Казахские песни Узбекские песни

Старинные азербайджанские песни

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Старинные

  • Жүр ээрчишип кетели өрүкзарга, Сунушумду суранам, четке какпа. Сүйүүбүзгө жолугуп айлуу түндө, Сыйыналы бир келген, сыйыналы бир келген бактыбызга. Мөл булакка барабыз ай тоскону Ат жалында шамалга ойношкону. Кечикпейли бир келген бактыбыздан, Өрүкзарга кетели, өрүкзарга кетели макул болчу. Айлуу түнгө никелеп сүйүүбүздү, Өрүкзарга чачалы күлкүбүздү. Жылдыздардын терели чачыласын, Булактарга сүйдүрүп, булактарга сүйдүрүп жүзүбүздү. Комуз менен.
  • Мезгил сансыз өтсө дагы арадан, Мен өзүңдү табам го деп самагам. Карааныңа куса болдум көп издеп, Кайдасың сен жүрөк гүлүм садагам? Кайдасың сен жүрөк сүйгөн садагам! Кыламыктан көрүнөр деп издериң, Кычыраган кышкы аязда издедим. Аракетим текке кетип анда да, Антсе дагы сенден күдөр үзбөдүм. Анда дагы сенден үмүт үзбөдүм. Мейли мезгил өтө берсин токтобой, Мен өзүңдү бул дүйнөдөн жоктобойм. Ыр жашаган жүрөгүмдө жашайсың, Элестериң эч бир жанга окшобой. Мүнөздөрүң эч бир жанга окшобой. Ыр түнөгөн жүрөгүмдө түнөйсүң, Кыялдарың эч бир жанга окшобой.
  • Сүйөм сени, сүйөм күндөй көктөгү, Сен күткөндөй сүйүүм жалп деп өчпөдү. Өрчүп, өрчүп улуу өрткө айланып, Өмүрүмдүн күлгүн кезин өрттөдү. Ак сүйүүнүн шек келтирбей салтына, Ардактасак, жетер болсок баркына. Экөөбүздү сезмек эмес тозоктой, Экөөбүздөн качмак эмес бакты да. Эми билдим, сүйүүлөрдү таптаза, Эзелтеден кайгы-капа баспаса. Азыркыдан адамдар да бактылуу, Азыркыдан дүйнө болмок башкача. Өкүт ыры чын сырымдай сезилсе, Эт жүрөгүң эңшерилип эзилсе. Өтүнөрүм абалыма түшүнүп, Кайрыла көр мен тирүүмдө, кечикпе.
  • Ай нуру бизге төгүлдү, Же, алтыным, аччы көңүлдү. Ардактап жүрүп өтөлү, Алдыда жапжаш өмүрдү. Күн нуру бизге төгүлдү, Же, күмүшүм, аччы көңүлдү. Гүлдөтүп жүрүп өтөлү, Күлгүндөй жапжаш өмүрдү. Жалбырак учат дирилдеп, Же жабыккан түрүн билдирер. Жашылдуу кезде жайнайлы, Жашообуз канча ким билет? Алыска кетем эл үчүн, Же кайрылып келем сен үчүн. Ардактап ырдап жүрө көр, Асылкеч курбум, мен үчүн.
  • Кыргыз жерин өз жерим деп басчулар, Кыргыз элин өз элим деп айтчулар. Уруу-уруу туш тарапка бөлүнбөй, Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар. Узак жылдар сиңип калган сезимге, Урук-уруу керек чыгар кезинде. Жаңы гана өсүп жаткан өлкөбүз, Өз балаңдай дайым турсун эсиңде. Эмгекчил эл, эл ичинде башчылар, Эл баалаган, эл шайлаган жакшылар. Ыдыранды урууларга бөлүнбөй, Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар. Ынтымакта ыйман менен, иш менен, Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар.
  • Түшүмө сени кирсе дейм, Түр көйнөк кийип келсе дейм. Түзөңдөн терип гүлдесте, Түшүмдө черди жазса дейм. Уйкумда түшкө кирсе дейм, Улуу төр жакка келсе дейм. Улардай мукам үн салып, “Убайым жебе” десе дейм. Санаамда түшкө кирсе дейм, Саймалуу төргө келсе дейм. Сары оору болгон жүрөктүн Сагынчын жазып келсе дейм. Таңга жуук түшкө кирсе дейм, Тамылжып жүзүң турса дейм. Таң калтып мени түшүмдө Таңшытып обон созсо дейм. Түшүмө сени кирсе дейм.
  • Туулган жерим асыл турагым, Сезимимде өчпөс чырагым. Симфония болсоң сен эгер, Нота болуп сага турайын. Кайырма: Кереметүү күүлөр куюлуп Кулагымда турат угулуп Туулган жерим сенде турбайбы Айтып бүткүс, кооз, сулуулук Түшкө кирсе күлгүн жамалың, Жүз көрүшүп сергип каламын. А сен болсо бүтпөс чоң дастан, Бар болгону мен бир сыяңмын. Кайырма: Обон салган талаа жаңыртып Кайрыктары миң бир кыялдын Дептер болсоң сансыз барактуу Из калтырар мен бир сыяңмын. Кайырма:
  • Бул турмуш дарак тура мөмөлөгөн, Мөмөсүн эсиргендер тебелеген. Мен сени жандап жүргөм, жашыл жолду, Бөлүнбөй кете берем деген элем. Бул турмуш деңиз тура кебелбеген, Жакшылык, жамандыгын ченебеген. Тымызын кош айтышып жаткан кезде, Мен сени унутам го деген элем. Көрсө, сен катар басып койбоптурсуң, Бүтүндөй өмүрүмдү ойноптурсуң. Жүрөктө балалыгым кандай калса, Сен дагы дал ошондой орноптурсуң.
  • Ынтымагы бар элдин таалайы, багы ачылат, Ынтымагы жок элдин тапканы бекер чачылат. Ынтымагы бар элдин эли чогуу жыйылат, Ынтымагы жок элдин эли качып суюлат. Ынтымагы бар элдин кары-жашы тоюнат, Ынтымагы жок элдин кара көзү оюлат. Ынтымагы бар элдин калага карды ток болот, Ынтымагы жок элиң бир-бирине ок болот. Ынтымагы бар элдин дүркүрөп өсөт балдары, Ынтымагы жок элдин сөзүнөн чыгат жалганы. Ынтымагы бар элдин адил болот улугу, Ынтымагы жок элдин нечен чыгат бузугу. Ынтымагы бар элдин кеңеш берет карысы, Ынтымагы жок элден тозуп качат баарысы. Ынтымагы бар элдин катар конот айылы, Ынтымагы жок элдин эч билинбейт дайыны. Ынтымагы бар элдин жарып сүйлөйт чечени, Ынтымагы жок элдин жабырап сүйлөйт нечени. Ынтымагы бар элдин келишимдүү баарысы, Ынтымагы жок элдин сөзүнүн кетет мааниси. Ынтымагы бар элдин меймандос болот аялы, Ынтымагы жок элдин адамга тиет залалы. Ынтымактуу эл болсо душманга тийген ок болот, Ынтымаксыз эл болсо дыркырап качып жок болот. Ынтымактуу биригет, ынтымаксыз бөлүнөт, Ынтымак элдин бакты бар, бир-бирине баркы бар.
  • Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде, Аскасы көк асманга тийген кезде. Мен дагы жолго чыгам таңды тосо, Кучактайм ой-кырларын нурга кошо. Улуусуң, кыргыз жери, нурдан бүткөн, Сулуусуң, кыргыз жери, ырдан бүткөн. Ысык-Көл жердин көркү, кырлар кашы, Адырлар көкүрөгү, токой чачы. Дайралар кан тамыры, чоку таажы, Седеби, топчулары, ар бир ташы. Кең жүздүү, гүл денелүү кыргыз жери, Күн жүздүү, берекелүү кыргыз жери. Жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде, Жарык нур жер жамалын өпкөн кезде. Көл чалкып, тоолор койнун ачкан кезде, Дил жаркып, таң күлкүсүн чачкан кезде. Көркүңө көрк кошулат, кыргыз жери, Сезилет ата-энелик мээримдери.
  • Татына, таттуу балам, Талпынсаң таңдай жанам. Таалайлуу күн тартуулап, Чарчоону унуткарам. Кайырма: Бар болгун, айдай балам, Бар дүйнөм сендик гана. Ак жолдо тай-тайлайын, Акырын басчы кана. Баскан жол узак болсун, Бакытты тилейм сага. Жыттасам жыргап калам, Жыргалсың өзүң мага. Турмушта кубанчымдын Баарын мен сенден алам. Кайырма: Жаныңдан жарым кадам, Кетүүгө жетпейт чамам. Ак сүтүм, ак тилегим, Боло көр элдик адам. Кайырма
  • Билгиң келсе, жаным, жүрөктүн сырын, Мен ырдайын сага махабат ырын. Кереметтүү күчүн кимдер сезбеген, Дирил каккан назик жүрөктүн кылын. Сезимдердин ыйык төрүн ээлеген, Өчпөсүнчү сүйүү миңдеген кылым. Азгырса да жаркын турмуш жомогуң, Аз өмүрдө ар ким — жашоо коногу. Уч-кыйрына жеткис улуу мухиддей, Улам кызык көркөм өмүр тоолору. Ошондо да орду толбос башкага, Оболосун махабаттын обону. Канча кыйын болсо махабат табуу, Андан кыйын дешет аздектеп алуу. Жан дүйнөгө толгон махабат тапса, Ал тагдырда күндөй алоолоп жануу. Кайталангыс калкпыз ушул өмүрдө, Болбосунчу өксүп өкүттө калуу.
  • Жигиттин гүлү сен болсоң, Жибектин түрү мен болсом. Айтылган сөздүн маңызын а Жакшылап ой жигит ойлонсоң. Ойлосом ойдо турасың, Оюмду жигит бурасың. Ойлоп бир сени ырдасам, Оюнга шылтоо кыласың. Ак көйнөк кийсем жер чиет, Айылымда балдар көп жүрөт. Акылга туура келбесе, Аларды каалап ким сүйөт.
  • Кайда барсам, ошондо да сен болосуң, Өр таянсам гүлү көп да бел болосуң. Суусап кетсем көк кашкада булак болуп, Ысып кетсем, ысып кетсем айдарымда жел болосуң. Китеп ачсам карайсың сен тамга болуп, Бакка кирсем карайсың сен алма болуп. Комуз алсам күү болуп да жашыл бакта, Булбул болуп, булбул болуп сайрайсың сен талга конуп. Тереземден киресиң сен аба болуп, Дартты айдайсың денемдеги даба болуп. Канат болуп күүлөйсүң да үмүтүмдү, Сагынтасың, сагынтасың чеги жок да санаа болуп. Сууну көрсөм ак мөлтүр да шар болосуң, Дайын жоктон жаралып сен бар болосуң. Баары болуп жүрөсүң го, бирок айтсаң Качан мага, качан мага өмүрлүккө жар болосуң?