Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ынтымагы бар элдин»
исполнителя Саламат Садыкова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ынтымагы бар элдин таалайы, багы ачылат,
Ынтымагы жок элдин тапканы бекер чачылат.
Ынтымагы бар элдин эли чогуу жыйылат,
Ынтымагы жок элдин эли качып суюлат.
Ынтымагы бар элдин кары-жашы туюнат,
Ынтымагы жок элдин кара көзү оюлат.
Ынтымагы бар элдин калага карды ток болот,
Ынтымагы жок элдин бир бирине октолот.
Ынтымагы бар элдин дүркүрөп өсөт балдары,
Ынтымагы жок элдин сөзүнөн чыгат жалганы.
Ынтымагы бар элдин адил болот улугу,
Ынтымагы жок элдин ишинен чыгат бузугу.
Ынтымагы бар элдин кеңеш берет карысы,
Ынтымагы жок элдин тозуп качат баарысы.
Ынтымагы бар элдин катар конот айылы,
Ынтымагы жок элдин эч билинбейт дайыны.
Ынтымагы бар элдин жарып сүйлөйт чечени,
Ынтымагы жок элдин жабырап сүйлөйт нечени.
Ынтымагы бар элдин келишимдүү баары иши,
Ынтымагы жок элдин сөзүнүн кетет мааниси.
Ынтымагы бар элдин меймандос болот аягы,
Ынтымагы жок элдин адамга тиет залалы.
Ынтымактуу эл болсо душманга тийген ок болот,
Ынтымаксыз эл болсо дыркырап качып жок болот.
Ынтымактуу биригет, ынтымаксыз бүлүнөт.
Ынтымак элдин бакты бар, бир-бирине баркы бар.
Ынтымактуу биригет, ынтымаксыз бүлүнөт.
Ынтымак элдин бакты бар, бир-бирине баркы бар.

Другие песни исполнителя:

  • Ай нуру бизге төгүлдү, Же, алтыным, аччы көңүлдү. Ардактап жүрүп өтөлү, Алдыда жапжаш өмүрдү. Күн нуру бизге төгүлдү, Же, күмүшүм, аччы көңүлдү. Гүлдөтүп жүрүп өтөлү, Күлгүндөй жапжаш өмүрдү. Жалбырак учат дирилдеп, Же жабыккан түрүн билдирер. Жашылдуу кезде жайнайлы, Жашообуз канча ким билет? Алыска кетем эл үчүн, Же кайрылып келем сен үчүн. Ардактап ырдап жүрө көр, Асылкеч курбум, мен үчүн.
  • Мезгил сансыз өтсө дагы арадан, Мен өзүңдү табам го деп самагам. Карааныңа куса болдум көп издеп, Кайдасың сен жүрөк гүлүм садагам? Кайдасың сен жүрөк сүйгөн садагам! Кыламыктан көрүнөр деп издериң, Кычыраган кышкы аязда издедим. Аракетим текке кетип анда да, Антсе дагы сенден күдөр үзбөдүм. Анда дагы сенден үмүт үзбөдүм. Мейли мезгил өтө берсин токтобой, Мен өзүңдү бул дүйнөдөн жоктобойм. Ыр жашаган жүрөгүмдө жашайсың, Элестериң эч бир жанга окшобой. Мүнөздөрүң эч бир жанга окшобой. Ыр түнөгөн жүрөгүмдө түнөйсүң, Кыялдарың эч бир жанга окшобой.
  • Атка бир (гана) салган, э-эй, дилдейсиң, ий, Ачылган кызыл гүлдөйсүң, ий-ий. Бир күн оору, бир күн соо, э-эй, Алымкан, азабың тартса билбейсиң. Бетегелүү майданым, Пейли эле жакшы жайдарым. Көлөкөлүү майданым, Алымкан көөнү бир жакшы жайдарым. Кашкардын (гана) тоосу, э, кайрылыш, Кайрылып учат улуу куш, ий-ий. Кайрылып мага келе кет, э-эй, Алымкан, карыпка салбай кыйын иш. Букардын тоосу бурулуш, Бурулуп учат улуу куш, Бурулуп мага келе кет, э-эй, Алымкан, муңдууга салбай кыйын иш. Саркечтеп (гана) сайган, э-эй, жоолугуң, Сарсанаа кылат жоругуң, и-ий. Көркөмдөп сайган жоолугуң, э-эй, Алымкан, көп санаа кылат жоругуң. Токтогул черткен “Жаш кыял”, Тыңдасаң (гана) боло, Алымкан. Ак шайы жоолук колго алып, Булгасаң боло, Алымкан. Аз күнчөлүк өмүрдө, Жыргасаң (гана) боло, Алымкан.