Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жаны жылды тосолу»
исполнителя Самара Каримова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жүрөк эргип кагылып,
Санат жеткис жаңылык.
Кирип келет аздан соң,
Жаңы жылым жаңырып.
Жаңы бакыт агылып,
Үндү бийик созолу,
Күлкү менен шат менен
Жаңы жылды тосолу.
Жаштар дагы карылар,
Кубангыла баарыңар.
Жаңы жылдын өзүнчө
Айтып бүткүс шаңы бар,
Айтып бүткүс жагы бар
Биз да добуш кошолу
Күлкү менен шат менен
Жаңы жылды тосолу.
Алгыла ыр кесени,
Азыр ырдын кезеги.
Соолубасын өмүрлөр,
Соо жүрөлү дешели.
Соо жүрөлү дешели.
Үндү бийик созолу,
Күлкү менен шат менен,
Жаңы жылды тосолу.

Другие песни исполнителя:

  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Караймын көлдүн өйүзүн, Кыйын го сени көрүшүм. Кыйноону тарткан жүрөктүн, Ачкычы, ачкычы жалгыз өзүңсүң. Олтурам көлдүн боюнда, Ойлор көп менин оюмда. Кумдан көп ойго чөктүргөн, Кымбатым, кымбатым, сенсиң оюмда. Шилеймин көлдүн кумдарын, Таркабай сенден кумарым. Ачкычы сенсиң жүрөктүн, Келсеңчи, келсеңчи, букет сунайын.
  • Бакытты эмне десем, баланын өзү тура. Жанымды элжиреткен, жагымдуу сөзү тура. Боорума бек кучактап, баламды сүйүп турам Жан дүйнөм толуп-ташып, бакытка тунуп турам. Өзүңө жаным балам көңүлүм буруп турам, Жанымда сен бар үчүн, жазылып күлүп турам. Боорума бек кучактап, баламды сүйүп турам Жан дүйнөм толуп-ташып, бакытка тунуп турам. Сен менин алтынымсың Медерим, таалайымсың, Айланып кетейиним Сен менин бакытымсың Боорума бек кучактап, баламды сүйүп турам Жан дүйнөм толуп-ташып, бакытка тунуп турам.