жаңы жылдын өзүнчө Айтып бүткүс шаңы бар, Айтып бүткүс жагы бар Биз да добуш кошолу Күлкү менен шат менен Жаңы жылды тосолу. Алгыла ыр кесени, Азыр ырдын кезеги. Соолубасын өмүрлөр, Соо жүрөлү дешели. Соо жүрөлү дешели. Үндү бийик созолу, Күлкү менен шат менен, Жаңы жылды тосолу.
  • Кыштын аппак кары менен Жылдын соңку айы менен Жаңы жыл да кирип келет Жаңы күндүн таңы менен Кубанычты шаңы менен Күлкү оюндун шаңы менен Тилек айтып олтурабыз Дасторкондо баары кенен Кайырма: Жаңы жыл жаңы жыл Суктангыдай айдагы Адамдары жайдары Аяз ата аяз кыз Жаңы жыл жаңы жыл Жаңы жылдын байрагы Жүрөктөрдү сүйүнткөн Жан дүйнөнүн майрамы Жаңы жылым күлүп келет Бөбөк алат күтүп белек Жаңы демди тартуулаган Баардыгына үмүт берет Жаңы жылым жакшы жыл бол Жан дүйнөгө жарык нур бол Максатына жетип баары Бүгүнкүдөй майрам ыр бол
  • Жаңы жыл келди жаркырап, Мөлтүрөп жалтырап, баягы. Аяз ата белек тартуулап, Эсте калтырат. Кел, Жаңы жыл, Бөбөктөргө белек тартуулап. Аяз кыз ар убак, Жылдар узап. Өмүрлөрдү берсин Жаңы жыл, Күлкү-шаттык, ыр, Ар бир үйдө. Кезигели батыраак, Жакшы тилек айтылат, Жаңы жылга тартуулап. Кайырма: Жаңы жыл жаңырган, Жүзүңөргө себелесин нурун. Жаңы жыл, Жаңы жыл, Кайгыдан айрылган. Жакшылыгын Жаратканым берсин, Жаңы жыл, Жаңы жыл, Бөбөктөргө белек тартуулап, Аяз кыз ар убак. Жылдар узап. Өмүрлөрдү берсин Жаңы жыл, Күлкү-шаттык, ыр Ар бир үйдө. Жаңы жыл келди жаркырап, Мөлтүрөп жалтырап, баягы. Аяз ата белек тартуулап, Эсте калтырат, кел, Жаңы жыл. Кайырма:
  • Тамырларга жылуулук келип кайра. Тай кунандай туйлашат суулар сайда. Ар-бир үйгө тартуулап тазалыкты. Ар-бир жанга кол сунат нооруз майрам. Кайырма: Алас-алас-алас, ар балээден калас. Эски жыл-кетти, жаны-жыл келди. Жакшылыкка жар бол, Кырман толо дан бол. Алас-алас-алас, ар балээден калас. Сүмөлөк-сүмөлөк- сүмөлөк жегиле. Ак бата-ак бата-ак бата бергиле. Бак тиккен багбанга, баба дыйканга. Жана да-жана да-жана-да менин эргүүмө. Саманчынын жолундай сабын бузбай. Айлар өтүп жыл толуп келди кайра. Ала-Тоонун ичине айылыма. Ар улуттун өзүндөй нооруз майрам. Кайырма: Калкым күтүп кубанат кабагына. Чаң жукпасын таптаза кабагына. Ак тилектей айылыма кел ноорузум. Аппак шоола төгүлсүн кадамыңа.
  • Жаады алтын апапак кар жаңылык, Ай нуруна, күн нуруна чагылып. Кубанычта бөлөп сезим тазарткан, Аппак карды биз күткөнбүз зарыгып. Алтын карга ак тилекти кошолу, Алоолонсун жакшылыктын очогу. Ыр-күлкүнүн дүйнөсүнө бөлөнсүн, Ырдап-бийлеп Жаңы жылды тосолу. Жакшылыктын жарчысы бол, Жаңы жыл, Эл-журттумдун бактысы бол, Жаңы жыл. Ак сүйүүнүн ачкычы бол, Жаңы жыл, Жаңы жыл… Жараткандын белеги бол, Жаңы жыл, Ар адамдын жөлөгү бол, Жаңы жыл. Бейпилдиктин желеги бол, Жаңы жыл, Жаңы жыл… Жаңы жылдын койнунда көп жаңылык, Кел Жаңы жыл, биз күтөбүз зарыгып. Жаңы бакыт, жаңы таалай кучактап, Жаңы жылым келе жатат жаңырып. Кел досторум ырдап обон созолу, Келгилечи үнгө, үндү кошолу. Жаңы жылда жакшы жашоо жар болсун, Жакшы ыр менен Жаңы жылды тосолу.
  • Аккан суу түз кеталбайт, сай болбосо, Караңгы жарык болбойт, ай болбосо, Чыракта пилик күйбөйт, май болбосо. Талаанын көркү кайда, гүл болбосо? Гүл ачып, кубат албайт, күн болбосо, Акындар ырдай албайт, тил болбосо, Душманың жазганабы, сүр болбосо? Ала-Тоо коркко келбейт эл болбосо? Комуздан абаз чыкпайт, кыл болбосо, Сүйүшүп эл каалабайт, ыр болбосо. Аялдын көркү кайда, чач болбосо Тоолордун салмагы аз, таш болбосо. Узакка кабар жетпейт, кат болбосо, Жигиттин наамы чыкпайт, март болбосо, Ак жүздө кызыл болбойт, нур болбосо, Сооданын иши жүрбөйт, пул болбосо, Нан чайнап жута албайсың, тиш болбосо, Балбандын аты чыкпайт, күч болбосо. Көздөгөн максатыңа жете албайсың, Колуңда бардык жарак бүт болбосо. Чарбанын көркү болбойт мал болбосо, Арчанын саясы жок, шак болбосо, Булбул куш кайда конот, бак болбосо Дайралар толкуп, ташпайт, сел болбосо Аргымак ат арыбайт, бел болбосо, Дыйканга түшүм кайда, жер болбосо, Ала-Тоо көрккө келбейт, эл болбосо!