Казахские песни Узбекские песни

Саламат Садыкова.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн.
Страница 3

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Саламат Садыкова

  • Бабалардын намысындай, Көөдөн керип талаа жатат. Азоо өзөн агышындай, Жылдар өтүп бара жатат. Кайырма: Канат кагып учкан уям, Туулган айылым. Мен кай жакта жүрсөм дагы, Сени ойлодум, туулган элим. Кайда, кайда жүрсөм дагы, Сени ойлодум, туулган элим. Ойго залкар күү келгендей, Алып учат бала кыял. Ала-Тоого таянгандай, Таянамым, элим, сага. Тоолоруңа теңешемин, Тоого карай жүрүп келем. Сенин жаркын келечегиң, Болсом деген үмүт менен. Кайырма:
  • Көрүшкөндө көздөрүңдөн чагылган, Нурларынан курган кайран көпүрөм. Бекемине күмөн санап жаңылган, Өтүмү жок болгонума өкүнөм. Кайырма: Кимге айтып күйүтүмдү? Кимге барып өтүнөм? Кимге барып күнү–түнү? Кимге айтып күйүтүмдү? Кимге барып күнү–түнү? Кимге барып өтүнөм? Таңшыганча табышмактуу таң сыры, Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү. Табалабайм кайрылганда айт чынын, Артык бекен башка жердин көркөмү? Арбалсаң да бир келерсиң, Ала-Тоону көргөнү. Эстегенде сермелерсиң, Арбалсаң да бир келерсиң, Эстегенде сермелерсиң, Ала-Тоону көргөнү. Кала берем мекенимде сени эстеп, Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо. Өкүнгөнүң көңүлүмдө элестейт, Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо. Жалын бүрккөн үшкүрүгүң, Жалын бүрккөн үшкүрүгүм, Жаңырыгы жарар зоо.
  • Элесиңди карап турсам сүрөттөн, Эске түшөт көлдүн жээги гүл өскөн. Эсиңдеби кечиндеги сырдашуу, Сууруп чыгып таттуу сөздү жүрөктөн. Жүрөгүмдө сүйүү турса чыдатпай, Жүзүң жарык балбылдаган чырактай. Суктандырдың, суусаттырдың кайрадан, Эзелтеден бирге жүргөн ынактай. Сансыз жылдыз бизди гана карашып, Сени менден, мени сенден талашып. Ойноп-күлүп көпкө жүрдүк, жаркыным, Кеткичекти аппак болуп таң атып.
  • Жамгыр төктү эч басылбай, Биз келаттык көл-шал болуп. Жол кароого көз ачырбай, Бет алдыдан шамал согуп. Кайырма: Күн күркүрөп жамгыр төккөн, Ошол күнүм кайда кеткен? Жаштыгымдай же кечээги, Кайрылбай кетеби? Жамгыр төктү эске түштүң, Алыс калган жаштыгымдай. Сагынтасың жүрөктү эзип, Колдон учкан ак куумдай. Кайырма: Жылдар учат канаттуудай, Жамгыр төгөт эч басылбай. Жамгырларда эскерербиз, Алгач сүйүү унутулбай. Кайырма:
  • Он сегиз жаш, Тоодо тунук булак белең? Болбосо андан учкан бубак белең? Кайрылбай кайда кеттиң, айтчы деги? Адашып айлыңды мен сурап келем. Он сегиз жаш, Жайдын жарык таңы белең? Болбосо боз туйгундун шамы белең? Бир жолу кайрылбастай тамшандырган, Жылт эткен жаштыгымдын шамы белең? Он сегиз жаш, Күндө беле сенин серең? Болбосо жүрөгүмдүн тең белең. Кош эми, өкүнсөм да унутпаймын, Өткөргөн өмүрүмдү сени менен. Тарынбачы жүрөгүмдүн төрүндөсүң.
  • Биз жолуктук, билбейм, качан, үмүтүм, Бийлеп алдың жүрөгүмдү сен бүтүн. Бир жолу эмес, Тагдырга миң, таалайыма ырахмат. Бизди кошкон ошол бейпил, ошол айлуу Ошол сулуу түн үчүн. Мен өмүрдө далай жолу ыйладым, Мээрим издеп, өзүмдү-өзүм кыйнадым. Жолукканда ошол күнү, Эң биринчи жолукканда өзүңө. Көңүл дегдеп, көлкүлдөдүм, толкундадым, Жүрөгүмө сыйбадым. Ошондогу сулуулугу, эй, дүйнөнүн! Мен Жер шаарын бүт айланып жүргөнмүн. Кайырма: Билбесем да бар экенин, Бул дүйнөдө ак сүйүү. Качандыр бир, Мен өзүңө эрте-кечтир, Жолугарым билгенмин.
  • Бук болгон бул дүйнөмдү канча алдадым, Буулуктум билбеген соң кайтар жагым. Ак куулар учуп өтсө карай берем, А балким, айтабы деп кабарыңды. Ак гүлдөр, аппак гүлдөр, ай- күндөр, Адашкан жамгыр көрдүм, айта албадым. Сагынып санаа дагы, баягы ырды, Сай бойлоп тоскум келди шамалыңды. Күн сайын сен тарапты тиктей берем, Күтүүнүн чөлүндө өттү канча арманым? Көк гүлдөр, көпкөк гүлдөр, көркөм гүлдөр, Көрүүгө зар кылдың го карааныңды. Билбеймин качан кетем, качан келдим? Бир бурчун таба албадым батар жердин. Биз эми бул жалгандан кездешпейбиз, Бир гана сен деп өңдөн азар менмин. Жаш болбойм, жакын болбойм, жар да болбойм, Сен мага азап болдуң, жашай бергин, Сен мага арман болдуң, жашай бергин.
  • Түндөгү гана менин түшүмдө, Түйүнүн гана эркем түшүнсө. Түңүлбө гана менден жаш көңүл, И койчу, түбөлүк үчүн түзүлсө. Абалкы менин түшүмдө, Абайлап эркем түшүнсө. Андагы гана көргөн түшүмдү, Айныбас үчүн түзүлсө. Санаама түшсөң ар дайым, Сабылып гана жүрөк оорутам. Сен үчүн көргөн түшүмдү, Сырдашып кимге жорутам?
  • Сен кызыл гүл жайнаган, Мен булбул бакта сайраган. Сен бир панар, мен паана, Жарыгың тийсе жайланам. Кылчайып булбул конууга, Кызыгат кызыл гүлүңө. Бурулуп кулак сала жүр, Булбулдун мукам үнүнө. Сен пароход көлдөгү, Мен кемечи, айдаган. Баш кошуп жаңы жетерде, Багымды толкун байлаган. Күлүп өт, гүлүң бар чакта, Күйүттү бойго таркатпа. Бурулуп бакта сайраган, Булбулдун тилин чарчатпа.
  • Ай нуру бизге төгүлдү, Же, алтыным, аччы көңүлдү. Ардактап жүрүп өтөлү, Алдыда жапжаш өмүрдү. Күн нуру бизге төгүлдү, Же, күмүшүм, аччы көңүлдү. Гүлдөтүп жүрүп өтөлү, Күлгүндөй жапжаш өмүрдү. Жалбырак учат дирилдеп, Же жабыккан түрүн билдирер. Жашылдуу кезде жайнайлы, Жашообуз канча ким билет? Алыска кетем эл үчүн, Же кайрылып келем сен үчүн. Ардактап ырдап жүрө көр, Асылкеч курбум, мен үчүн.
  • Сүйөм сени, сүйөм күндөй көктөгү, Сен күткөндөй сүйүүм жалп деп өчпөдү. Өрчүп, өрчүп улуу өрткө айланып, Өмүрүмдүн күлгүн кезин өрттөдү. Ак сүйүүнүн шек келтирбей салтына, Ардактасак, жетер болсок баркына. Экөөбүздү сезмек эмес тозоктой, Экөөбүздөн качмак эмес бакты да. Эми билдим, сүйүүлөрдү таптаза, Эзелтеден кайгы-капа баспаса. Азыркыдан адамдар да бактылуу, Азыркыдан дүйнө болмок башкача. Өкүт ыры чын сырымдай сезилсе, Эт жүрөгүң эңшерилип эзилсе. Өтүнөрүм абалыма түшүнүп, Кайрыла көр мен тирүүмдө, кечикпе.
  • Калп эле мен өзүмдү алдай албайм, Калп эле жазың болуп жайнай албайм. Кайыр кош, арманымдын айыпкери, Капаста торгой болуп сайрай албайм, Капаста булбул болуп сайрай албайм! Күтө албай күнүбүздү, Күбүдүк гүлүбүздү. Соңку жолу ырдайм сага, Соолуган сүйүүбүздү. Толкунду тоскум келип шарпылдатпай, Тордолгон тар дүйнөңө калдым батпай. Энчилеп жалгыздыкты жолго чыктым, Элим бар күтүп алар жалгыздатпай, Элим бар тосуп алар жалгыздатпай. Эми сен созбо колуң, Эскини козгобогун. Жеңилип турмушумдан, Жетишет коздогонуң, боздогонум. Бир келген жаштыгыма тагдырлашмын, Кирдеген жан дүйнөңө кайрылбасмын. Дүйнөнүн жыргалынан айрылсам да, Мен сүйгөн ырларымдан айрылбасмын. Билгизип маанайымды, Бир тилек каалайынбы? Таарынбай тагдырыңа, Тапкын өз таалайыңды. Көңүлүм кыйылды, Көз жашым тыйылды. Турмуштан өтөмүн мен, Туу кылып ырымды.
  • Жылуу кийин, жолуң катаал үшүрсүң, Кыш да катуу… бороон улуп, кар уруп… Суугуңду өз мойнума алайын, Токтой турчу, из карайын, Ата-Журт! Жазда башка… жел тийбесин абайла, Көпкө турбас, мобул турган сур булут. Бүт дартыңды өз мойнума алайын, Сен ооруба, мен ооруюн, Ата-Журт! Түндөр жаман… кырсык салып кетпесин, Наалат келип ат тизгинин шарт буруп… Азабыңды өз мойнума алайын, Токтой турчу, из карайын, Ата-Журт! Жазда башка… жел тийбесин абайла, Көпкө турбас, мобул турган сур булут. Бүт дартыңды өз мойнума алайын, Сен ооруба, мен ооруюн, Ата-Журт!
  • Ынтымагы бар элдин таалайы, багы ачылат, Ынтымагы жок элдин тапканы бекер чачылат. Ынтымагы бар элдин эли чогуу жыйылат, Ынтымагы жок элдин эли качып суюлат. Ынтымагы бар элдин кары-жашы туюнат, Ынтымагы жок элдин кара көзү оюлат. Ынтымагы бар элдин калага карды ток болот, Ынтымагы жок элдин бир бирине октолот. Ынтымагы бар элдин дүркүрөп өсөт балдары, Ынтымагы жок элдин сөзүнөн чыгат жалганы. Ынтымагы бар элдин адил болот улугу, Ынтымагы жок элдин ишинен чыгат бузугу. Ынтымагы бар элдин кеңеш берет карысы, Ынтымагы жок элдин тозуп качат баарысы. Ынтымагы бар элдин катар конот айылы, Ынтымагы жок элдин эч билинбейт дайыны. Ынтымагы бар элдин жарып сүйлөйт чечени, Ынтымагы жок элдин жабырап сүйлөйт нечени. Ынтымагы бар элдин келишимдүү баары иши, Ынтымагы жок элдин сөзүнүн кетет мааниси. Ынтымагы бар элдин меймандос болот аягы, Ынтымагы жок элдин адамга тиет залалы. Ынтымактуу эл болсо душманга тийген ок болот, Ынтымаксыз эл болсо дыркырап качып жок болот. Ынтымактуу биригет, ынтымаксыз бүлүнөт. Ынтымак элдин бакты бар, бир-бирине баркы бар. Ынтымактуу биригет, ынтымаксыз бүлүнөт. Ынтымак элдин бакты бар, бир-бирине баркы бар.
  • Түшүмө сени кирсе дейм, Түр көйнөк кийип келсе дейм. Түзөңдөн терип гүлдесте, Түшүмдө черди жазса дейм. Уйкумда түшкө кирсе дейм, Улуу төр жакка келсе дейм. Улардай мукам үн салып, “Убайым жебе” десе дейм. Санаамда түшкө кирсе дейм, Саймалуу төргө келсе дейм. Сары оору болгон жүрөктүн Сагынчын жазып келсе дейм. Таңга жуук түшкө кирсе дейм, Тамылжып жүзүң турса дейм. Таң калтып мени түшүмдө Таңшытып обон созсо дейм. Түшүмө сени кирсе дейм.
  • Кыргыз элин өз элим деп айтчулар, Кыргыз жерин өз жерим деп басчулар, Бытыранды урууларга бөлүнбөй, Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар. Уруу-уруу, туш тарапка бөлүнбөй, Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар. Узак мезгил сиңип келген сезимге, Уруу, уруу керек чыгар кезинде. Жаңы гана өсүп жаткан өлкөбүз, Өз балаңдай, жаш балаңдай дайым турсун эсиңде. Эмгекчил эл, эл ичинде башчылар, Эл баалаган, эл шайлаган жакшылар, Ыйман менен ынтымакта иш менен Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар. Ынтымакта ыйман-ызаат иш менен Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар.
  • Убайым тартып алыстан, Унутуп бардык нерсени. Сары оору болуп ансыз да, Сагындым, туулган жер, сени. Канатым болсо азыр мен, Калкылдап учуп жетсем дейм. Калдайган сары талааңа, Карлыгач болуп кетсем бейм. Уктасам кирип түшүмө, Аргымак чапкан талаалар. Тыйылбай такыр кусалык, Тынчыбай койду санаалар!