Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кыз узатуу»
исполнителя Самара Каримова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Эселегим элиңде,
Эркеледиң өмүргө.
Кадам таштап барасың,
Балалыктан келинге.
Кызым, кызым канатым,
Учук улаар санатым,
Бата тилеп узаттым,
Бактың менен жанашкын.
Аруу, асыл таң элең,
Алдейлеген көлөкөм.
Ата-энеңдин тилеги,
Бактылуу бол берекем.
Кызгалдактай жан элең,
Кыйбай калды апакең.
Кылым баскан нарк менен,
Кыз узатуу салт экен.
Кызым, кызым чырагым,
Бой тиреген чынарым.
Айылыңдан аттанып,
Кайын журтка узадың.
Асыл ойдун эми бол,
Акыл ойдун кени бол.
Ак жоолугуң булгабай,
Алганыңдын теңи бол.
Тууруңдан учуп, түндүгүн бизден бөлүнүп,
Барасың эми, кайын журт күткөн куттуу үйгө.
Жүрөгүң менен жакшылык тилеп кабыл ал,
Өз үйүң ал да, өз үйүң ал садага…
Барган жерден так тапкан,
Бала таап, бак тапкан.
Келин болгун ыймандуу,
Айылыңа бүт жаккан.
Кайрылыштан суу алгын,
Кайненеңден дуба алгын.
Кабагыңды бүркөбө,
Кайын журттуң кубансын.
Барган үйгө кут болгун.
Босогоңдо бут болсун.
Көшөгөңдү көгөртүп,
Алган жарга жуп болгун.
Ар тилектин эми бол,
Акыл-ойдун кени бол.
Ак жоолугуң булгабай,
Алганыңдын теңи бол.
Кызым, кызым чырагым,
Бой тиреген чынарым.
Айылыңдан аттанып,
Кайын журтка узадың.

Другие песни исполнителя:

  • Көкүрөккө, көңүлүмө салбай ой, Оо, Жараткан суранычым угуп кой. Жөлөп турган, тиреп турган тирегим, Ала-Тоомду, ата-энемди аман кой. Оо, Жараткан, сактай көр! Оо, Жараткан, сактай көр! Жөлөп турган, тиреп турган тирегим, Ала-Тоомду, ата-энемди сактай көр! Жан дүйнөмө эми салбай эссиз ой, Оо, Жараткан жалынычым угуп кой. Өзүң жар бол, жамандыкты көрсөтпө, Өмүрлүк жар, сүйгөнүмдү аман кой. Оо, Жараткан, сактай көр! Оо, Жараткан, сактай көр! Өзүң жар бол, жамандыкты көрсөтпө, Өмүрлүк жар, сүйгөнүмдү сактай көр! Жаратканым жалынычым угуп кой, Жүдөмүштүү жүрөгүмө салба ой. Бар үмүтүм, ак тилегим жашоомдун, Ай чырайлуу балдарымды аман кой. Оо, Жараткан, сактай көр! Оо, Жараткан, сактай көр! Бар үмүтүм, ак тилегим жашоомдун, Ай чырайлуу балдарымды сактай көр! Ата-энемди, бир тууганды сактай көр! Өмүрлүк жар, сүйгөнүмдү сактай көр!