Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жалгыздык»
исполнителя Саламат Садыкова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Куш көрсөм ай-асманда жалгыз учкан,
Ыйлагым келет кээде жалгыздыктан.
Жан эзип элесиңди эркелетем,
Өзүңдү көрүп алып көз жашымдан.
Бактысыз күнүм узарып,
Баса албай жүрөм тушалып.
Жаздыктын эки жагында,
Сагыныч менен кусалык.
Ууландым арзуу деген балдай уудан,
Мен сенсиз жашаганга жаным курман.
Болсун деп бой боздоймун өмүр бою,
Шамалдай өзүнө өзү аска курган.
Кайырма:
Кутул деп ким бирөөнүн кучагынан,
Жанымды жанга ургулап улам-улам.
Балыктын үнү менен кыйкырамын,
Калтылдап кайырмакта туйлап турган.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Кайда барсам, ошондо да сен болосуң, Өр таянсам гүлү көп да бел болосуң. Суусап кетсем көк кашкада булак болуп, Ысып кетсем, ысып кетсем айдарымда жел болосуң. Китеп ачсам карайсың сен тамга болуп, Бакка кирсем карайсың сен алма болуп. Комуз алсам күү болуп да жашыл бакта, Булбул болуп, булбул болуп сайрайсың сен талга конуп. Тереземден киресиң сен аба болуп, Дартты айдайсың денемдеги даба болуп. Канат болуп күүлөйсүң да үмүтүмдү, Сагынтасың, сагынтасың чеги жок да санаа болуп. Сууну көрсөм ак мөлтүр да шар болосуң, Дайын жоктон жаралып сен бар болосуң. Баары болуп жүрөсүң го, бирок айтсаң Качан мага, качан мага өмүрлүккө жар болосуң?
  • Санаалар уюп, сайылып канжар сезимге, Сагыньп сени, саргайып жүргөн кезимде. Ак толкун болуп, ак шоокум болуп, Көрүнчү мага, периштем. Көңүлүм эңсеп тайызды эмес, тереңди, Түндүктүн суугу турганда каптап денемди. Аскарым болуп, ак жалын болуп, Жылытчы мени, периштем. Чарчадым эми дайыма тынбай сени издеп, Турамын азыр кабагым бүркөө, сени эңсеп. Ак таңым болуп, ак шамым болуп, Жолукчу мага, периштем. Ак толкун болуп, ак шоокум болуп, Көрүнчү мага, периштем. Түшүмө кирчи, периштем.
  • Мезгил сансыз өтсө дагы арадан, Мен өзүңдү табам го деп самагам. Карааныңа куса болдум көп издеп, Кайдасың сен жүрөк гүлүм садагам? Кайдасың сен жүрөк сүйгөн садагам! Кыламыктан көрүнөр деп издериң, Кычыраган кышкы аязда издедим. Аракетим текке кетип анда да, Антсе дагы сенден күдөр үзбөдүм. Анда дагы сенден үмүт үзбөдүм. Мейли мезгил өтө берсин токтобой, Мен өзүңдү бул дүйнөдөн жоктобойм. Ыр жашаган жүрөгүмдө жашайсың, Элестериң эч бир жанга окшобой. Мүнөздөрүң эч бир жанга окшобой. Ыр түнөгөн жүрөгүмдө түнөйсүң, Кыялдарың эч бир жанга окшобой.