Казахские песни Узбекские песни

Песня «Эсиндеби»
исполнителя Саламат Садыкова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Элесиңди карап турсам сүрөттөн,
Эске түшөт көлдүн жээги гүл өскөн.
Эсиңдеби кечиндеги сырдашуу,
Сууруп чыгып таттуу сөздү жүрөктөн.
Жүрөгүмдө сүйүү турса чыдатпай,
Жүзүң жарык балбылдаган чырактай.
Суктандырдың, суусаттырдың кайрадан,
Эзелтеден бирге жүргөн ынактай.
Сансыз жылдыз бизди гана карашып,
Сени менден, мени сенден талашып.
Ойноп-күлүп көпкө жүрдүк, жаркыным,
Кеткичекти аппак болуп таң атып.

Другие песни исполнителя:

  • Калп эле мен өзүмдү алдай албайм, Калп эле жазың болуп жайнай албайм. Кайыр кош, арманымдын айыпкери, Капаста торгой болуп сайрай албайм, Капаста булбул болуп сайрай албайм! Күтө албай күнүбүздү, Күбүдүк гүлүбүздү. Соңку жолу ырдайм сага, Соолуган сүйүүбүздү. Толкунду тоскум келип шарпылдатпай, Тордолгон тар дүйнөңө калдым батпай. Энчилеп жалгыздыкты жолго чыктым, Элим бар күтүп алар жалгыздатпай, Элим бар тосуп алар жалгыздатпай. Эми сен созбо колуң, Эскини козгобогун. Жеңилип турмушумдан, Жетишет коздогонуң, боздогонум. Бир келген жаштыгыма тагдырлашмын, Кирдеген жан дүйнөңө кайрылбасмын. Дүйнөнүн жыргалынан айрылсам да, Мен сүйгөн ырларымдан айрылбасмын. Билгизип маанайымды, Бир тилек каалайынбы? Таарынбай тагдырыңа, Тапкын өз таалайыңды. Көңүлүм кыйылды, Көз жашым тыйылды. Турмуштан өтөмүн мен, Туу кылып ырымды.
  • Ынтымагы бар элдин таалайы, багы ачылат, Ынтымагы жок элдин тапканы бекер чачылат. Ынтымагы бар элдин эли чогуу жыйылат, Ынтымагы жок элдин эли качып суюлат. Ынтымагы бар элдин кары-жашы туюнат, Ынтымагы жок элдин кара көзү оюлат. Ынтымагы бар элдин калага карды ток болот, Ынтымагы жок элдин бир бирине октолот. Ынтымагы бар элдин дүркүрөп өсөт балдары, Ынтымагы жок элдин сөзүнөн чыгат жалганы. Ынтымагы бар элдин адил болот улугу, Ынтымагы жок элдин ишинен чыгат бузугу. Ынтымагы бар элдин кеңеш берет карысы, Ынтымагы жок элдин тозуп качат баарысы. Ынтымагы бар элдин катар конот айылы, Ынтымагы жок элдин эч билинбейт дайыны. Ынтымагы бар элдин жарып сүйлөйт чечени, Ынтымагы жок элдин жабырап сүйлөйт нечени. Ынтымагы бар элдин келишимдүү баары иши, Ынтымагы жок элдин сөзүнүн кетет мааниси. Ынтымагы бар элдин меймандос болот аягы, Ынтымагы жок элдин адамга тиет залалы. Ынтымактуу эл болсо душманга тийген ок болот, Ынтымаксыз эл болсо дыркырап качып жок болот. Ынтымактуу биригет, ынтымаксыз бүлүнөт. Ынтымак элдин бакты бар, бир-бирине баркы бар. Ынтымактуу биригет, ынтымаксыз бүлүнөт. Ынтымак элдин бакты бар, бир-бирине баркы бар.
  • Мезгил сансыз өтсө дагы арадан, Мен өзүңдү табам го деп самагам. Карааныңа куса болдум көп издеп, Кайдасың сен жүрөк гүлүм садагам? Кайдасың сен жүрөк сүйгөн садагам! Кыламыктан көрүнөр деп издериң, Кычыраган кышкы аязда издедим. Аракетим текке кетип анда да, Антсе дагы сенден күдөр үзбөдүм. Анда дагы сенден үмүт үзбөдүм. Мейли мезгил өтө берсин токтобой, Мен өзүңдү бул дүйнөдөн жоктобойм. Ыр жашаган жүрөгүмдө жашайсың, Элестериң эч бир жанга окшобой. Мүнөздөрүң эч бир жанга окшобой. Ыр түнөгөн жүрөгүмдө түнөйсүң, Кыялдарың эч бир жанга окшобой.