Казахские песни Узбекские песни

Саламат Садыкова.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Саламат Садыкова

  • Кыргыз жерин өз жерим деп басчулар, Кыргыз элин өз элим деп айтчулар. Уруу-уруу туш тарапка бөлүнбөй, Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар. Узак жылдар сиңип калган сезимге, Урук-уруу керек чыгар кезинде. Жаңы гана өсүп жаткан өлкөбүз, Өз балаңдай дайым турсун эсиңде. Эмгекчил эл, эл ичинде башчылар, Эл баалаган, эл шайлаган жакшылар. Ыдыранды урууларга бөлүнбөй, Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар. Ынтымакта ыйман менен, иш менен, Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар.
  • Туулган жерим асыл турагым, Сезимимде өчпөс чырагым. Симфония болсоң сен эгер, Нота болуп сага турайын. Кайырма: Кереметүү күүлөр куюлуп Кулагымда турат угулуп Туулган жерим сенде турбайбы Айтып бүткүс, кооз, сулуулук Түшкө кирсе күлгүн жамалың, Жүз көрүшүп сергип каламын. А сен болсо бүтпөс чоң дастан, Бар болгону мен бир сыяңмын. Кайырма: Обон салган талаа жаңыртып Кайрыктары миң бир кыялдын Дептер болсоң сансыз барактуу Из калтырар мен бир сыяңмын. Кайырма:
  • Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде, Аскасы көк асманга тийген кезде. Мен дагы жолго чыгам таңды тосо, Кучактайм ой-кырларын нурга кошо. Улуусуң, кыргыз жери, нурдан бүткөн, Сулуусуң, кыргыз жери, ырдан бүткөн. Ысык-Көл жердин көркү, кырлар кашы, Адырлар көкүрөгү, токой чачы. Дайралар кан тамыры, чоку таажы, Седеби, топчулары, ар бир ташы. Кең жүздүү, гүл денелүү кыргыз жери, Күн жүздүү, берекелүү кыргыз жери. Жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде, Жарык нур жер жамалын өпкөн кезде. Көл чалкып, тоолор койнун ачкан кезде, Дил жаркып, таң күлкүсүн чачкан кезде. Көркүңө көрк кошулат, кыргыз жери, Сезилет ата-энелик мээримдери.
  • Татына, таттуу балам, Талпынсаң таңдай жанам. Таалайлуу күн тартуулап, Чарчоону унуткарам. Кайырма: Бар болгун, айдай балам, Бар дүйнөм сендик гана. Ак жолдо тай-тайлайын, Акырын басчы кана. Баскан жол узак болсун, Бакытты тилейм сага. Жыттасам жыргап калам, Жыргалсың өзүң мага. Турмушта кубанчымдын Баарын мен сенден алам. Кайырма: Жаныңдан жарым кадам, Кетүүгө жетпейт чамам. Ак сүтүм, ак тилегим, Боло көр элдик адам. Кайырма
  • Мейли тагдыр мага башың ийбегин, Мейли тагдыр мага жарык тийбегин. Бул жашоомдо жүрсүн жарык күн тийип, ай, Медер туткан ата-энеме тийбегин Мейли, тагдыр өлчө-калча, бийлегин, Мейли, тагдыр, камыр кылып ийлегин. Мен өзүңдөн башка нерсе сурабаймын, Медер туткан балдарыма тийбегин. Мейли, тагдыр, сыйлыгыңды бербегин, Байлыгыңды маңдайыма илбегин. Андан өткөн мага байлык, бакыт жок ай, Суранарым бир боорума тийбегин, Бир тууганым, жакыныма тийбегин. Мейли, тагдыр, айткан тилди албагын, Бошко согуп, ташка согуп алдагын. Жашап дайым өчпөс кылып түбөлүк, ай, Жүрөктөгү сүйүүмө шек салбагын, Түбөлүктүү доторума тийбегин. Мен өзүңдөн башка нерсе сурабаймын, Суранарым ата-энеме тийбегин. Суранарым балдарыма тийбегин. Суранарым эл-журтума тийбегин.
  • Мезгил сансыз өтсө дагы арадан, Мен өзүңдү табам го деп самагам. Карааныңа куса болдум көп издеп, Кайдасың сен жүрөк гүлүм садагам? Кайдасың сен жүрөк сүйгөн садагам! Кыламыктан көрүнөр деп издериң, Кычыраган кышкы аязда издедим. Аракетим текке кетип анда да, Антсе дагы сенден күдөр үзбөдүм. Анда дагы сенден үмүт үзбөдүм. Мейли мезгил өтө берсин токтобой, Мен өзүңдү бул дүйнөдөн жоктобойм. Ыр жашаган жүрөгүмдө жашайсың, Элестериң эч бир жанга окшобой. Мүнөздөрүң эч бир жанга окшобой. Ыр түнөгөн жүрөгүмдө түнөйсүң, Кыялдарың эч бир жанга окшобой.
  • Сыртына барып айылдын, Сырдашкан чакты сагындым. Түгөнбөй сырдын түйүнү, Түбүндө аппак кайыңдын. Ал кайың турат, өзүң жок, Андагы айткан сөзүң жок. Арзыган жарга кошпогон, Ах сүйүү, сенин көзүң жок. Жылдызын көктөн каратып, Жылмайып тоодон таң атып. Кадыр түн тоскон кездер, ай, Кай жакта калдың адашып? Кайырма: Ал кайың турат, өзүң жок, Андагы айткан сөзүң жок. Айтылган сөзгө турбаган Эх сүйүү, сенин көзүң жок. Айтылган таттуу ант калып, Жүрөктөн кетпес так калып. Сен кеттиң кайра кайрылбай, Мен турам көзгө жаш алып. Кайырма: Ал кайың турат, өзүң жок, Андагы айткан сөзүң жок. Арзыган жарга кошпогон, Эх сүйүү, сенин көзүң жок. Ах, сүйүү, сенин көзүң жок.
  • Бул турмуш дарак тура мөмөлөгөн, Мөмөсүн эсиргендер тебелеген. Мен сени жандап жүргөм, жашыл жолду, Бөлүнбөй кете берем деген элем. Бул турмуш деңиз тура кебелбеген, Жакшылык, жамандыгын ченебеген. Тымызын кош айтышып жаткан кезде, Мен сени унутам го деген элем. Көрсө, сен катар басып койбоптурсуң, Бүтүндөй өмүрүмдү ойноптурсуң. Жүрөктө балалыгым кандай калса, Сен дагы дал ошондой орноптурсуң.
  • Билгиң келсе, жаным, жүрөктүн сырын, Мен ырдайын сага махабат ырын. Кереметтүү күчүн кимдер сезбеген, Дирил каккан назик жүрөктүн кылын. Сезимдердин ыйык төрүн ээлеген, Өчпөсүнчү сүйүү миңдеген кылым. Азгырса да жаркын турмуш жомогуң, Аз өмүрдө ар ким — жашоо коногу. Уч-кыйрына жеткис улуу мухиддей, Улам кызык көркөм өмүр тоолору. Ошондо да орду толбос башкага, Оболосун махабаттын обону. Канча кыйын болсо махабат табуу, Андан кыйын дешет аздектеп алуу. Жан дүйнөгө толгон махабат тапса, Ал тагдырда күндөй алоолоп жануу. Кайталангыс калкпыз ушул өмүрдө, Болбосунчу өксүп өкүттө калуу.
  • Ынтымагы бар элдин таалайы, багы ачылат, Ынтымагы жок элдин тапканы бекер чачылат. Ынтымагы бар элдин эли чогуу жыйылат, Ынтымагы жок элдин эли качып суюлат. Ынтымагы бар элдин кары-жашы тоюнат, Ынтымагы жок элдин кара көзү оюлат. Ынтымагы бар элдин калага карды ток болот, Ынтымагы жок элиң бир-бирине ок болот. Ынтымагы бар элдин дүркүрөп өсөт балдары, Ынтымагы жок элдин сөзүнөн чыгат жалганы. Ынтымагы бар элдин адил болот улугу, Ынтымагы жок элдин нечен чыгат бузугу. Ынтымагы бар элдин кеңеш берет карысы, Ынтымагы жок элден тозуп качат баарысы. Ынтымагы бар элдин катар конот айылы, Ынтымагы жок элдин эч билинбейт дайыны. Ынтымагы бар элдин жарып сүйлөйт чечени, Ынтымагы жок элдин жабырап сүйлөйт нечени. Ынтымагы бар элдин келишимдүү баарысы, Ынтымагы жок элдин сөзүнүн кетет мааниси. Ынтымагы бар элдин меймандос болот аялы, Ынтымагы жок элдин адамга тиет залалы. Ынтымактуу эл болсо душманга тийген ок болот, Ынтымаксыз эл болсо дыркырап качып жок болот. Ынтымактуу биригет, ынтымаксыз бөлүнөт, Ынтымак элдин бакты бар, бир-бирине баркы бар.
  • Гүл ачышып бакта өскөн сирендер, Бүгүн, жаным, сени мага эскертти. Сүйүү менен көкүрөктө тирелген, Каяккадыр ирип агып кетсекчи. Кайырма: Келсечи кайрылып ошол бир мезгил, Эрте-кеч эзилип сени самаймын. Сезилет өмүргө шерик дайыма, Сен болуп маңдайга бүткөн таалайым. Белгисиз бир сезимдерим гүлдөдү, Сырым калбай эч бирөөдөн жашырган. Учуп чыккан жылдыз болуп түндөгү, Сага жетүүгө кандай гана ашыгам. Кайырма: Таарынбайлы биз эч качан тагдырга, Бул турмуштун бурулушу ар кандай. Ал кездерди элестете калганда, От чачырап туруп калам жана албай. Кайырма:
  • Куш көрсөм ай-асманда жалгыз учкан, Ыйлагым келет кээде жалгыздыктан. Жан эзип элесиңди эркелетем, Өзүңдү көрүп алып көз жашымдан. Бактысыз күнүм узарып, Баса албай жүрөм тушалып. Жаздыктын эки жагында, Сагыныч менен кусалык. Ууландым арзуу деген балдай уудан, Мен сенсиз жашаганга жаным курман. Болсун деп бой боздоймун өмүр бою, Шамалдай өзүнө өзү аска курган. Кайырма: Кутул деп ким бирөөнүн кучагынан, Жанымды жанга ургулап улам-улам. Балыктын үнү менен кыйкырамын, Калтылдап кайырмакта туйлап турган. Кайырма:
  • Элесиңди карап турсам сүрөттөн, Эске түшөт көлдүн жээги гүл өскөн. Эсиңдеби, кечиндеги сырдашуу, Сууруп чыгып таттуу сөздү жүрөктөн? Жүрөгүмдө сүйүү турса чыдатпай, Жүзүң жанат балбылдаган чырактай. Суктандырдың, суусаттырдың кайрадан, Эзелтеден бирге жүргөн ынактай. Сансыз жылдыз бизди гана карашып, Сени менден, мени сенден талашып. Ойноп-күлүп, көпкө жүрдүк, жаркыдык, Кеткичекти аппак болуп таң атып.
  • Асман бүркөк, асман сырдуу көрүнсө, Дарактардан жалбырактар төгүлсө. Тынчы кетип, бугу толгон көңүлүм, Булуттардай уйгу-туйгу бөлүнсө. Мен сени эстеп, тартып санаа-убайым, Күн бүркөлбөй, мен бүркөлгөн убагым. Терезеңди жалбырактар аймалап, Терезеңден жалдыраса ай карап. Терезеңди черте качат уктатпай, Тегеренип кошо жүрсө жарганат. Ал жарганат, ал тынчы жок жалбырак, Ал ай менмин карап турган жалдырап. Ыйык сырды мен билсем да, сен билсең, Сен түш көрсөң, ал түшүң мен кирсем. Сүрөтүңө мас болгондой таң калып, Сөз сүйлөбөй сени тиктеп телмирсем. Бир сен үчүн унутуп бүт дүйнөнү, Билгин, жаным, жүрөгүмдүн күйгөнүн.
  • Жүр ээрчишип кетели өрүкзарга, Сунушумду суранам, четке какпа. Сүйүүбүзгө жолугуп айлуу түндө, Сыйыналы бир келген, сыйыналы бир келген бактыбызга. Мөл булакка барабыз ай тоскону Ат жалында шамалга ойношкону. Кечикпейли бир келген бактыбыздан, Өрүкзарга кетели, өрүкзарга кетели макул болчу. Айлуу түнгө никелеп сүйүүбүздү, Өрүкзарга чачалы күлкүбүздү. Жылдыздардын терели чачыласын, Булактарга сүйдүрүп, булактарга сүйдүрүп жүзүбүздү. Комуз менен.
  • Жигиттин гүлү сен болсоң, Жибектин түрү мен болсом. Айтылган сөздүн маңызын а Жакшылап ой жигит ойлонсоң. Ойлосом ойдо турасың, Оюмду жигит бурасың. Ойлоп бир сени ырдасам, Оюнга шылтоо кыласың. Ак көйнөк кийсем жер чиет, Айылымда балдар көп жүрөт. Акылга туура келбесе, Аларды каалап ким сүйөт.
  • Сүйөм сени, сүйөм күндөй көктөгү, Сен күткөндөй сүйүүм жалп деп өчпөдү. Өрчүп, өрчүп улуу өрткө айланып, Өмүрүмдүн күлгүн кезин өрттөдү. Ак сүйүүнүн шек келтирбей салтына, Ардактасак, жетер болсок баркына. Экөөбүздү сезмек эмес тозоктой, Экөөбүздөн качмак эмес бакты да. Эми билдим, сүйүүлөрдү таптаза, Эзелтеден кайгы-капа баспаса. Азыркыдан адамдар да бактылуу, Азыркыдан дүйнө болмок башкача. Өкүт ыры чын сырымдай сезилсе, Эт жүрөгүң эңшерилип эзилсе. Өтүнөрүм абалыма түшүнүп, Кайрыла көр мен тирүүмдө, кечикпе.