Казахские песни Узбекские песни

Песня «Акшооланын ыры»
исполнителя Самара Каримова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жан дүйнөмдө күнүм бар тийип турган,
Жүрөгүмдө сүйүүм бар сүйүп турган.
Кулагымда сыйкырдуу добушуң бар,
Каным менен айланып жүрүп турган.
Карегимде сүрөтү жашайт анын,
Карайм дагы кайгымды азайтамын.
Алда кайдан агылып келип турган,
Сүйүүсүнөн дилимди тазартамын.
Башкача бир жан дүйнөм эргип анан,
Арууланам, эс алам, сергийм анан.
Жүрөйүн деп мен дагы жүрөгүңдө,
Бүт дүйнөмдү тартуулап бердим анан.
Жүрөйүн деп мен дагы жүрөгүңдө,
Бүт дүйнөмдү тартуулап бердим анан.

Другие песни исполнителя:

  • Өмүр эмес өлүм жүктөп келаткан, Ар бир үйгө ажал түштүк жактан. Бал уйкуда ойгон элек наристе, Ойгонбостон кете берди кучактап. Күлкү эмес күйүт ырын утурлап, Күлүп чыккан күндүн нуру каякта. Бир айылды ажал тооруп келди да, Бир айылды жалмап кетти заматта. Тоо-таш ыйлап талаа ыйлап таң ыйлап, Аалам ыйлап көк да ыйлап жер ыйлап. Боздоттурду кырсык басып кыргызды, Асман ыйлап эне ыйлап жер ыйлап. Учак учак уландырбай уул кызды, Учкан бойдо багытыңа жетсең не. Каргашалуу таңда конбой жериме, Аман эсен мекенине кетсең не. Атадан да энеден да айрылып, Балпандай канаттары кайрылып. Кай жазыгы үчүн боздоп турушат. Ананайын Султан менен Жакшылык. Аппак таңы айсыз түнгө айланган, Жек көрөөрсүң ушул күндү садагам. Орундагы ата-энеңди элпелегин. Эр жигит эл күнүнө жараган. Наристеси кучагына бек кысып, Эне кургур бирсе илип көз жумду. Бул жарыка келе элек аяна. Бул өмүрдү көрбөй туруп көз жумду. Канча үйдүн шам чырагын өчүрүп. Бак таалайын тепсеп кетти бир учак. Канча өмүргө ажал заарын ичирип. Канча үмүттү үзүп тытып бырчалап. Учак деген учуп тураар асманда. Көргөн сайын көңүлүңдү сыздадып. Жакындардан айрылган го шол эр мен. Ээрчип жүрөөр жүрөгүңдү муздатып. Мындан кыйын мындан оор күндө да. Сабыр менен кайрат менен жеңгенбиз. Улуу элбиз кыйын күндө бириккен. Айкөл болуп бул жарыка келгенбиз.
  • Жайлоолоп боз үй тикпесе, Жадырап кымыз ичпесе. Ошол да тоолук кыргызбы? Ардактап кары күтпөсө. Кайырма: Кыр-кырда жылкы кишенеп, Казанда турбаса бышкан эт. Ошол да тоолук кыргызбы? Балдары минбесе, небере минбесе кысырек. Кыздары беш көкүл өрбөсө, Конокко кой союп бербесе. Ошол да тоолук кыргызбы? Калпагын башка кийбесе. Кайырма: Көздөрү жалдырап жылдыздуу, Дүйнөсү буруксуп гүл жыттуу. Чолпондой ажары жанбаса, Айтчы ошол тоолук кыргызбы? Кайырма:
  • Эселегим элиңде, Эркеледиң өмүргө. Кадам таштап барасың, Балалыктан келинге. Кызым, кызым канатым, Учук улаар санатым, Бата тилеп узаттым, Бактың менен жанашкын. Аруу, асыл таң элең, Алдейлеген көлөкөм. Ата-энеңдин тилеги, Бактылуу бол берекем. Кызгалдактай жан элең, Кыйбай калды апакең. Кылым баскан нарк менен, Кыз узатуу салт экен. Кызым, кызым чырагым, Бой тиреген чынарым. Айылыңдан аттанып, Кайын журтка узадың. Асыл ойдун эми бол, Акыл ойдун кени бол. Ак жоолугуң булгабай, Алганыңдын теңи бол. Тууруңдан учуп, түндүгүн бизден бөлүнүп, Барасың эми, кайын журт күткөн куттуу үйгө. Жүрөгүң менен жакшылык тилеп кабыл ал, Өз үйүң ал да, өз үйүң ал садага… Барган жерден так тапкан, Бала таап, бак тапкан. Келин болгун ыймандуу, Айылыңа бүт жаккан. Кайрылыштан суу алгын, Кайненеңден дуба алгын. Кабагыңды бүркөбө, Кайын журттуң кубансын. Барган үйгө кут болгун. Босогоңдо бут болсун. Көшөгөңдү көгөртүп, Алган жарга жуп болгун. Ар тилектин эми бол, Акыл-ойдун кени бол. Ак жоолугуң булгабай, Алганыңдын теңи бол. Кызым, кызым чырагым, Бой тиреген чынарым. Айылыңдан аттанып, Кайын журтка узадың.