Казахские песни Узбекские песни

Сыймык бейшекеев.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Сыймык бейшекеев

  • Суранса укпас, сөзүн далайдын, Суулардай аккан, күндү санаймын. Сезимим жыргап, күлүңдөп жүзүм, Сени алып келчү, жолду караймын. Кайырма: Жакшынакайым, жарк деп элесиң, Жан дүйнөм ээлеп, неге жеңесиң. Жашыл жарык нур жааган жол менен, Качан келесиң ай, качан келесиң? Кантейин күткөн, кездердин көбүн, Каалабайм сенден, өзгөнүн демин. Карагым келип, карааның издеп, Карайып барат, көздөрүм менин. Кайырма: Сүрдөнүп бүттүм, тушалып деги, Сүйүүсүз жашап, утабыз нени. Кубаты сыйкыр, үмүтү менен, Кучактап алды, кусалык мени.
  • Кыштын узун түндөрүндө, Эске түштү балалыгым, Менин арча жыттанган. Сагынамын, сен мени сагынтасың, Эңсейм аны. Сен эми кайрылбайсың. Кош бол эми, балалыгым, Балалыгым, кош бол эми. Кайырма: А менин бала бойдон калгым келет, Балалык көз алдымда элестелип. Наристе жытын бузбай, А менин бала бойдон, А менин бала бойдон калгым келет. Аппак тоону аралаган, Мен ойногон ал күндөргө, Тоолор күбө, куштар күбө. Балалыгым, балдан ширин, кайталангыс. Балалыгым, Канат байлап сен учуп кеттиң. Кош бол эми, балалыгым, Балалыгым, кош бол эми. Кайырма: Кыштын узун түндөрүндө, Эске түштү балалыгым, Менин арча жыттанган. Сагынамын, сен мени сагынтасың, Эңсейм аны. Сен эми кайрылбайсың. Кош бол эми, балалыгым, Балалыгым, кош бол эми.
  • Кайылмын бул жашоонун Кайылмын бир сен үчүн бардыгына. Жашайын моюн сунуп Сезимдин махабаттын ыргагында. Увазир жандооч болуп Жашайын сенин гана хандыгыңда. Махабат ырын ырдап Өтөйүн бир өзүңдүн жарлыгыңда. Кайырма: Шириним, шириним ай Ширеңди тата албай. Шибердей куурап барам Ширенкедей тутана албай. Ханышам ырымды укчу Өзүңө ырдан артык белегим жок. Арнайын ушул ырды Алтындан белек кылчу себебим жок. Ханышам жөн ырдабайм Ырдабайм бир өзүңө себеби жок. Анчалык сумсайбачы Сулууга мерездиктин кереги жок. Кайырма: Жомокко кирип жашап Ак чотур көздөрүңдү уурдап карап Жамалым карап койчу Жалооруп жалгыздыктан тарттым азап. Увазир болуп сага Уурданып тиктей берем кайра-кайра. Ханышам күлүп койчу Билмексен болуп мени калп кыйнаба.
  • Шибер бойлоп жалгыз келем ыр ырдай Ширин ойлор бүт денемди бек чырмай Көк шиберде сууну көрүп кош тамчы Шүүдүрүм деп күлүп койдуң шыбырай Шүүдүрүмдөр айткылачы не жашынып жүрдүңөр? Акак таштай мөлтүр тунук кош тамчы Ак сүйүүнүн боло көргүн дабасы Сырымды мен силерге айтып турайын Шыбыраган сөзүңөрдү угайын Шүүдүрүмдөр шыбыраган сөзүңөрдү угайын Учасыңар бууга айланып асманга Кайра эртелеп таң эртеге келгиле Өзүңөрдөй мөлтүрөгөн туптунук Акак сүйүү ала келип бергиле Шүүдүрүмдөр аппак сүйүү ала келип бергиле
  • Көзүмдү албай коломтонун отунан, Көөдөнүм өрт, шуу үшкүрүп олтурам. Тагдыр турат коломтого байлануу Таштап кетсем не болот деп чочуган. Арзуу бизге азап болду кайдагы? Асылкечим, бир сөз айтчы жайдары. Агай, мени өзүң элең азгырган, Астыртадан көздү кысып, жазгырган. Калбай ээрчип, күндө белек калтырып, Карындаш деп эркелетип, наз кылган. Ал ансайын жүргөн элем тартынып, Моюнума колуң турса артылып. Бирге сыздап жүрөктөгү жарабыз, Биздин дайым бирге дүйнө санаабыз. Арзуу деген азап экен туйланган, Жакын туруп алыс минтип арабыз. Көңүлүбүз, Көңүлүбүз толгон кезде муң-зарга, Бей убакта, Бей убакта биз келебиз гүлзарга. Жалын сүйүү болсо дагы ортобуз, Жаным, неге биз сүйүүдөн коркобуз? Эч жөнү жок, өзүбүздө күнөөлөр, Эки жүрөк экөөбүздүн эркебиз. Булганычтуу ушак кылаар бирөөлөр, Бул сүйүүнү аздек сактап жүрө көр. Жашырынган сүйүү — ушул сүйүүбү? Жанды кыйнап бүттү сырдын түйүнү. Алысташып жашайлычы, агайым, Азап толду сени кыя албай, үйүңдү. Мен тагдырдан өз теңимди табайын, Сизди болсо, жан туйгум деп санайын.
  • Элимдин бейпилдигин, Намыска бек сактаймын! Энеке, ак сүтүңдү, Эл коргоп мен актаймын! Кайырма: Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Алыста кыргыз элим, Ар дайым сезимимде. Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Артымда кыргыз элим, Ар дайым сезимимде. Сүйүктүү чек арамды, Душманга аралатпайм. Атаке, сөзүм берем, Жүзүңдү жер каратпайм. Кайырма: Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Алыста кара көзүм, Ар дайым сезимимде. Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Артымда кара көзүм, Ар дайым сезимимде. Кыргызым, кутман элим, Бейиштен бүткөн жерим. Намысты алдырбайбыз, Ишенгин, менин элим. Кайырма: Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Алыста кыргыз элим, Ар дайым жүрөгүмдө. Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Артымда кыргыз элим, Ар дайым жүрөгүмдө.
  • Сен менин жүрөгүмө жаз алып келдиң, Жаз менен жанга жагым наз алып келдиң. Күн нурун кирпигиңе тагынып алып, Күлмүңдөп гүлгө окшоп жасанып келдиң. Кайырма: Жаз менин көздөрүмдө, сенин көзүңдө, Жүрсөк да аппак карлуу кыштын өзүндөй. Ал жазды сен ээрчитип мага келгендей, Көңүлүм көктөм өңүн көргөн сезимде. Көздөрүң көздөрүмө учураганда, Бактылуу жоктой башка ушул ааламда. Көлкүлдөп эрип кетти сүйүү жазынан, Кыш дагы алы келбей кычыраганга. Кайырма: Көздөрүң көздөрүмө эркелегенде, Көлдөгү толкун болуп кетем мен эмне. Бүт дүйнө жаралгандай сүйүү дегенден, Бүт дүйнө багынгандай сүйүү дегенге!
  • Сергитип сезимдин канаттарын, Сүйчүбүз аллея дарактарын. Сагынып, аргасыз эстей берем, Сан жылдыз ажарың талашканын. Саргайтып өткөндүн барактарын, Сан күндү сен жок деп жаратпадым. Сымбатым, сыныма жарашканым, Сыздатып жүрөктү канатпагын. Кайырма: Жалгызымсың, жалгызыңмын, Аярымсың, аярыңмын, Сен мени түшүнгөн жалгызымсың. Сен келчү айлуу кеч, аппак кайың, Сыры бар жан билбес мага дайым. Сыймыктуу ошол кез, сурап алгыс, Саматып алыстайт ал ансайын. Сабылып жүрөктү чалат жалын, Сезгендей күн өтүп баратканын. Саамайың жел болуп тарап дайым, Санаалар сени издеп барат, жаным. Кайырма: Топ гүлдөр ачылтып чанактарын, Топ куштар талытып канаттарын. Толгонуп толкундай сезеличи, Топ жылдар кош айтып баратканын.
  • Жай өтүп, күз мезгил келип, Жай барат мезгилиң желип. Айта албайм ашыктыгымды, Алтыным, койсоңчу сезип. Жамиля, жаным Жамиля деп, Ырчыны айтып бузбайын. Данияр болуп кааласаң, Домбра чертип ырдайын. Бото көз булак болоюн, Утурлап жолуң тороюн. Булбул куш болуп сен үчүн, Багыңа барып коноюн. Аселим, Асел, Асел деп, Түнү бою ырдап сайрайын. Айдоочу Ильяз мен болуп, Долонду ашып барайын. Жүзүңдү тик карай албай, Жүдөдүм сага бара албай. Жүрөгүм ооруп турат го, Жүз аарчы белек ала албай. Мырзагүл, Мырзагүлүм деп, Султаның сенин болоюн. Эрте жазда турналар келсе, Эркем деп обон созоюн. Бетме-бет сага барайын, Берилип сүйүп карайын. Гүл терип сага таң заардан, Гүлсары минип барайын. Кылымды карытар бир күн, Ак жаанда калдым сен үчүн. Махабат дастанын жаздым, Сага деп ырдап күнү-түн. Сен үчүн алма бактан мен, Кыпкызыл алма үзөйүн. Ысык-Көл болуп чалкысаң, Ак кеме болуп сүзөйүн.
  • Жашоонун бул турмушта маңызы эмне? Байлыкпы басып жыйган катып тенге? Адамдын жанын ажал алам десе, Арачы болор бекен алтын тенге? Жашоонун маңызы дейт ден соолукта, Ансыз да айтышкандай өмүр кыска. Жаралып бул дүйнөгө келген бакыт, Жаркылдап күлүп жүрсөң жай да, кыш да. Жашоонун бул турмушта маңызы эмне? Бийликпи убактынча өткөн төргө? Бел калып бетегеси кеткениндей, Бектердин түбөлүгү болбойт элге. Жашоонун маңызы дейт көңүлдөрдө, Жакшы сөз жарык чачат өмүрлөргө. Бирибиз-бирибизге сыйлуу карап, Жылуу сөз арнайлычы колдон келсе. Жашоонун бул турмушта маңызы эмне? Көр тирилик жай алдырбас акча беле? Артыкча азгырыгы табышмактуу. Адамзат арыла албай келет неге? Жашоонун маңызы дейт үй-бүлөдө. Улаган урпагыңды улуу күнгө, Жана да достук деген кымбаттык бар. Жашоонун көркүн аччу болуп бирге, Жашоонун бул турмушта маңызы эмне?
  • Түн сүйүүмдү сага болгон, Ушунча да эзесиңби? Сага арнап ырдап жатам, Сүйүүмдү сен сезесиңби? Кайырма: Сага арнаган ак сүйүүнүн, Кадырына жетесиңби? Макул болуп мени менен, Токтогулга кетесиңби? Жолугууга чакырайын, Жообун айтып келесиңби? Анчалык көп кыйнабачы, Алда мени сезесиңби? Кайырма: Айтчы гана, жообун айтчы, Алоолонуп күйүп барам. Анчалык көп назданбачы, Ал ансайын сүйүп барам. Келчи, гүлүм көп күтпөстөн, Максатыма жетсем окшойт. Күтө бербей Токтогулга, Алып качып кетсем окшойт.
  • Ким элек, ким болдук?,- деп Суроонун жообун издеп. Аскадай абийир болсо, Алдыкпы аны түздөп. Аскар-зоо намыс урап, Ала-Тоом ыйлап турат. Ушул күнгө жеткиргендер Береби элге сурак? Арман ай, кыргыз элим Айласын таппай турат. Үй бүлөө багабыз деп, Үшкүрүп бакыт издеп, Жүрүшөт башка өлкөдө Бир эмес миңдеп, жүздөп. Алыскы сапардагы Бир тууган, боорум кыргыз. Таң берем кайратыңа Ийилгис, такыр сынгыс. Күн берет кыйналганын Ай күнүң күлүп Чынгыз. Эр Манас тукумдары Ээрчишип закымданып. Күн санап кеткендердин Аягы басылбады. Чоңдорун кооз сүйлөп Чокчоңдоп бакылдады. Күнүгө жүз айтышат Жакшы күн жакын калды. Эл ишенбей калганына Жетпейби акылдары? Абийирди жоготтукпу, Табабыз кайдан алып Аксымдар сүйлошөт го Асмандан айды алып, Тим койсок, жерди бүтүн Жутушат чайнап алып. Түшүнчү бир тууганым Булар кетишет пайдаланып. Арбактар кечиргиле Биз кеттик майдаланып. Жакшы күн сөссүз келет Жабыркап чөмүлбөгүн. Көрбөйүн, укпайынчы Кабыргаң сөгүлгөнүң. Башка элге уят болуп Бечара көрүнбөгүн. Бир тууган боорум кыргыз Бириндеп бөлүнбөгүн Жараткан кечирбейт го, Эми кан төгүлгөнүн. Кыргызым качан, кайдан Акчага сатылчу эле? Түндүсүң, сен түштүк деп Бир-бирин басынтчу эле?.. Жакшысын даңазалап Жаманын жашырчу эле.. Жабыркап калса бири Жардамга шашылчу эле.. Ушундай ынтымакта Жашасак болбойт беле.. Депутаттык керек эмес Бир бүтүнмекн керек. Ажолук керек эмес Урпагың эсен керек. Журтташым ойлонолу Биз эмне курал белек. Болбогон акча үчүн Ар кимге болдук желек. Кудайдан корколучу Болбойлуу мерез сенек. Энелер ынтымактын Эшиги болуп келген. Терметип ырыскынын Бешиги болуп келген. Кээ бир аялдар ажаандыгы Тирүүлөй бизди сойду. Сен чүйлүк, оштуксуң деп Ынтымак такыр жойду. Аттиң ай, араңардан Бир Каныкей чыкпай койду. Сөз өтөөр, салабаттуу Курманжан чыкпай койду. Элеси канча өтсө да, Эсимден кетпей турат. Насаатын элге айтканга Бир Чыңгыз жетпей турат. Ким болдук, биз ким элек? Улуу журт урпагы элек.. Бириндеп жоголбойлу Бизге азыр Манас керек. Шору көп кыргызым ай, Ушундай болот белек.. Уул-кызды ойготуучу Ынтымак бизге керек. Аталар сактап келген Мекенди ойлон кыргыз! Аздектеп бапестеген Энени ойлон кыргыз! Тирүүлүк бейишиндей Жериңди сакта, кыргыз! Бирөөнүн бийлиги үчүн Элиңди атпа, кыргыз! Коңшулар сынап турат Бүт дүйнө турат карап. Бир-бириң сатпа кыргыз Жаманын жогот бекит Жакшыны макта кыргыз! Кыргыз…мммм.мммм Бүт дүйнө карап турат Коңшулар сынап турат. Бир-бириң сатпа кыргыз Жериңди сатпа кыргыз!
  • Арзуу мени багып, жетелеп Чокуларга эң бийик. Байлап алды улуу махабат Айтканына көндүрүп. Тоодой бакыт тосуп алдыман Турган кезде толкундап. Толукталат эле сезимим Койгонуңда сен күлүп. Кайырма: Сага күлгөн кандай жарашат Аны билээр бекенсиң? Сулуулугуң артып жылмайсаң Ыр баркына жетээрсиң. Көлдүн бетин тегиз көрктөгөн Ак куу болуп татына Коз отумда жашап жылмаю Дастан болуп кетээрсиң. Бала үмүтүм сага суктанып Чертип жатса түркүмүн. Ак жүзүмө салып сумсаю Үн кечирүү мүмкүнбү? Ажарыңды нурга толтуруп Жадырачы периштем. Табият да күтүп тургандай Тамшандырчу күлкүңдү. Кайырма: Сага күлгөн кандай жарашат Аны билээр бекенсиң? Сулуулугуң артып жылмайсаң Ыр баркына жетээрсиң. Көлдүн бетин тегиз көрктөгөн Ак куу болуп татына Коз отумда жашап жылмаю Дастан болуп кетээрсиң. Эгер сүйүү болсо зор дайра Ага өзүң кош колсуң. Көргүштөгөн оттуу сезимим Эми кантип токтолсун. Өзүң үчүн сен да бул тапта Күлүп жүрчү жаркырап. Ашыктыка толгон бул ырым Күлкүң менен коштолсун. Кайырма: Сага күлгөн кандай жарашат Аны билээр бекенсиң? Сулуулугуң артып жылмайсаң Ыр баркына жетээрсиң. Көлдүн бетин тегиз көрктөгөн Ак куу болуп татына Коз отумда жашап жылмаю Дастан болуп кетээрсиң.
  • Караңгы элге жарык болуп кире алган, Калкындагы ыйыктыкты биле алган. Кыргызымдын кыраандарын жайраган, Кара тарых болуп калды бир арман. Кайырма: Ата-Бейит, Ата-Бейит, Ак жеринен аталар кеткен шейит. Ата-Бейит, Ата-Бейит, Арбагыңар алдында турам кейип. Жакшы ойлорго билим ширеп турушкан, Жаш өлкөнүн пайдубалын курушкан. Улутчул деп уулдарын улуттун, Жексурлары жаздым кылып тынышкан. Кайырма: Ата-Бейит, Ата-Бейит, Ак жеринен аталар кеткен шейит. Ата-Бейит, Ата-Бейит, Арбагыңар алдында турам кейип. Кан какшатып, денеге мык ургандай, Канаттарын бирден сууруп тургандай. Кандай гана кыйналса да ошондо, Кайран эрлер калбаат турган сурданбай. Кайырма: Ата-Бейит, Ата-Бейит, Ак жеринен аталар кеткен шейит. Ата-Бейит, Ата-Бейит, Арбагыңар алдында турам кейип. Эл, жер үчүн жакшы турмуш көздөгөн, Эмгектерин айтуу кыйын сөз менен. Эркиндикти көрбөй кеткен эрлердин, Элестери нурга айланды өчпөгөн. Кайырма: Ата-Бейит, Ата-Бейит, Ак жеринен аталар кеткен шейит. Ата-Бейит, Ата-Бейит, Арбагыңар алдында турам кейип.
  • Коркубуз конулго ынаган Кылычтай келишкен кындагы Балдарбыз достука шерт берген Токсон биринчи жылдагы Кулупунуп кызгалдак гулундой Шамалга ыргалган кырдагы Кыздар да башкача жан эле Токсон биринчи жылдары Анда биз жаш элек наз элек Ыр болуп жашоонун жыргалы Термелген жаш омур биздики Он сегиз жаш деген ырдагы От койгон студент омурго Токсон биринчи жылдары Жаштарбыз жагымдуу жалындуу Жыйырманчы жаз деген ырдагы
  • Камынышып улуу жолго, алыска, Кармаштардан алалы деп калыс баа. Кызыл туусун бийик кармап баратат, Кыргызыма жарайлы деп намыска. Эрназар, Үзүр, Мунарбек, Амантур, Акжол, Жоламан. Жеңиштин туусу желбиреп, Ар дайым бар бол, бол аман. Ар бириңер бийик коюп баркыңды, Атпай журтка тааныткыла калкыңды. Бата тилеп, колдоп аткан кыргызга, Белек кылып коло, күмүш, алтынды. Айсулуу, Мээрим, Айпери, Олимптен утуп кайт эми. Элиза менен Денисти, Элибиз мактап айт эми. Спортчулар элибиздин эр жүрөк, Силер менен сыймыктанып, эл сүрөп. Кыз-уулдарың намыс үчүн турганда, Кыргыз туусу турат дайым желбиреп. Жеңишти айтсын жардана, Кубаныч, Эрлан, Сардана. Бекзат, Айаал чыкканда, Бүт дүйнө турсун таңдана. Жарыштарда бийиктерге жол болсун, Жолборс сымал жулуп чыгып олжосун. Журтубуздун чыгаан жигит-кыздары, Жаратканым баарыңарды колдосун Намыска туулган уул кыздар Байракты түшүрбөс жылдыздар Манастап ураан чакырып Жеңишти күтөт КЫРГЫЗДАР!
  • Ой болуп карайм жүзүңдөн сымбат, Ойноок көз курбум карашың кымбат. Сагыныч эзет сары оору кылып, Өзгөчөм деймин башкадан ылгап. Кайырма: Ооруду жүрөк ок болуп тийген, Көзүңдөн сенин жалындап күйгөн. Канча жан мага арзыды экен, А бирок сенден башканы сүйбөйм. Сагындым сени үлбүрөп турган, Мажүрүм болуп сүйүүмдү ырдайм. Жол бою өскөн дарактай болуп, Күтүүдөн чарчап жанымды кыйнайм Кайырма: Кыйбасым ойлон кымбатым жандын, Жанымда болуп жалындай жангын Антпесе өмүр боектой өчөт, Өзүңсүз өтсөм арманым арбын.
  • Жамгыр майда-майда болуп, себелеп жатты Жүрөгүмдү аруу сезим тебелеп атты. Автобустун арткы ордунда жанаша олтуруп Кыялыма түркүн-түркүн ой келди таттуу. Кайырма: Узун жолду кыскартыңыз Ким болот атыңыз? Тартынчактык кылып жатам Сөзгө тартыңыз. Деген сөздү айталбастан, уурдана карайм Көзүм менен саамайыңды суктана карайм. Таанышалы ысымың ким, карындашым деп Сезимимде ушул сөздү эчен кайталайм. Кайырма: Узун жолду кыскартыңыз Ким болот атыңыз? Тартынчактык кылып жатам Сөзгө тартыңыз. Жүрөгүңдү ээлеген бекзаадаң барбы? Жүдөп кеттим, сүйлөй албай сөз чыкпай калды. Бул бакытың түбөлүгүң куттуу болсун деп Угулгансыйт ак жамгырдын шыбыраганы. Кайырма: Узун жолду кыскартыңыз Ким болот атыңыз? Тартынчактык кылып жатам Сөзгө тартыңыз.
  • Сагынып сага жазган каттарымды, Билбедим же жактырбай жатканыңды. Же күздүн бүркүмүнө бүктөп коюп, Саргайган жалбырактай катканыңбы? Бир кезде мага жазган каттарыңды, Көргөзбөй жан адамга катпадымбы. Сезимден жүрөгүмө уя салып, Үлбүрөп балапандай бакпадымбы. Бакпадымбы, каттарымды катпадыңбы? Өзүңдү күттүм неге? Өкүнүп бүттүм дебе. Жарашып алсынчы деп, Жаштык кез күтмөк беле? Күн өттүбү, арадан ай өттүбү, Сезбей калдым, сезимди түнөттүмбү? Жообуң күтүп жол карап сен деп жүрсөм, Жолоочудай жөн гана түз өттүңбү? Канча ирет карааныңа жагалдандым, Апкаарып айтар сөздү таба албадым. Сагынсам да саргайып, жаным, бирок, Батынып мен жаныңа бара албадым. Бара албадым, таба албадым, жагалдандым.
  • Асылды ажал сурап көп Аз жашайт деген аырас кеп Жеткен ок менен бир кеттиң Жигиттин гүлү Раатбек. Жүрөккө атың жатталат Жүз жылдар бою даңкталат. Кыргыздын туусун көтөргөн «Кырааным» деген ат калат. Күн бетин тосуп булуттар Күлүңдөп нурдан сыныктар. Күлгүндөй кетти бир баатыр Күйүттүү тагдыр куруп кал. Ай бетин тосуп булуттар Агылып нурдан сыныктар. Азамат кетти күлүстөн Армандуу тагдыр куруп кал. Ак шумкар октон кулатып Ала-Тоо башы мунарык Ак шумкар орду бош калды Ажалдуу өлүм шум алып Тойбодуң октон куланып Тууган жер ыйлап мунарып Айласыз жоктоп калышты Атпай журт сыздап муң агып Кайкып бир учкан каркыра Кайрылбайт эми артына Жетинин бири болсоң да Жете албай койдум баркыңа Ар намыс үчүн күрөшкөн Алгыр куш учту түнөктөн Эскерип калдык эми биз Элесин көрүп сүрөттөн. Эскерип калдык эми биз Элесин көрүп сүрөттөн.
  • Жыл тосуп, жыл узатып, Чыккан күн кайра батып, Убакыт — зымырык куш, Негедир барат шашып. Мынакей Жаңы жыл да, Мээримин төгүп келди. Тазартып көңүлдөрдү, Агартып тоону жетти. Кайырма: Сезимдин жарык таңы, Жыл жаңы, көңүл жаңы. Жүрөктү толкундаткан, Жаңы жыл келди дагы. Бакыттын жылы болуп, Ачылсын элдин багы. Апабыз сүйүү берсин, Сага да, мага дагы. Белекте бейпилчилик, Кубаныч, күлкү менен. Элиме ырыскы бер, Койнуңду ачып кенен. Жарык чачкан Жаңы жыл, Сага арнап ырдайбыз ыр. Жакшы тилек, жакшы үмүт Ала келгин Жаңы жыл. Кайырма:
  • Жай өтүп, күз мезгил келип, Жай барат мезгилиң желип. Айта албайм ашыктыгымды, Алтыным, койсоңчу сезип. Жамиля, жаным Жамиля деп, Ырчыны айтып бузбайын. Данияр болуп кааласаң, Домбра чертип ырдайын. Бото көз булак болоюн, Утурлап жолуң тороюн. Булбул куш болуп сен үчүн, Багыңа барып коноюн. Аселим, Асел, Асел деп, Түнү бою ырдап сайрайын. Айдоочу Ильяз мен болуп, Долонду ашып барайын. Жүзүңдү тик карай албай, Жүдөдүм сага бара албай. Жүрөгүм ооруп турат го, Жүз аарчы белек ала албай. Мырзагүл, Мырзагүлүм деп, Султаның сенин болоюн. Эрте жазда турналар келсе, Эркем деп обон созоюн. Бетме-бет сага барайын, Берилип сүйүп карайын. Гүл терип сага таң заардан, Гүлсары минип барайын. Кылымды карытар бир күн, Ак жаанда калдым сен үчүн. Махабат дастанын жаздым, Сага деп ырдап күнү-түн. Сен үчүн алма бактан мен, Кыпкызыл алма үзөйүн. Ысык-Көл болуп чалкысаң, Ак кеме болуп сүзөйүн.
  • Оюмда булкан болуп мен атылып Буралган тульпан болуп сен ачылып Жайдагы жалын чачкан ысык күндө Эс алуу гүл багында келетырык Кайырма: Адашып барат улам курган акыл Ах, жыттуу мойнуңдагы урган атыр Жүздөгөн кыздан өтүп сүрдөбөгөм Жүрөгүм суурулчудай туйлап атыр Тамшантып таңдан кечке саматчудай, Таасириң топ жигитти каратчудай. Баркы эмес баасы кошо көтөрүлгөн, Фасоль деп эркелетсем жарашчудай. Кайырма: Ак куунун түспөлүндөй таластыгым, Акактай келбетиңден тамат нуру, Билинбес бир сыр жатыр карегиңде. Билбеймин дагы нени самап турум Кайырма: Адашып барат улам курган акыл Ах, жыттуу мойнуңдагы урган атыр Эчен бир кыздан өтүп сүрдөбөгөм Жүрөгүм суурулчудай туйлап атыр От жаккан карегиңде бир сыр жатыр.
  • Көк көйнөк кийсең, көңүлүм сага бөлүнөт, Көркөмүң мага күн нуру болуп төгүлөт. Көңүлүм чындап бурулуп калды, көлдүк кыз, Көңүлдө сырым, көксөгөн муңум угуңуз. Көңүлүм чындап бурулуп калды, көлдүк кыз, Көксөгөн муңум, жүрөктө сырым угуңуз. Ак көйнөк кийсең, акылым сага бөлүнөт, Ажарың мага ай нуру болуп төгүлөт. Ашыкмын дагы, ашыктым сизге, көлдүк кыз, Атайын менин арнаган ырым угуңуз. Ашыкмын дагы, ашыкмын чындап, көлдүк кыз, Атайын сизге арнаган ырым угуңуз. Кызылды кийсең, кыялым сага бөлүнөт, Кылыгың мага кызгалдак болуп көрүнөт. Кымбатым менин, көлдүк кыз, ырым угуңуз, Кылымдар бою бүтпөсө экен ырыбыз. Кымбатым менин, көлдүк кыз, ырым угуңуз, Кылымдар бою бүтпөсүн ушул ырыбыз.
  • Урпактары Манастын, Улап келген тарыхын. Кыргыз элим байыртан, Кылымдардын жарышын. Мейманына урматтап, Койгон колдо баарысын. Бөрү тери жамынып, Бөлгөн кантип жарысын? Орун алып орток деп, Оңдоп алып турмушун. Таарынтканда ашыкча, Татып жүрүп ким тузун. Өзү келип тийишип, Кордоп жатса уул-кызын, Катылгандын катыгын, Берип келген кыргызым. Өзбек тууган, не керек? Жалган жалаа койгондун. Кыргыз сыйлап төрүндө, Кыйын десе толгондуң. Кыргыз нанын жеп жатып, Кыйшык сөзүң оңдонгун. Биздин жерде жашасаң, Биздин салтты колдонгун. Мал арыгын баккандын, Бармактары май жалайт. Киши арыгын баккандын, Оозу бир күн канжалайт. Деген сөз бар илгертен, Акылсыздар аңдабайт. Өзбектин түркөйү, Сөз маанисин тандабайт. Өзбек деген тууганда, Өзүмчүлдүк арбыйбы? Сырттан көчүп келишип, Байлык менен мал жыйды. Ач көздүгү ашынып, Алгач баштап кан кыйды. Ата журтту сактайм деп, Азаматтар жан кыйды. Юлдуз деген ыр ырдайт, Чаң чыгарып таңдайды. Кордоду деп кыргыздар, Бет тырмачу кандай бу? Кулдай болуп кутуруп, Куулук менен алдайбы? Кыргыз эли жакпаса, Өз элине барбайбы? Таарынса эгер кыргызга Ташкентине барбайбы? Касапчыга мал кайгы, Кара эчкиге жан кайгы. Боордошуп жашасак, Болбос эле зар, кайгы. Өзбектин жаманы, Өзү баштап андайды. Уят кылып жакшысын, Узун сөзгө калбайбы? Өзбектей кыргызым, Өзү келип тийишпейт. Жашап жүрүп кыргызда, Жаман мейман күйүшпөйт. Коноктугун унутуп, Кой дегенди билишпейт. Сабак болсун башкага, Кимдер кулак түрүшпөйт. Бийигидир кыргыздын, Бир туугандай санашса. Ынсабыңды бек туткун, Ыйманыңа жараша. Жакын коңшу деп койсо, Жаман ойго жанашпа. Төркүн эмес, бөлөк эл, Төрдү келип талашпа. Биздин жерге келгендер, Биздин салтты тутунмай. Ынтымактуу бололу, Ырыскыны учурбай. Бизге кымбат нерсе жок, Биримдиктин кутундай. Кыргызстанды сүйөлү, Биздин тилек ушундай.
  • Сахна, сахна ыйыксың Өнөр менен улуксуң. Эргип чыксам өзүңдөн Элим жыргап ыр уксун. Сахна дүйнөм аңтарган Эл алдына алпарган. Тушоом кескен өзүңсүң Тууганбайдай залкардан. Тушоом кескен өзүңсүң Тууганбайдай залкардан. Сахна, сахна сен элдин Куттуу төрү өнөрдүн. Миң ырахмат өзүңө Сенден өсүп көгөрдүм. Сахна сенден ачылгам Жылдыз болуп чачылган. Эрте алдым нускасын Эстебестей акындан. Эрте алдым нускасын Эстебестей акындан. Сахна сенден ачылган Элден чыккан асылдар. Тагдыр тапкан өзүңдөн Менин дагы бактым бар. Сахна жолун ачасың Жарыгыңды чачасың. Алган Чынгыз атанын Ак дилинен батасын. Алган Чынгыз атанын Ак дилинен батасын. Сахна жолун ачасың Жарыгыңды чачасың. Алган кыргыз элимдин Ак дилинен батасын. Алган кыргыз элимдин Ак дилинен батасын.
  • Чачыбыздан өпкүлөгөн, Ак жамгырлар, жамгырлар. Май түнүндө бизди тапкан, Махабаттын таңы бар. Жамгыр жууп кусалыкты, Көңүлдөрдү тазартып. Көптөн күткөн жолугушуу, Самап күткөн жолугушуу, Сагынычтан арылар. Кайырма: Ак жамгырлар тыбыр, тыбыр, Тыбыраган, тыбырап. Арзуу айтып шыбыр, шыбыр. Шыбыраган шыбырап Жаратылыш жаздын жыты, Жыттангандай жагымдуу, Жан жыргатып жүрөктөрдөн, Жүрөктөргө ыр улап. Ажырашуу мүнөттөрү, Коштошуунун мүнөттөрү Булуттардай буюгат, Мөлтүр тунук тамчы, тамчы Мойнубузга куюлат. Ал тамчылар токтоно албай, Мөлт, мөлт этип токтоно албай Кирпиктерден кулаган Коштошууга кыйбай турган, Көз жашымдай туюлат Кайырма: Ак жамгырга жарашкандай, Ак кайындар, кайындар Араладык жыргаткандай, Алыс калып айылдар. Экөөбүздөн башка жоктой Бактылуулар ааламда, Кош деп айткым келбейт такыр Ага кандай шайың бар. Кайырма:
  • Ким элек ким болдук деп, Суроонун жообун издеп, Аскадай абийир болсо, Алдыкпы аны түздөп Аска-зоо намыс урап, Ала-Тоом ыйлап турат Ушул күнгө жеткиргендер, Береби элге сурак. Арман ай кыргыз элим Айласын таппай турат Үй-бүлө багабыз деп, Үшкүрүп бакыт издеп Жүрүшөт башка өлкөдө Бир эмес миңдеп, жүздөп Алыскы сапардагы Бир тууган боорум кыргыз Таң берем кайратыңа, Ийилгиз такыр сынгыз Күн билет кыйналганын Ай гүлү, күбө жылдыз Эр Манас тукумдары Ээрчишип закымдады Күн санап кеткендердин Аягы басылбады Чоңдорүң кооз сүйлөп Чокчоңдоп бакылдады Күнугө жүз айтышат Жакшы күн жакын калды Эл ишенбей калганына Жетпеди акылдары Абийирди жоготтук го Табабыз кайдан алып Аксымдар сүйлөшөт го Асмандан айды алып Тим койсок жерди бүтүн Жутушат чайнап алып Түшүнчу бир тууганым Булар кетишет пайдаланып Арбактар кечиргиле Биз кеттик майдаланып Жакшы күн сөзсүз келет Жабыркап чөмүлбөгүн Көрбөйүн укпайынчы Кабыргаң сөгүлгөнүн Башка элге уят болуп Бечара көрүнбөгүн Бир тууган боорум кыргыз Бириндеп бөлүнбөгүн Жараткан кечирбейт го Эми кан төгүлгөнүң Кыргызым качан кайдан Акчага сатылчу эле Түндүксүн сен түштүк деп Бир-бирин басынтчу эле Жакшысын даңазалап Жаманын жашырчу эле Жабыркап калса бири Жардамга шашылчу эле Ушундай ынтымакта Жашасак болбойт неге Депутаттык керек эмес Бир бүтүн мекен керек Ажолук керек эмес Урпагым эсен керек Журтташып ойлонолу Биз эмне курал белек Болбогон акча үчүн Ар кимге болдук желек Кудайдан корколучу Болбойлу мерез сенек Энелер ынтымактын Эшиги болуп келген Терметип ырыскынын Бешиги болуп келген Кээбир аялдар ажаандыгы Тирүулөй бизди сойду Сен Чүйлүк Оштуксуң деп Ынтымак такыр жойду Аттиң ай араңардан Бир Каныкей чыкпай койду Сөз өтөр салабаттуу Курманжан чыкпай койду Элеси канча өтсө да Эсимден кетпей турат Насаатын элге айтканга Бир Чыңгыз жетпей турат Ким болдук биз ким элек Улуу журт урпак элек Бириндеп жоголбойлу Бизге азыр Манас керек Шору көп кыргызым ай Ушундай болот белек Уул кызды ойлойлучу Ынтымак бизге керек Аталар сактап келген Мекенди ойлон кыргыз Аздектеп бапестеген Энени ойлон кыргыз Тирүулүк бейишиңдей Жериңди сакта кыргыз Бирөөнүн бийлиги үчүн Элиңди атпа кыргыз Коңшулар сынап турат Бүт дүйнө турат карап Бир-биринсакта кыргыз Жаманын жашыр бекит Жакшыга мактан кыргыз Жаманын жогот бекит Жакшыга мактан кыргыз Кыргыз