Казахские песни Узбекские песни

Rap & Hip-Hop на азербайджанском языке

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Rap & Hip-Hop

Музыка Rap & Hip-Hop достаточно разнообразна. Она может быть проста, но в то же время интересна и мелодична.
  • Кара оюң сени каптап алган Айткан сөзүн жалган Канча адам добуш берип Сага өз үмүтүн салган Кээбирлерин сатып алдын Тактыга отуруп калдың Аяп койчу ымыркайды Аябасан дагы чалды Мен сени жаман көрүп Өз кызыкчылыгым ойлобойм урмат үчүн, хайп үчүн эмес Мен оюнуң ойнобойм Болгону элдин пикирин Айтам салып обонго Кичинекей Кыргызстандын Келечегин тонобо Башын менен Кара жерге кир Каргышы тийсин элдердин Арамга тойгон курсагын Жеп жатып жаттын эмгегин Өзүңдөн чыккан токуңду Өзүңө саттын кымбаттан Чет жактан келген сомуңду Чөнтөккө каттын бир паста Ызы чуу болгон чек араң Кысылып турат эл араң Жардамын берген тешиктен Желбиреп өтөт жел араң Көрүнбөгөн илдет жоо менен Доктурлар араң күрөштү Бийлики бар адамдарын Кыйратып экрандан сүйлөштү Жол салсаң да жейсин Үй салсаң да жейсин Көп салсаң да жейсин Аз салсаң да жейсин Жер сатсаң да жейсин Газ сатсаң да жейсин Алтындарым дейсиң Алтындарым дейсиң Бет кабы жок дарыгерлер Ооруу жугузуп жүдөштү Айлыктары 500 жүз сомго Көбөйүптүр деп түнөштү Чет жакта калды жарандар Мекенин жапты эшигин Вокзалда жатты араңдап Кирерге таппай тешигин Сен менен анын ою жок Чөп жеген анын кою ток Боорукер эмес акылы Жаш бала анын ою шок Видеого тартып тараткан Активисттердей жоксунбу Урсунчу сени жараткан Арамдарды жеп токсунбу Жол салсаң да жейсин Үй салсаң да жейсин Көп салсаң да жейсин Аз салсаң да жейсин Жер сатсаң да жейсин Гас сатсаң да жейсин Алтындарым дейсиң Алтындарым дейсиң Аранарда барбы? Азаматтар алгыр Уурдалганды алып Казынага салгыр Качан тиет күнүң Же жай береби жамгыр Кууруп бүттү кыргыз Татаал экен тагдыр
  • Жарык келечек тандайм десең Жаштар бөлүнбөгүлө кел бир бол Өнүккөн өлкөдө жашайм десең Бир жакадан баш бир жеңден кол Алга басууга бар экен бир жол Бөлүнбөйлү бир тууганым бир бол Келечек жаштардын колунда Жаңы муун адилеттин жолунда Кантип кантип деген суроолордун Бир болуп анык жообун тап Акыйкат үчүн колуң чап Калп айткандардын оозун жап Элиңдин мээнетин жегенди Убакыт өзү ылгайт бат Жетишет бизге кыйноолор Калп эле тарткан кинодой Калп айтып жаткан башчылар Мас кылган арам винодой Жетишет бизге бир долбоор Түз жолдун ийзин тапканга Жетишет бизден кыйноолор Камалып калат капканда Кыргызымдын тагдырына жамгыр төгүп жаткандай Күндүн нуру алыс болуп алыстарга баткандай Шайтан менен кол алышып ыймандарын саткандай Чатыры жок эл журтумдун жеп жатышат каткан нан Билимдүүлөр чет өлкөдөн жылуу уя тапкандай Билимсизди бир бөлмөдө караңгылап жапкандай Учур менен пайдаланып чоңдор акча каткандай Кедейлердин жашы менен козу кошо аккандай
  • Келчи досум чыгыш бий сен бийлегин, Бирге бийлеп кайгыны сен билбегин. Эгер тоскоол болсо нота тийбегин, Бул чыгарма сууруп чыгат жыланды да ийиндеги. Мейли чечилсин жылуу кийимдериң, Ачык болсун кооз денең жана ийиндериң. Кыймылдагын бат, калтырбастан издериң, Учсун бийик ала кийим биздеги. Ар дайым ырдайлы чыгыш ырларын, түбөлүккө, Кош келгин биздин чыгыш жомокко! Жомок дүйнөсүнө биз менен чөмүл, Бизде күлкү толо жана анын жок өлчөмү. Шаңга бөлөйт бул майрамды ханыша, Келгилечи бул жомокко көчөлү. Балдар бийлеп айланат, Кооз бизде айлана. Аттап кирип босогону, Көп кишилер байланат. Мейли жарык өчөбү, Таппай калып көчөнү. Биздин үйгө кирип сен, Көрүп кет өзгөчөлүү. Ар дайым ырдайлы чыгыш ырларын, түбөлүккө. Сурайт элдер даректерди, “Жомок дүйнө бар экенби?”, -деп. Көтөргүлө каректерди, издеп бизге жет. Билбегендер сурап калат “орун тар экенби?”, -деп, “Жолу бар экенби?”, -деп. Сурайт элдер даректерди, “Жомок дүйнө бар экенби?”, -деп. Көтөргүлө каректерди, издеп бизге жет. Билбегендер сурап калат “орун бар экенби?”, -деп, “Жолу бар экенби?”, -деп. Биздин эл ынтымакта, өмүрдүн балын татышат, Эгерде сен маанайың жок жалгыз калсаң. Кош келгин биздин чыгыш жомокко!
  • Бул эки жүрөк махабаты, Бул сырлар алар жүргөн катып, Кайталап улам, сактап жүрөгүндө атын. Ойлоп түнү бою уктабастан ойго жатып. Күн өтүп бүгүн калдым кезигип, Чырайың баштагыдай сезилип. Жанга жагымдуу, айтам арзуумду, Жылмаюуң, күлгөнүң, сүйкүм жүргөнүң. Өзгөрбөй татынасың дагы эле, Өткөн күн болгонсуду жаңы эле. Жанга жагымдуу, айтам арзуумду, Жылмаюуң, күлгөнүң, сүйкүм жүргөнүң. Кайырма: Сенде махабат, өчпөдү менде махабат, Тартылам сага жүрөктөн сүйүү арнап, сүйүү арнап. Сага арнап карабадым башканы, Жалгыз сен жүрөгүмдүн тапканы. Кара көздөрүң, жылуу сөздөрүң, Каратып, саматып кооздоп күлгөнүң. Алдабайм, ишенип кой сезимге, Жагасың, сени бербейм эч кимге. Кара көздөрүң, жылуу сөздөрүң, Каратып, саматып кооздоп күлгөнүң. Кайырма: Бир сен бар болуп, мен сага зар болуп, Экөөбүз бирге болгон кезде бул дүйнө тар болуп. Эгиз жүрөк сенде жүрөт, алыс болсоң калам жүдөп, Бир өзүңсүз өтпөйт мүнөт, табылбас го сендей түгөй. Ойнобоймун оюнду, түшүн менин оюмду, Менин бактым сенсиң, калган күмөндөр жоюлду. Жалгыз өзүң керексиң, бир сүзөлү сүйүү кемесин, Жараткандан белексиң, балдарымдын болчу энеси! Кайырма:
  • Айтчы, сен белең мени жашоодо күткөн? Айтчы, сени издеп ааламды айланып бүткөм? Мага бүт көңүлүм сен, Мага бүт өмүрүм сен. Өзүңдү элестетсем, мээримдей төгүлүп сен, Айтчы, сен белең, мени жашоодо күткөн? Эй, досум, карачы, жерге тийбей басканын, Жүр, артынан ээрчийличи карабастан башканы. Узун чачтары, артка ташталып, Сүйүп калдым деп айтпаймын. Балким кетет башталып, Жакын барып таанышып. Бирибизге жагышып, Көз караштар алышып. Жылдыздардай жанышып, Уялбастан карачы. Мен кыргыздын баласы, Кадамымды саначы. Толук ыктымал менин барышым, Кантип мен мынча жыл. Бир өзүңдү таппадым? Кантип сендей сулуу, Көз алдымдан баспады? Тартип сенде бар экен, Бүт аалам сага зар экен. Тартынба айтуудан, Катылган сырлар бар экен. Кайырма: Жанып турган сезимимдин, Козголгонун карачы. Жагып калдың, бул чындык, Сен колумду кармачы. Кетели, бирге жашоо жолунда, Сени менен өмүр сонундай. Мени эгер жактырсаң, Бирге түшөлү сүйүү торуна. Бекем кысып боорума, Мен кармаймын колуңдан. Даяр бол, бирге болууга, Адашпайсың жолуңдан. Мен сен деп, сен мен деп, Жетели бакыттын соңуна. Ишенсең мен да ишенем, Суроом бар сенин жообуңа. Айтчы, барбы бирөө? Сени ойго салган күндө? Уктатпай, күн батпай, сенин сезимдериң жүдөп? Болсо эгер ошондой жигит, Бузууга менин акым жок. Болсом деймин оюңда сенин, Күтөмүн сенден анык жооп.
  • Зай, послушай меня, тебе лишь адресовано, Ведь я люблю тебя и лаской твоей скован я. Рискованно иду по нелёгкому пути, хочу плохое всё забыть, И от думки отойти. Да, я иногда бываю не простым. Но я такой какой, я и есть. И люби меня таким, Давай, с тобою забудем прошлое, былое. И я люблю тебя, и я хочу быть с тобою, Сен, сен деп жүрөк ооруп келген, Сен болдуң жараткандын белеги мага берген. Бат эле көңүл көтөрүлөт сени эстесем, Бул жашоомдун керемети мен үчүн сенсиң. Эртең мененки күндүн нурундай сен мага керексиң, Сен мени түшүнчү, бул сүйүү кемеси. Сенин бетиңден өөп, бул ырды сага тартуулайм, Жумшак чачыңдан сылап, бул сырды сага тартуулайм. Кайырма: Сүйөм сени, кусаны билбейм, Күйөм сен деп алдыңа ийилем. Сулуу келбетиң мени эргитип, Жанымда журөлүчү, дүйнөнү терметип. Душа моя рвётся в высь, Она сильно больна тобою обернись. Прими мои цветы и просто улыбнись, Они лишь для тебя поверь мне, малыш! Мне кажется, я для тебя дышу, дышу, И только к тебе спешу, бегу навстречу. Поверь, доверься, буду верным, Просто лети выше неба, просто лети ко мне. Пусть эти фразы порхают где-то в тишине, И я ловлю тот миг словами тихий крик. Зажигают свечи в ночи, пойми меня, прости, Вот, вот я готов взрывать всё края. Вот, вот я молюсь, чтобы ты была рядом, милая, И это сон к тебе стремиться всё быстрей. Я люблю тебя и мои чувства всё сильней. Кайырма:
  • Сенин жумшак эриндериңди өпкүлөп, Бул дүйнөнүн ырахатын айтчы чөмүлөм. Болсом деймин сени менен көбүрөөк. Ишенчи жаным мен сенден бөлүнбөйм. Сени менен өткөргөн ар бир убакытка кубанам, Жок сен ойлобо ойнойт деп мен сенден суранам. Билбейм эмнеге мен сага ушунчалык жакынмын Бүт көз ирмем сен жок мен эми жүрө албайм. Ортобузда бир сүйүү бир махабат Бул ыр менен менин сүйүүм сага арналат Бишкекте жүрүп балдар сага көз салышып Менин кызгануум ал балдарга жаралат. Ойлонтосуң сен мени, уктабайм түн бою Сенде менин оюм, жагат келбетиң боюң Сени менен түбөлүк болсом өмүр бою Сенин кызуу махабатыңа ар дайым тоюп, Кара-тору сулуу кыз, Бир көргөндө жагып калдыңыз Мен сизди унута албаймын. Жүрөгүмө куса салбаңыз Мен өзүмдү жакшы бала деп айтпаймын, Эч кимге мактанбаймын, жамандан сактанамын Кез-кезде эс алып ойношуп коемун. Сен көңүл бурба, сени эч кимге алмаштырбаймын Билип жүр ар дайым, билип жүр ардагым Мен жаман иштерден абдан тажадым Калган өмүрүм ата-эне, жанымда балдарым Болсоң сулуу келишкен сен өмүрлүк жубайым Өткөрөлү өмүрдү бирге экөөбүз ажырашпай Жаман жакшы айтышпай, жамандык менен кагышпай Сен мага жабышсаң мен сенден алыстабайм Билем, ишенем мен сен бар жалгыз калбайм Мына ушундай ырлар менен мен өз сүйүүмдү билдирем Ысымынын баш тамгасы «Н» силер билгиле Биринчи жолу жаңы кар астында тизелеп, Бул кыргыз серенадасын белек катары берем Кара-тору сулуу кыз, Бир көргөндө жагып калдыңыз Мен сизди унута албаймын. Жүрөгүмө куса салбаңыз Бактылуу каармандар Кинодой армандай Жабышып калгандай Жалгыздык жалгандай Бир сүйүү, бир махабат Бул ырлар дүйнөгө таралар Жүрөктү өрттөнтүп сүйүнтүп Укмуштуу махабат жаралат