Казахские песни Узбекские песни

Песня «Тушумо сени кирсе дейм»
исполнителя Саламат Садыкова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Түшүмө сени кирсе дейм,
Түр көйнөк кийип келсе дейм.
Түзөңдөн терип гүлдесте,
Түшүмдө черди жазса дейм.

Уйкумда түшкө кирсе дейм,
Улуу төр жакка келсе дейм.
Улардай мукам үн салып,
“Убайым жебе” десе дейм.

Санаамда түшкө кирсе дейм,
Саймалуу төргө келсе дейм.
Сары оору болгон жүрөктүн
Сагынчын жазып келсе дейм.

Таңга жуук түшкө кирсе дейм,
Тамылжып жүзүң турса дейм.
Таң калтып мени түшүмдө
Таңшытып обон созсо дейм.
Түшүмө сени кирсе дейм.

Другие песни исполнителя:

  • Жигиттин гүлү сен болсоң, Жибектин түрү мен болсом. Айтылган сөздүн маңызын а Жакшылап ой жигит ойлонсоң. Ойлосом ойдо турасың, Оюмду жигит бурасың. Ойлоп бир сени ырдасам, Оюнга шылтоо кыласың. Ак көйнөк кийсем жер чиет, Айылымда балдар көп жүрөт. Акылга туура келбесе, Аларды каалап ким сүйөт.
  • Сен кызыл гүл жайнаган, Мен булбул бакта сайраган. Сен бир панар, мен паана, Жарыгың тийсе жайланам. Кылчайып булбул конууга, Кызыгат кызыл гүлүңө. Бурулуп кулак сала жүр, Булбулдун мукам үнүнө. Сен пароход көлдөгү, Мен кемечи, айдаган. Баш кошуп жаңы жетерде, Багымды толкун байлаган. Күлүп өт, гүлүң бар чакта, Күйүттү бойго таркатпа. Бурулуп бакта сайраган, Булбулдун тилин чарчатпа.