Казахские песни Узбекские песни

7gen.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

7gen

  • Салам алейкум Сен ким боломун дедиң эле? А? Кичинекейиңде Кана дагы бир ииий Азыр иштейсиңби ошол жериңде?! Жан дүйнөң жактыргандай Өзүң дагы бериле! Башкы максат жакшы тапса Эмгек актап ташып жатса Аз келгенсип аздан катса Кам санамай жок, санамай акча! Бүгүн алып, эртең сатсаң Түшөт пайда табылмактан Жүгүрүп барып бекем каксаң Түшөт алма алмабактан! Тээтиги Кыялымды көздөй баратамын жылдан жылга! Тетири Бурбаймын, тандадым, күйлөндүм ылдам-ылдам! Тээтиги Кыялымды көздөй баратамын жылдан жылга! Тетири Бурбаймын, тандадым, күйлөндүм ылдам-ылдам! Юрист, экономист Дипломуң балким үйдө Rest In Peace! (Оомин) Mиллион доллар приз Please берчи Мr. Beast Кандай сонун болмок деп Кээде кээ бирөөбүз кыялдана беребиз! Бирок аны күтпөй, муну күтпөй Иштеп ак эмгек менен аппак сүттөй Тердейли, эс алалы "ң" деп сүткө тойгон күчүктөй Мүнөзүңдү өзүң үтүктөй Баштаганың үчүн көтөрө алган жүктөй! Эки эле жол жашаганга Жеңилдиктей же түйшүктөй дос! Тээтиги Кыялымды көздөй баратамын жылдан жылга! Тетири Бурбаймын, тандадым, күйлөндүм ылдам-ылдам! Тээтиги Кыялымды көздөй баратамын жылдан жылга! Тетири Бурбаймын, тандадым, күйлөндүм ылдам-ылдам! Кесипти тандаганда жүрөктү тыңша э?! Болгон майын чыгарып алайын дегидей Сага кызмат камдалганда эптеп-септеп кылба э? Адал эмгек менен адал тамак жегидей! Бирок эң башкы кесип Жогорку катардан Мен экенмин, сен экенсиң! Адам болуп аталган! Кыялыбыз ар кандай ооба билемин таңгалбайм, (таңгалбайм!) Жайнаган жандардай аралашкандай, (аралашкандай) Эмне болсо да баарыбыз тилегибизге Жеткендей жашайлы! Тээтиги Кыялымды көздөй баратамын жылдан жылга! Тетири Бурбаймын, тандадым, күйлөндүм ылдам-ылдам! Тээтиги Кыялымды көздөй баратамын жылдан жылга! Тетири Бурбаймын, тандадым, күйлөндүм ылдам-ылдам!
  • Ойлорумдун баары сен болдуң эй сен болдуң эй Сезимдерди арбап жүрөгүмө чокту салдын эй Жан дүйнөмдү арнап сүйгөн жомоктогу баламын Көздөрүңдө Ысык-көлүм сүзүп сенде кааламын [1-Куплет - Ulukbek] Сенде калам ар дайым өзүң бийик маанайым бол Өзгөлөрдөн катайын өзүң жалгыз айдайым бол Күндөрүмдүн баарын өмүрүмдүн багын Гүлдөй жайнатып гүлдөй жайнатып Жалгыз мага арналчы Ай нурундай жамалын Сезимдерим жомоктой Өчпөйт тарыхын бойлой Жарыгым болуп мени менен түбөлүкө бирге болчу Асылым перим бул жашоомду сүйүнүчкө бөлөп койчу Тунук кыял тереңдеп өзүңө бекем мен байландым Балдай таттуу жандан артык ак сүйүүмдү сага арнадым [Кайырма] Ойлорумдун баары сен болдуң эй сен болдуң эй Сезимдерди арбап жүрөгүмө чокту салдын эй Жан дүйнөмдү арнап сүйгөн жомоктогу баламын Көздөрүңдө Ысык-көлүм сүзүп сенде кааламын See upcoming rap shows Get tickets for your favorite artists You might also like wacced out murals Kendrick Lamar reincarnated Kendrick Lamar tv off Kendrick Lamar [2-Куплет - 7Gen] Бул перини көргөн эмесмин мен жашаган жерлерде Көргөм бир жолу түшкө киргенде Бул перини көргөн эмесмин мүмкүнчүлүк келгенде Жалгыз мага көрүнбөй көрүнөт элдерге Ойлонуп көрсөң балким ал кыз чындап жаныңда Жашап келет кошунаңдын билинбеген тамында Көңүл бурбайт эптеп сөз байлаган дос балдарыңа Жалгыз татыктууну күтөт келет деп өз убагында Эң кыйын нерсе жетиш толук ишеничине Канча кыйын ошончо бекем мамиле Эң оңой нерсе чыгып кетиш ишеничинен Ал сенсиз билбейм сен алсыз алсыз дагы эле Бирок чындап билгим келет атын Бул ой максатым Канчалыка чейин өзүн терең катты Аракет кылып көргөнгө барбы акым Кучагыма бекем кармаганы жакын [Кайырма] Ойлорумдун баары сен болдуң эй сен болдуң эй Сезимдерди арбап жүрөгүмө чокту салдын эй Жан дүйнөмдү арнап сүйгөн жомоктогу баламын Көздөрүңдө Ысык-көлүм сүзүп сенде кааламын
  • Ооба, болот экен туура Кантип түшүнөсүң? бирок аныкы да туура! Ортосунда пайда болгон экөөнү тең урат Акылы жетип калса бир сабыр менен буулат! Угат ал жалгыз бир жүрөктү угат Туура тандоо кылганга бир умтулат Кулатып ар бир караңгы көз ирмемди Күн менен айдын жарыгына теңелди! Жамындым кучагыңа мени эми түшүнчү! Капа кылгым келбейт! Сендей жүрөктү эч ким ээлебейт Сага болгон мамиле болсо ченелбейт! Жамындым кучагыңа мени эми түшүнчү! Капа кылгым келбейт! Сендей жүрөктү эч ким ээлебейт Сага болгон мамиле болсо ченелбейт! Өлчөмү жок, кыйналбагың ченебей Салыштырба башкаларга теңебей Бир көрдүм сени Өзгөрттүң мени Өлчөмү жок, кыйналбагың ченебей Салыштырба башкаларга теңебей Бир көрдүм сени Өзгөрттүң мени Ар бир сезим акыл эсимде Эмнени көрдүм, сездим буга чейин Так айтсам тегеренбей, мендейлер угат дейм Жөпжөнөкөй кийинген, жөпжөнөкөй көрүнгөн Бир кыз кетпей турду көпкө чейин эки көзүмдөн Катыдым, бирок катпадым катыганымды Билеби деп кимди чындап жактырганымды?! Айтылбай калган сырлар чыдабай бакырды Алып чыгалы, алп жыгалы бирден айтпаганыңды! Ага жакындайсың, жылыйсың Заматта ысыбайсың, жылыйсың Уруштан муздайсың, ысыйсың Унчукпайсың, чыдайсың Бирок чындап таарынып калса токтото турчудайсын! Терең чакса ууланып аксайсың Бата турчу жерге ал адам жок батпайсың Озүнчө мамиле курамын деп жатып чет четтен Ал сезимди такыр сезбей калган тактайсың! Өлчөмү жок, кыйналбагың ченебей Салыштырба башкаларга теңебей Бир көрдүм сени Өзгөрттүң мени! Өлчөмү жок, кыйналбагың ченебей Салыштырба башкаларга теңебей Бир көрдүм сени Өзгөрттүң мени
  • Айырмасы жок, көчөдө кандай аба ырайы болуп жатканы, Менин маанайым бийикте, кичинекей күкүм болсом да адамзаттагы! Айырмасы жок каерде эмгектенип канча акча тапканың, Менин маанайым бийикте, кичинекей күкүм болсом да адамзаттагы! Укмуш чыдамкайлуу сезим менен жашасаң, Жиндин жини келип качып кетет адамдан. Ооп кетип калба тең турганда таразаң, Жалгыз жашоону жакшы жашаганга жарасаң. Баш түшүрбөгүң оор абалда, Оор абалдай сезимди аракет кылып көр оодарганга! Ачууң бир метр болсо сабыр тап гектарга! Анан айтыш оңой деп салба! Күн артынан күн өтөт, күн ачык же күн бүркөк болсо дагы өзүңдөн башталат эң жакшы күн! Маанайды бир көтөрүп мүнөттөрүңдү өткөр, Ачууланбай жашап көр, ачууланбай жасап көр баарын! Айырмасы жок, көчөдө кандай аба ырайы болуп жатканы, Менин маанайым бийикте, кичинекей күкүм болсом да адамзаттагы! Айырмасы жок каерде эмгектенип канча акча тапканың, Менин маанайым бийикте, кичинекей күкүм болсом да адамзаттагы! Көпчүлүктө кылыгыма теңдей, Өзүм өзүмө жеңилбегендей, Кайра кайткан берекемдей Мен деле жакшы болгум келет сендей. Атам бар шүгүр, Апам бар шүгүр, Эжекелерим, агам бар шүгүр! Үй-бүлөөмдөн тышкары жанымда Мага мээрими көп адамдар шүгүр! Көптөгөн нерсеге кубанганга Үлгүрбөйсүң улам уланганда. Арт артынан, жарт жартынан Кудайдан бирдеме суранганда! Ар кандай кыйынчылыкта чыдамкайлык болгондо, колуң бар бүтүр, бутуң бар жүгүр шылтоону колдонбо! Жооп бересиң “и ооба” деп, Эгерде жоголсо адеп. Эми бизде боло берет девей эле Өзгөрүп койсо кантет! Күн артынан күн өтөт, күн ачык же күн бүркөк болсо дагы өзүңдөн башталат эң жакшы күн! Маанайды бир көтөрүп мүнөттөрүңдү өткөр, Ачууланбай жашап көр, ачууланбай жасап көр баарын! Айырмасы жок, көчөдө кандай аба ырайы болуп жатканы, Менин маанайым бийикте, кичинекей күкүм болсом да адамзаттагы! Айырмасы жок каерде эмгектенип канча акча тапканың, Менин маанайым бийикте, кичинекей күкүм болсом да адамзаттагы!
  • Менин күнүм башталат кечинде Өзгөчөлөнүп 7де! Эки жакка мени чайкап жаткан Көңүлүмө баткан бул Селкинчек! Күнүм башталат кечинде, Обондун башкы бетинде, Эрчиген көлөкөм жок менин Секир Селкинчегиме! Секир селкинчегиме, секир селкинчегиме, Жайдан ойлонбой! Секир селкинчегиме! Секир селкинчегиме, Секир селкинчегиме, Жайдан ойлонбой ! Секир селкинчегиме! Селкинчегиме (3раза) Секир селкинчегиме! Селкинчегиме (3раза) Секир селкинчегиме! Бирден келгиле, каалагандай күйлөнтүп, үйрөтүп Секиртемин мен селкинчегиме(анда эмесе кеттик)! Кана кимде баары жайында?(бизде) Кана кимде сулуу айымдар?(бизде) Кана кимде жылуу дайыма?(бизде) Эмнеге?(бизде)анткени(бизде) Кереги жок деймин айырма(бизге) Кышы же болбосо жайында(бизде) Ала Тоодой маанайыңа (изде) Менин күнүм башталат кечинде Өзгөчөлөнүп 7де! Эки жакка мени чайкап жаткан Көңүлүмө баткан бул Селкинчек! Күнүм башталат кечинде, Обондун башкы бетинде, Эрчиген көлөкөм жок менин Секир Селкинчегиме! Секир селкинчегиме, секир селкинчегиме, Жайдан ойлонбой! Секир селкинчегиме! Секир селкинчегиме, Секир селкинчегиме, Жайдан ойлонбой ! Секир селкинчегиме! Селкинчегиме (3раза) Секир селкинчегиме! Селкинчегиме (3раза) Секир селкинчегиме! Ойлорум бир багытты көздөй кеткен, Биринчи болоорун бил чыкпайт көрүнбөй четке(демек) Тептең кетирилген эмгек текке, Кетпейт мына мен өзүм чектейм(ин) Суугарылбаган жериңе сеппейм(ин), эсептейм(ин) Чекпей жүргөндүн акылы китептей(би), Үмүтүңдүн баардыгы тилектей(би)? Ошондуктан ой максатына мен жет дейм(ин)! калба жетпей! Менин күнүм башталат кечинде Өзгөчөлөнүп 7де! Эки жакка мени чайкап жаткан Көңүлүмө баткан бул Селкинчек! Күнүм башталат кечинде, Обондун башкы бетинде, Эрчиген көлөкөм жок менин Секир Селкинчегиме! Секир селкинчегиме, секир селкинчегиме, Жайдан ойлонбой! Секир селкинчегиме! Секир селкинчегиме, Секир селкинчегиме, Жайдан ойлонбой ! Секир селкинчегиме! Селкинчегиме (3раза) Секир селкинчегиме! Селкинчегиме (3раза) Секир селкинчегиме!
  • Эгерде эртеңки күндү акыркы десе (Бардык күндөрүм) Эгерде экинчи жолу кайтып келбесе (Бардык күндөрүм) Эгерде эртеңки күндү акыркы десе (Бардык күндөрүм) Эгерде экинчи жолу кайтып келбесе (Бардык күндөрүм) Эгерде Эртеңки күндү акыркы десе Эң биринчиден, не кылмак элең?! Каерде болбоюн мен Ким менен болбоюн менин көз алдымда алгачкыдан турат ата-энем! Кучактайм! Бекем-бекем кысып кучактайм атакемди Бекем кысып кучактайм апакемди! Мени мээримине суусатпай Ата-энемдин сүйүүсү тунук булактай! Элестетсең Акыркы жолу күн көрөсүң эртең! Элестетсең Аска тоолуу жер тегизделген! Элестетсең Эмне калат келип кетсең! Кызыгың болсо элестетсең Элестетсең! Эгерде Эртеңки күндү акыркы десе (Бардык күндөрүм) Эгерде Экинчи жолу кайтып келбесе (Бардык күндөрүм) Эгерде Эртеңки күндү акыркы десе (Бардык күндөрүм) Эгерде Экинчи жолу кайтып келбесе (Бардык күндөрүм) Азыркы сезим Такыр кетпесин жанымдан Менин жанымдан Акыркы сезим Бактын бергенсип табылган! Капкараңгы асманда Жылдыздар жанат Эң акыркы көргөнүм Эң биринчи сымал Чексиз ааламда жаралганыма Суктанып турат Таң калтырган сыйкырчылар! Көздөр кенен көрүп Кулак баарын тыңшаганда Эмне керек ар бир адамга Башка адамдан?! Сылык мамилени Сактаганча барктаганга Мээримдүү бойдон берилип койсоң! Эгерде эртеңки күндү акыркы десе (Бардык күндөрүм) Эгерде экинчи жолу кайтып келбесе (Бардык күндөрүм) Эгерде эртеңки күндү акыркы десе (Бардык күндөрүм) Эгерде экинчи жолу кайтып келбесе (Бардык күндөрүм) Эгерде эртеңки күндү акыркы десе (Бардык күндөрүм) Эгерде экинчи жолу кайтып келбесе (Бардык күндөрүм)
  • Колумду сунамын сага Колумду сунамын Сен дагы кадамыңды бери карай таштагын эй Ошол кезде чыгыш мүмкүн караңгыдан Бирок өзүңдүн күчүнө кана ишенип баштагын сен [1-й куплет: G-Voo] Ойго батып жаткан кезде Жакыныңдын күлкүсүн эсте Толкунданып турган кезде Тура эмес чечимдериге чуркабагын тезден Жамандыктын бары калат артта Кыйынчылыктарды дагы барктай бил Тажыйрбалуу көз ирмемди дагы эске сактай бил Эгерде унутуп калсан кой дагы бир жолу, чөгөлү чогу Ага көп убакыт кетирбей жүргөнүбү кейибей Кел чогу мени менен чогу Көңүлүңө мукташ болгон адамга ардайлы бирдей See upcoming rap shows Get tickets for your favorite artists You might also like Айырмасы Жок! (It doesn’t matter) 7Gen