Казахские песни Узбекские песни

Песня «Айырмасы Жок»
исполнителя 7gen.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Айырмасы жок, көчөдө кандай аба ырайы болуп жатканы,
Менин маанайым бийикте, кичинекей күкүм болсом да адамзаттагы!
Айырмасы жок каерде эмгектенип канча акча тапканың,
Менин маанайым бийикте, кичинекей күкүм болсом да адамзаттагы!
Укмуш чыдамкайлуу сезим менен жашасаң,
Жиндин жини келип качып кетет адамдан.
Ооп кетип калба тең турганда таразаң,
Жалгыз жашоону жакшы жашаганга жарасаң.
Баш түшүрбөгүң оор абалда,
Оор абалдай сезимди аракет кылып көр оодарганга!
Ачууң бир метр болсо сабыр тап гектарга!
Анан айтыш оңой деп салба!
Күн артынан күн өтөт, күн ачык же күн бүркөк
болсо дагы өзүңдөн башталат эң жакшы күн!
Маанайды бир көтөрүп мүнөттөрүңдү өткөр,
Ачууланбай жашап көр, ачууланбай жасап көр баарын!
Айырмасы жок, көчөдө кандай аба ырайы болуп жатканы,
Менин маанайым бийикте, кичинекей күкүм болсом да адамзаттагы!
Айырмасы жок каерде эмгектенип канча акча тапканың,
Менин маанайым бийикте, кичинекей күкүм болсом да адамзаттагы!
Көпчүлүктө кылыгыма теңдей,
Өзүм өзүмө жеңилбегендей,
Кайра кайткан берекемдей
Мен деле жакшы болгум келет сендей.
Атам бар шүгүр, Апам бар шүгүр,
Эжекелерим, агам бар шүгүр!
Үй-бүлөөмдөн тышкары жанымда
Мага мээрими көп адамдар шүгүр!
Көптөгөн нерсеге кубанганга
Үлгүрбөйсүң улам уланганда.
Арт артынан, жарт жартынан
Кудайдан бирдеме суранганда!
Ар кандай кыйынчылыкта чыдамкайлык болгондо,
колуң бар бүтүр, бутуң бар жүгүр шылтоону колдонбо!
Жооп бересиң “и ооба” деп,
Эгерде жоголсо адеп.
Эми бизде боло берет девей эле
Өзгөрүп койсо кантет!
Күн артынан күн өтөт, күн ачык же күн бүркөк
болсо дагы өзүңдөн башталат эң жакшы күн!
Маанайды бир көтөрүп мүнөттөрүңдү өткөр,
Ачууланбай жашап көр, ачууланбай жасап көр баарын!
Айырмасы жок, көчөдө кандай аба ырайы болуп жатканы,
Менин маанайым бийикте, кичинекей күкүм болсом да адамзаттагы!
Айырмасы жок каерде эмгектенип канча акча тапканың,
Менин маанайым бийикте, кичинекей күкүм болсом да адамзаттагы!

Другие песни исполнителя:

  • Ойлорумдун баары сен болдуң эй сен болдуң эй Сезимдерди арбап жүрөгүмө чокту салдын эй Жан дүйнөмдү арнап сүйгөн жомоктогу баламын Көздөрүңдө Ысык-көлүм сүзүп сенде кааламын [1-Куплет - Ulukbek] Сенде калам ар дайым өзүң бийик маанайым бол Өзгөлөрдөн катайын өзүң жалгыз айдайым бол Күндөрүмдүн баарын өмүрүмдүн багын Гүлдөй жайнатып гүлдөй жайнатып Жалгыз мага арналчы Ай нурундай жамалын Сезимдерим жомоктой Өчпөйт тарыхын бойлой Жарыгым болуп мени менен түбөлүкө бирге болчу Асылым перим бул жашоомду сүйүнүчкө бөлөп койчу Тунук кыял тереңдеп өзүңө бекем мен байландым Балдай таттуу жандан артык ак сүйүүмдү сага арнадым [Кайырма] Ойлорумдун баары сен болдуң эй сен болдуң эй Сезимдерди арбап жүрөгүмө чокту салдын эй Жан дүйнөмдү арнап сүйгөн жомоктогу баламын Көздөрүңдө Ысык-көлүм сүзүп сенде кааламын See upcoming rap shows Get tickets for your favorite artists You might also like wacced out murals Kendrick Lamar reincarnated Kendrick Lamar tv off Kendrick Lamar [2-Куплет - 7Gen] Бул перини көргөн эмесмин мен жашаган жерлерде Көргөм бир жолу түшкө киргенде Бул перини көргөн эмесмин мүмкүнчүлүк келгенде Жалгыз мага көрүнбөй көрүнөт элдерге Ойлонуп көрсөң балким ал кыз чындап жаныңда Жашап келет кошунаңдын билинбеген тамында Көңүл бурбайт эптеп сөз байлаган дос балдарыңа Жалгыз татыктууну күтөт келет деп өз убагында Эң кыйын нерсе жетиш толук ишеничине Канча кыйын ошончо бекем мамиле Эң оңой нерсе чыгып кетиш ишеничинен Ал сенсиз билбейм сен алсыз алсыз дагы эле Бирок чындап билгим келет атын Бул ой максатым Канчалыка чейин өзүн терең катты Аракет кылып көргөнгө барбы акым Кучагыма бекем кармаганы жакын [Кайырма] Ойлорумдун баары сен болдуң эй сен болдуң эй Сезимдерди арбап жүрөгүмө чокту салдын эй Жан дүйнөмдү арнап сүйгөн жомоктогу баламын Көздөрүңдө Ысык-көлүм сүзүп сенде кааламын
  • Эгерде эртеңки күндү акыркы десе (Бардык күндөрүм) Эгерде экинчи жолу кайтып келбесе (Бардык күндөрүм) Эгерде эртеңки күндү акыркы десе (Бардык күндөрүм) Эгерде экинчи жолу кайтып келбесе (Бардык күндөрүм) Эгерде Эртеңки күндү акыркы десе Эң биринчиден, не кылмак элең?! Каерде болбоюн мен Ким менен болбоюн менин көз алдымда алгачкыдан турат ата-энем! Кучактайм! Бекем-бекем кысып кучактайм атакемди Бекем кысып кучактайм апакемди! Мени мээримине суусатпай Ата-энемдин сүйүүсү тунук булактай! Элестетсең Акыркы жолу күн көрөсүң эртең! Элестетсең Аска тоолуу жер тегизделген! Элестетсең Эмне калат келип кетсең! Кызыгың болсо элестетсең Элестетсең! Эгерде Эртеңки күндү акыркы десе (Бардык күндөрүм) Эгерде Экинчи жолу кайтып келбесе (Бардык күндөрүм) Эгерде Эртеңки күндү акыркы десе (Бардык күндөрүм) Эгерде Экинчи жолу кайтып келбесе (Бардык күндөрүм) Азыркы сезим Такыр кетпесин жанымдан Менин жанымдан Акыркы сезим Бактын бергенсип табылган! Капкараңгы асманда Жылдыздар жанат Эң акыркы көргөнүм Эң биринчи сымал Чексиз ааламда жаралганыма Суктанып турат Таң калтырган сыйкырчылар! Көздөр кенен көрүп Кулак баарын тыңшаганда Эмне керек ар бир адамга Башка адамдан?! Сылык мамилени Сактаганча барктаганга Мээримдүү бойдон берилип койсоң! Эгерде эртеңки күндү акыркы десе (Бардык күндөрүм) Эгерде экинчи жолу кайтып келбесе (Бардык күндөрүм) Эгерде эртеңки күндү акыркы десе (Бардык күндөрүм) Эгерде экинчи жолу кайтып келбесе (Бардык күндөрүм) Эгерде эртеңки күндү акыркы десе (Бардык күндөрүм) Эгерде экинчи жолу кайтып келбесе (Бардык күндөрүм)