Казахские песни Узбекские песни

Песня «Келсенчи»
исполнителя Самара Каримова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс
Караймын көлдүн өйүзүн,
Кыйын го сени көрүшүм.
Кыйноону тарткан жүрөктүн,
Ачкычы, ачкычы жалгыз өзүңсүң.
Олтурам көлдүн боюнда,
Ойлор көп менин оюмда.
Кумдан көп ойго чөктүргөн,
Кымбатым, кымбатым, сенсиң оюмда.
Шилеймин көлдүн кумдарын,
Таркабай сенден кумарым.
Ачкычы сенсиң жүрөктүн,
Келсеңчи, келсеңчи, букет сунайын.

Другие песни исполнителя:

  • Сени ойлосом канат бүткөн өмүргө, Бек сактадым жүрөгүмдүн төрүндө. Таалайымдын жаркыраган жылдызы, Махабаттын нурун чачкан өмүргө. Алыс жакта жүргөнүңдө сагынам, Жагымдуусуң, жаным, сага жагынам. Кирпик какпай таң атырган далай түн, Карааныңды бир көрүүгө зарыгам. Сен унутсаң, мен унута албадым. Элесиңди көңүлгө бек сактадым. Менден башка бар турбайбы сүйгөнүң, Анда неге сүйөм дедиң, алдадың? Менден башка бар турбайбы сүйгөнүң, Анда неге сүйөм дедиң, алдадың?
  • Ал мезгил менин эсимде, Али да сонун сезимде. Ар дайым күтүп барчумун, Алтынчы күнү кечинде. Сүйүү оту жанса көзүңдө, Сүйүнүч турса өзүңдө. Сабактан бошоп барчумун, Алтынчы күнү кечинде. Чырдашпай келип чечимге, Чыгарбай сырды эч кимге. Диплом алдың, сөз бердиң, Алтынчы күнү кечинде. Эртелеп барсам бешимде, Экзамен бүткөн кезинде. Ашыкпа дедиң, той болот, Алтынчы күнү кечинде.