Казахские песни Узбекские песни

Самара Каримова.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Самара Каримова

  • Жүр ээрчишип кетели өрүкзарга, Сунушумду суранам, четке какпа. Сүйүүбүзгө жолугуп айлуу түндө, Сыйыналы бир келген бактыбызга. Мөл булакка барабыз ай тоскону Ат жалында шамалга ойношкону. Кечикпейли бир келген бактыбыздан, Өрүкзарга кетели, макул болчу. Айлуу түндө никелеп сүйүүбүздү, Өрүкзарга чачалы күлкүбүздү. Жылдыздардын терели чачыласын, Булактарга сүйдүрүп жүзүбүздү. Кечикпейли бир келген бактыбыздан, Өрүкзарга кетели, макул болчу.
  • Жеңиш күнү алыстагы от болуп, Көрүнчү эле араң жанган чок болуп. Өрттү, чаңды кечип чабуул салганбыз, Жеңиш күнүн жакындатып алганбыз. Кайырма: Бул жеңиш күн майрам, даары жыттанган Адамдардын саамайларын ак чалган Көздөрүнөн жаш кылгырып шаттанган Жеңиш күнү, жеңиш күнү, жеңиш күнү Күндүр-түндүр мекенибиз эч тынбай, Мартен мешин тектеп турган көз жумбай. Күндүр-түндүр иште күйүп-жанганбыз, Жеңиш күнүн жакындатып алганбыз. Кайырма: Апакебай, биз бүт кайра келбедик, Шибер кечип, чуркаганды дегдедик Европанын жарымына жөө барганбыз, Жеңиш күнүн жакындатып алганбыз. Кайырма:
  • Ал мезгил менин эсимде, Али да сонун сезимде. Ар дайым күтүп барчумун, Алтынчы күнү кечинде. Сүйүү оту жанса көзүңдө, Сүйүнүч турса өзүңдө. Сабактан бошоп барчумун, Алтынчы күнү кечинде. Чырдашпай келип чечимге, Чыгарбай сырды эч кимге. Диплом алдың, сөз бердиң, Алтынчы күнү кечинде. Эртелеп барсам бешимде, Экзамен бүткөн кезинде. Ашыкпа дедиң, той болот, Алтынчы күнү кечинде.
  • Көкүрөккө, көңүлүмө салбай ой, Оо, Жараткан суранычым угуп кой. Жөлөп турган, тиреп турган тирегим, Ала-Тоомду, ата-энемди аман кой. Оо, Жараткан, сактай көр! Оо, Жараткан, сактай көр! Жөлөп турган, тиреп турган тирегим, Ала-Тоомду, ата-энемди сактай көр! Жан дүйнөмө эми салбай эссиз ой, Оо, Жараткан жалынычым угуп кой. Өзүң жар бол, жамандыкты көрсөтпө, Өмүрлүк жар, сүйгөнүмдү аман кой. Оо, Жараткан, сактай көр! Оо, Жараткан, сактай көр! Өзүң жар бол, жамандыкты көрсөтпө, Өмүрлүк жар, сүйгөнүмдү сактай көр! Жаратканым жалынычым угуп кой, Жүдөмүштүү жүрөгүмө салба ой. Бар үмүтүм, ак тилегим жашоомдун, Ай чырайлуу балдарымды аман кой. Оо, Жараткан, сактай көр! Оо, Жараткан, сактай көр! Бар үмүтүм, ак тилегим жашоомдун, Ай чырайлуу балдарымды сактай көр! Ата-энемди, бир тууганды сактай көр! Өмүрлүк жар, сүйгөнүмдү сактай көр!
  • Махабат арзуу менен сүйүүм куралып Аздектеп аруу жытын сен деп туямын Бакытты сүртүп алып гүлүн жүзүңө Кулпурам сен жибереген аппак сүйүүңө Кайырма; Кулпунуп нурдай өчпөй жанамын Жалындап күйүп сага барамын Сүйүү баянын жашоо жыргалын Сүйүү баяны менин бүтпөс ырларым Жашоомдун кучагында сүйүү ыр менен Толуктап ай жылдарга барам күү менен Жалындап бакытымдын балын таталы Каректен өчпөсө дейм сүйүү баяны
  • Жүрөк эргип кагылып, Санат жеткис жаңылык. Кирип келет аздан соң, Жаңы жылым жаңырып. Жаңы бакыт агылып, Үндү бийик созолу, Күлкү менен шат менен Жаңы жылды тосолу. Жаштар дагы карылар, Кубангыла баарыңар. Жаңы жылдын өзүнчө Айтып бүткүс шаңы бар, Айтып бүткүс жагы бар Биз да добуш кошолу Күлкү менен шат менен Жаңы жылды тосолу. Алгыла ыр кесени, Азыр ырдын кезеги. Соолубасын өмүрлөр, Соо жүрөлү дешели. Соо жүрөлү дешели. Үндү бийик созолу, Күлкү менен шат менен, Жаңы жылды тосолу.
  • Жил был художник один, Домик имел и холсты, Но он актрису любил, Ту, что любила цветы. Он тогда продал свой дом, Продал картины и кров, И на все деньги купил Целое море цветов. Припев: Миллион, миллион, миллион алых роз Из окна, из окна, из окна видишь ты, Кто влюблен, кто влюблен, кто влюблен и всерьез, Свою жизнь для тебя превратит в цветы. Утром ты встанешь у окна, Может сошла ты с ума? Как продолжение сна, Площадь цветами полна. Похолодеет душа, Что за богач здесь чудит? А под окном чуть дыша, Бедный художник стоит. Припев: Встреча была коротка, В ночь ее поезд увез, Но в её жизни была Песня безумная роз. Прожил художник один, Много он бед перенес, Но в его жизни была Целая площадь цветов!
  • Окшоштурсам сага гүл өңүн, Азыктанат көпкө жүрөгүм. Шаңкылдаган шайыр күлкүңдөн, Ырахаттуу өмүр сүрөмүн. Жылмайыңкы жылуу карасаң, Көңүл эргип жибип баратам. Жүрөгүмдө кайнап буу бүркөт, Бир сүйүүдөн бүткөн арашан. Көңүл черин үмүт уялап, Албууттанып, жүрөк уялат. Сырга терең курчтук сыйбаган, Кайдан бүттү мага бул адат? Жүрөк бетин чексиз сыялап, Неге болдуң мынча кыянат? Билбей жүрөм сырдын түйүнүн, Же чыкпайбы, жаным, тыянак?
  • Асылым, үшкүрүнүп кыйнабачы, Алданып үмүтүмө ыйлабачы. Жамандап жазыгы жок бир пендени. Жанар тоо атылгандай кыйрабачы. Кайырма: Эми сен саргайгансып санаа тартып издебечи, Эми сен зарлангансып заарың чача тиктебечи. Куш болуп боосун тытып учуп кеткен, Көзүмдөн махабатты издебечи. Издебечи! Асылым, неге мынча үшкүрүндүң? Сүйүүнүн кайгысыбы үшкүрүгүң? Жалынба, жалдыраба, кайра-кайра. Алданбайм алданбаймын, жаным сага. Кайырма: Эми сен саргайгансып санаа тартып издебечи, Эми сен зарлангансып заарың чача тиктебечи. Куш болуп боосун тытып учуп кеткен, Көзүмдөн махабатты издебечи. Издебечи!
  • Сүрөттөгү сүйкүмдүү жан ким дейсиң? Унут аны, унут мени сүй дейсиң, Унутканга дагы ошондой бир сүйүү Да бир өмүр керектигин билбейсиң. Отурамын жанымда жок жан адам, Отурамын караңгыда садагам Отурамын караңгыда садагам. Өттү кездер эң учкулдай, эң узак Өттү кездер көйнөгү чөп көөнү шат Жапырт өзүн жагып өткөн бир билек Жарык чачат, караңгылык чогултат Бүгүн эртең бүтөт кызык баяны, Отурамын бир кылымдын аягы. Отурамын бир кылымдын аягы. Күтөмүн кел, күтөм дейсиң барамын, Баргым келсе барбасам жок каламын Жүрөктү угуп, акыл менен иш кылган, Мен да сендей бир кишимин карагым. Кангыча да кар менен шаң толтура Караңгы үйдө а мен жалгыз отурам.
  • Айлуу түн кимдерге экен, кимдерге экен? А балким, ойносун деп бизге бекен? Телмирип терезеңден карабастан, Суу бойлоп келеличи келсеңчи эркем. Булактын мөлтүр суусу кимдерге экен? Булар да ичишет деп бизге бекен? Сен барда башкалары көрбөсө деп, Булактын шары менен бирге кетем. Өмүрдүн аккан балы кимдерге экен? Өздөрү ичишет деп бизге бекен? Өтсө күн өмүр өтүп баратпайбы, Өлбөскө бал ичели келсеңчи эркем.
  • Көңүлүмдө роза болуп жайнадың, Көк жоолуктай көздөрүмдү байладың. Булбулум сен учуп кетип кай жакка, Кайсыл бактан кубулжутуп сайрадың. Махабатым жалындаган өчө элек, Мен эмесмин гүл жыттанган көпөлөк. Күүлөрүңдү төгүп коюп жүрөккө, Кайда учасың боз торгоюм көпөлөк. Издейм сени жылуулугум, күнүм деп, Сүйүүм синген, сүйүүм дайра иримдеп. Шуудурачы тереземдин түбүндө, Кайдасың сен жалбырагым дирилдек.
  • Дербиштей дүйнө кезип, Көксөгөн жарым кылым. Кыйырыңа көзүм жетпес, Бакыттын даамы сендей. Кайырма: Илебиң эс тандырган, Жүрөккө от жандырган. Тирүүлүк баары сендей, Жашоонун шаңы сендей, Сүйүүнүн даамы сендей, Баары сендей. Өчпөгөн үмүт калып, Өмүрдүн жылгасында. Буйрубай кайчы өткөн, Армандын даамы сендей. Кайырма: Төрт мезгил карек салып, Күн-түнү шыбырт тыңшаар. Эзилип жол караган, Күтүүнүн даамы сендей. Кайырма:
  • Көрүнүп көзгө дапдайын, Көчөдө жалгыз ак кайың. Жалдырап турат сумсайып, Кар басып бутак, шактарын. Жалдырап турат сумсайып, Кар басып бутак, шактарын. Ал эстейт жайдын кечтерин, Адырды гүлдөр сепкенин. Кыз-жигит келип түбүнө, Кыналып турган кездерин. Кыз-жигит келип түбүнө, Кыналып турган кездерин. Көңүлгө көңүл кезигип, Көңүлдөң көңүл эзилип. Какканы эки жүрөктүн, Кайыңга турчу сезилип. Какканы эки жүрөктүн, Кайыңга турчу сезилип. Ак карлуу карды жамынып, Аяздан күчөп камыгып. Жалдырап турат ак кайың, Жаз менен жайды сагынып. Жалдырап турат ак кайың, Жаз менен жайды сагынып. Сумсайып турат ак кайың, Жаз менен жайды сагынып.
  • Билбейм, неге кетпей койдуң эсимден? Бир кездеги бирге жүргөн, Алмашым. Элестериң көз алдыма тартылыт, Эртели-кеч эсимдесиң, Алмашым. Жок дегенде бир көрүнүп койсоңчу, Алыссыңбы, жакынсыңбы, кайдасың? Көргүм келип, сени дегдейт жүрөгүм, Качан сага жолугамын, Алмашым? Кабарыңды айтып койсоң кыйнабай, Кайран жүрөк кайгы тартып калбасын. Кайда экен деп тынчым кетип ар убак, Карбаластап таппайм жандын аргасын. Энчиң болсун эмгек жана махабат, Эгер башта бассаң турмуш пардасын Элге жаксын сен иштеген иштериң, Эмне дейм, башка сөз жок, Алмашым. Жарк деп дайым жанга сүйкүм мүнөзүң, Жазгы гүлдөй жакшынакай жайнашың.
  • Эселегим элиңде, Эркеледиң өмүргө. Кадам таштап барасың, Балалыктан келинге. Кызым, кызым канатым, Учук улаар санатым, Бата тилеп узаттым, Бактың менен жанашкын. Аруу, асыл таң элең, Алдейлеген көлөкөм. Ата-энеңдин тилеги, Бактылуу бол берекем. Кызгалдактай жан элең, Кыйбай калды апакең. Кылым баскан нарк менен, Кыз узатуу салт экен. Кызым, кызым чырагым, Бой тиреген чынарым. Айылыңдан аттанып, Кайын журтка узадың. Асыл ойдун эми бол, Акыл ойдун кени бол. Ак жоолугуң булгабай, Алганыңдын теңи бол. Тууруңдан учуп, түндүгүн бизден бөлүнүп, Барасың эми, кайын журт күткөн куттуу үйгө. Жүрөгүң менен жакшылык тилеп кабыл ал, Өз үйүң ал да, өз үйүң ал садага… Барган жерден так тапкан, Бала таап, бак тапкан. Келин болгун ыймандуу, Айылыңа бүт жаккан. Кайрылыштан суу алгын, Кайненеңден дуба алгын. Кабагыңды бүркөбө, Кайын журттуң кубансын. Барган үйгө кут болгун. Босогоңдо бут болсун. Көшөгөңдү көгөртүп, Алган жарга жуп болгун. Ар тилектин эми бол, Акыл-ойдун кени бол. Ак жоолугуң булгабай, Алганыңдын теңи бол. Кызым, кызым чырагым, Бой тиреген чынарым. Айылыңдан аттанып, Кайын журтка узадың.
  • Ичимде күйгөн жалын бар, Издесем түгөй табылар. А бирок көлгө конбосоң, Ак куулар сени сагынар. Тагдырга ар ким кезигет, Таасири күчтүү сезилет. Кечикпей ушул турмушта, Жолуксам деймин тезирээк. Турмуштун ар кыл даамы бар, Тузу бар, ширин балы бар. Айланып көлгө конбосоң, Ак куулар сени сагынар. Алманын гүлдүү шагы бар, Ай тийген түндүн таңы бар. Акыры көлгө конбосоң, Ак куулар сени сагынар