Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жамгыр токту»
исполнителя Саламат Садыкова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жамгыр төктү эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароого көз ачырбай,
Бет алдыдан шамал согуп.
Кайырма:
Күн күркүрөп жамгыр төккөн,
Ошол күнүм кайда кеткен?
Жаштыгымдай же кечээги,
Кайрылбай кетеби?
Жамгыр төктү эске түштүң,
Алыс калган жаштыгымдай.
Сагынтасың жүрөктү эзип,
Колдон учкан ак куумдай.
Кайырма:
Жылдар учат канаттуудай,
Жамгыр төгөт эч басылбай.
Жамгырларда эскерербиз,
Алгач сүйүү унутулбай.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Элесиңди карап турсам сүрөттөн, Эске түшөт көлдүн жээги гүл өскөн. Эсиңдеби кечиндеги сырдашуу, Сууруп чыгып таттуу сөздү жүрөктөн. Жүрөгүмдө сүйүү турса чыдатпай, Жүзүң жарык балбылдаган чырактай. Суктандырдың, суусаттырдың кайрадан, Эзелтеден бирге жүргөн ынактай. Сансыз жылдыз бизди гана карашып, Сени менден, мени сенден талашып. Ойноп-күлүп көпкө жүрдүк, жаркыным, Кеткичекти аппак болуп таң атып.
  • Түндөгү гана менин түшүмдө, Түйүнүн гана эркем түшүнсө. Түңүлбө гана менден жаш көңүл, И койчу, түбөлүк үчүн түзүлсө. Абалкы менин түшүмдө, Абайлап эркем түшүнсө. Андагы гана көргөн түшүмдү, Айныбас үчүн түзүлсө. Санаама түшсөң ар дайым, Сабылып гана жүрөк оорутам. Сен үчүн көргөн түшүмдү, Сырдашып кимге жорутам?
  • Көрүшкөндө көздөрүңдөн чагылган, Нурларынан курган кайран көпүрөм. Бекемине күмөн санап жаңылган, Өтүмү жок болгонума өкүнөм. Кайырма: Кимге айтып күйүтүмдү? Кимге барып өтүнөм? Кимге барып күнү–түнү? Кимге айтып күйүтүмдү? Кимге барып күнү–түнү? Кимге барып өтүнөм? Таңшыганча табышмактуу таң сыры, Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү. Табалабайм кайрылганда айт чынын, Артык бекен башка жердин көркөмү? Арбалсаң да бир келерсиң, Ала-Тоону көргөнү. Эстегенде сермелерсиң, Арбалсаң да бир келерсиң, Эстегенде сермелерсиң, Ала-Тоону көргөнү. Кала берем мекенимде сени эстеп, Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо. Өкүнгөнүң көңүлүмдө элестейт, Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо. Жалын бүрккөн үшкүрүгүң, Жалын бүрккөн үшкүрүгүм, Жаңырыгы жарар зоо.
  • Ынтымагы бар элдин таалайы, багы ачылат, Ынтымагы жок элдин тапканы бекер чачылат. Ынтымагы бар элдин эли чогуу жыйылат, Ынтымагы жок элдин эли качып суюлат. Ынтымагы бар элдин кары-жашы туюнат, Ынтымагы жок элдин кара көзү оюлат. Ынтымагы бар элдин калага карды ток болот, Ынтымагы жок элдин бир бирине октолот. Ынтымагы бар элдин дүркүрөп өсөт балдары, Ынтымагы жок элдин сөзүнөн чыгат жалганы. Ынтымагы бар элдин адил болот улугу, Ынтымагы жок элдин ишинен чыгат бузугу. Ынтымагы бар элдин кеңеш берет карысы, Ынтымагы жок элдин тозуп качат баарысы. Ынтымагы бар элдин катар конот айылы, Ынтымагы жок элдин эч билинбейт дайыны. Ынтымагы бар элдин жарып сүйлөйт чечени, Ынтымагы жок элдин жабырап сүйлөйт нечени. Ынтымагы бар элдин келишимдүү баары иши, Ынтымагы жок элдин сөзүнүн кетет мааниси. Ынтымагы бар элдин меймандос болот аягы, Ынтымагы жок элдин адамга тиет залалы. Ынтымактуу эл болсо душманга тийген ок болот, Ынтымаксыз эл болсо дыркырап качып жок болот. Ынтымактуу биригет, ынтымаксыз бүлүнөт. Ынтымак элдин бакты бар, бир-бирине баркы бар. Ынтымактуу биригет, ынтымаксыз бүлүнөт. Ынтымак элдин бакты бар, бир-бирине баркы бар.
  • Убайым тартып алыстан, Унутуп бардык нерсени. Сары оору болуп ансыз да, Сагындым, туулган жер, сени. Канатым болсо азыр мен, Калкылдап учуп жетсем дейм. Калдайган сары талааңа, Карлыгач болуп кетсем бейм. Уктасам кирип түшүмө, Аргымак чапкан талаалар. Тыйылбай такыр кусалык, Тынчыбай койду санаалар!