Казахские песни Узбекские песни

Самара Каримова.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн.
Страница 5

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Самара Каримова

  • Өмүр эмес өлүм жүктөп келаткан, Ар бир үйгө ажал түштүк жактан. Бал уйкуда ойгон элек наристе, Ойгонбостон кете берди кучактап. Күлкү эмес күйүт ырын утурлап, Күлүп чыккан күндүн нуру каякта. Бир айылды ажал тооруп келди да, Бир айылды жалмап кетти заматта. Тоо-таш ыйлап талаа ыйлап таң ыйлап, Аалам ыйлап көк да ыйлап жер ыйлап. Боздоттурду кырсык басып кыргызды, Асман ыйлап эне ыйлап жер ыйлап. Учак учак уландырбай уул кызды, Учкан бойдо багытыңа жетсең не. Каргашалуу таңда конбой жериме, Аман эсен мекенине кетсең не. Атадан да энеден да айрылып, Балпандай канаттары кайрылып. Кай жазыгы үчүн боздоп турушат. Ананайын Султан менен Жакшылык. Аппак таңы айсыз түнгө айланган, Жек көрөөрсүң ушул күндү садагам. Орундагы ата-энеңди элпелегин. Эр жигит эл күнүнө жараган. Наристеси кучагына бек кысып, Эне кургур бирсе илип көз жумду. Бул жарыка келе элек аяна. Бул өмүрдү көрбөй туруп көз жумду. Канча үйдүн шам чырагын өчүрүп. Бак таалайын тепсеп кетти бир учак. Канча өмүргө ажал заарын ичирип. Канча үмүттү үзүп тытып бырчалап. Учак деген учуп тураар асманда. Көргөн сайын көңүлүңдү сыздадып. Жакындардан айрылган го шол эр мен. Ээрчип жүрөөр жүрөгүңдү муздатып. Мындан кыйын мындан оор күндө да. Сабыр менен кайрат менен жеңгенбиз. Улуу элбиз кыйын күндө бириккен. Айкөл болуп бул жарыка келгенбиз.
  • Жан дүйнөмдө күнүм бар тийип турган, Жүрөгүмдө сүйүүм бар сүйүп турган. Кулагымда сыйкырдуу добушуң бар, Каным менен айланып жүрүп турган. Карегимде сүрөтү жашайт анын, Карайм дагы кайгымды азайтамын. Алда кайдан агылып келип турган, Сүйүүсүнөн дилимди тазартамын. Башкача бир жан дүйнөм эргип анан, Арууланам, эс алам, сергийм анан. Жүрөйүн деп мен дагы жүрөгүңдө, Бүт дүйнөмдү тартуулап бердим анан. Жүрөйүн деп мен дагы жүрөгүңдө, Бүт дүйнөмдү тартуулап бердим анан.
  • Ооба ооба эсте Көгүлтүр кечте Гүлдөгөн алча түбүндө Турганбыз сен менен мен Ай жылдыз көпкөк Биз менен бирге Көгүлтүр кечте Жазгы бир кечте Ооба ооба эсте Ал күндөр өткөн Алчанын гүлү төгүлүп Турганбыз сени мен Ардагым сенсиң Асманым сенсиң Көгүлтүр кечте Ары бир кечте Ооба ооба эсте Ажайып кечте Сылагам сенин чачтарың Кымбатым менин Эсимде калды Нур болуп жанды Көгүлтүр кечте Керемет кечте Ооба ооба эсте
  • Жайлоолоп боз үй тикпесе, Жадырап кымыз ичпесе. Ошол да тоолук кыргызбы? Ардактап кары күтпөсө. Кайырма: Кыр-кырда жылкы кишенеп, Казанда турбаса бышкан эт. Ошол да тоолук кыргызбы? Балдары минбесе, небере минбесе кысырек. Кыздары беш көкүл өрбөсө, Конокко кой союп бербесе. Ошол да тоолук кыргызбы? Калпагын башка кийбесе. Кайырма: Көздөрү жалдырап жылдыздуу, Дүйнөсү буруксуп гүл жыттуу. Чолпондой ажары жанбаса, Айтчы ошол тоолук кыргызбы? Кайырма: