Казахские песни Узбекские песни

Песня «Тажадым»
исполнителя Сыймык бейшекеев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Тумчугуп жашоом туман
Чыйрыгып көзүм жумам
Туңгуюк бул жашоодон
Түгөндү такыр аргам
Тажадым бул чөйрөдөн, тажадым ушул көйгөйдөн
Алсырап куурап барам , үн салчы тээ өйдөдөн
Мен деле адам болуп, алыска сызгым келет
Жубайым эркелетип, боорума кыскым келет
Арданам арданамын
Неге артта кармалганмын
Жаш кездеменин деле
Жакшы эле самаганым
Тажадым бул чөйрөдөн, тажадым ушул көйгөйдөн
Алсырап куурап барам , үн салчы тээ өйдөдөн
Мен деле адам болуп, алыска сызгым келет
Баламды эркелетип, боорума кыскым келет
Кызымды эркелетип боорума кыскым келет
Ата-энем күнөөлөбөйм
Чалынган тагдырыма
Башынан баарын баштайм
Буюрса баары алдыда
Тажадым бул чөйрөдөн, тажадым ушул көйгөйдөн
Алсырап куурап барам, үн салчы тээ өйдөдөн
Мен деле адам болуп, закымдап сызгым келет
Баламды эркелетип, боорума кыскым келет
Кызымды эркелетип боорума кыскым келет
Тажадым бул чөйрөдөн адам болгум келет

Другие песни исполнителя:

  • Кара көз, асылзатым, Кашымда жүрчү жакын. Карааның издеп келем, Кайталап улам атың. Кайырма: Жаркылдап кашты кага, Жакшы сөз айтчы мага. Жүз жылы жашоочудай, Жүрөккө тапчы даба. Жароокер, жарпым жазчы, Жан дүйнөм тарткан санаа, Жарыгың чаччы кана, Жакшы сөз айтчы мага. Жарыгым, жакшынам, эй, Таалайым, татынам, эй. Карегиң тик кароого, Кантип мен батынам, эй? Кайырма: Көп кыздар бара жатса, Көрүнбөйт сенден башка. Бакытым өзүң болуп, Багындың махабатка. Жароокер, жарпым жазчы, Жан дүйнөм тарткан санаа. Жарыгың чаччы кана, Жакшы сөз айтчы мага. Жаркылдап кашты кага, Жакшы сөз айтчы мага. Жүз жылы жашоочудай, Жүрөккө тапчы даба.
  • Сел болуп агылбайсыңбы? Сезимге багынбайсыңбы? Сенектик ээлеп алганбы Сен мени сагынбайсыңбы? От болуп жалындайсыңбы Оргуштап агылбайсыңбы Опкоолжуп жүрөк туйлатып Ойлонуп сагынбайсыңбы Карекке кабылбайсыңбы Кайра эми табылбайсыңбы Катарлаш баскан жаштыктын Кайрыгын сагынбайсыңбы Күнүмдү экчегенсиңби Күүгүмдү беттегенсиңби Күргүштөп өткөн жаштыктын Күрдөөлүн эстебейсиңби Турмуштан өксөгөнсүңбү Тумчугуп бөксөрөсүңбү Түйшүксүз сүйүү күндөрүн Түшүңдө көп көрөсүңбү Тагдырды жектегенсиңби Таалайды чектегенсиңби Ташкындап турган жаштыкты Тамшанып эстебейсиңби Үшкүрүп ээх дебейсиңби Үйрүлүп кетпе дейсиңби Үлбүрөк ошол кездерге Үндөсөм кеч дебейсиңби?
  • Жай өтүп, күз мезгил келип, Жай барат мезгилиң желип. Айта албайм ашыктыгымды, Алтыным, койсоңчу сезип. Жамиля, жаным Жамиля деп, Ырчыны айтып бузбайын. Данияр болуп кааласаң, Домбра чертип ырдайын. Бото көз булак болоюн, Утурлап жолуң тороюн. Булбул куш болуп сен үчүн, Багыңа барып коноюн. Аселим, Асел, Асел деп, Түнү бою ырдап сайрайын. Айдоочу Ильяз мен болуп, Долонду ашып барайын. Жүзүңдү тик карай албай, Жүдөдүм сага бара албай. Жүрөгүм ооруп турат го, Жүз аарчы белек ала албай. Мырзагүл, Мырзагүлүм деп, Султаның сенин болоюн. Эрте жазда турналар келсе, Эркем деп обон созоюн. Бетме-бет сага барайын, Берилип сүйүп карайын. Гүл терип сага таң заардан, Гүлсары минип барайын. Кылымды карытар бир күн, Ак жаанда калдым сен үчүн. Махабат дастанын жаздым, Сага деп ырдап күнү-түн. Сен үчүн алма бактан мен, Кыпкызыл алма үзөйүн. Ысык-Көл болуп чалкысаң, Ак кеме болуп сүзөйүн.
  • Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы, Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы. Муңайым көздөрүнөн турду окулуп, Ал аял аруу жазды сагынганы. Керемет, келишимдүү, кээде шаңдуу, Кер аяк кетет тагдыр опурталдуу. Сыртынан сыр бербеген ушул аял, Ичинен муң черткени аянычтуу. Андайда эмне күнөө, эмне жазык, Тааныштык кокусунан, жай сурашып. Эжеке, атыңыз ким, мүмкүн болсо, Каларбыз да бир жерде учурашып?.. Болуптур, жигит, шагың сындырбайын, Анчалык сурап калдың, атым Айым. Түшүнгүң келип турса дагы терең, Түрмөдөн жаңы гана чыккан жайым. Ким менен шайтан басып, тааныштым деп, Жүрөгүм шуу дей түштү, баш кеңгиреп. Канчалык сыр бербейин деген менен, Ал аял билип койду, ушунда кеп. Кете албай же жанынан, же сөз чыкпай, Өңүм да өзгөрүлүп бир кызыктай. Тумчугуп, туталанып турганымда, Баштады аял кебин мына мындай: Жигит, сен менден анча чочубагын, Түшүнгүн түйүнүнө окуянын. Сен мени жеңил ойлуу аял десең, Ага да азырынча кошуламын. Бар эле бир кошуна зөөкүр жигит, Үйүмө чала кызуу келди кирип. Ал менин абийиримди төкмөк болду, Канайым катын бол деп эшикти илип. Бул акмак адамбы же айбанбы деп, Жүрөгүм бир булкунуп, бир титиреп. Алиги зөөкүр болсо жыргалым деп, Мыжыгып мени уйпалап карс-карс күлөт. Тер кетип, денем жалын, көзүм туман, Тургунуң, тургун, зөөкүр деп кыйкырам, Же мага жардам берчү жан адам жок, Мен аны колдон келсе жеген турам. Кутулуп кучагынан эптеп жатып, Кет үйдөн, кеткин дедим, башым катып. Ал акмак арсалаңдап жата берди, Аюудай ичин кашып, төшүн кашып. Ошондо акылымдан танып калдым, Зөөкүрдөн бирок өчүм алып калдым. Бычакты ала коюп ашканадан, Мына деп как жүрөккө сайып калдым. Ушундай бул окуя, билгиң келсе, Анан ал тиштенди да эрдин кесе. Эркектер, эмне мынча зөөкүрсүңөр? Деп мага жалт карады сүрдүү теше. Камыгып мен өзүмчө канадым а, Аялды ушунчалык аядым да. Чөнтөктөн жүз аарчымды ала коюп, Көз жашын сүрткөнгө араң жарадым, ай. Бир карын майды бузган бир кумалак, Бүлдүргөн баарын мүлдө, алиги акмак. Аялга бүт эркекти жек көрсөттү, Өмүрдө ушул кордук, ушул азап. Теребел көк жыттанып, жашыл майсаң, Туулган жер, туулган шаарга бүгүн кайтам. Аял да терең ойдун кучагында, Мен ага эми кантип кайрат айтам? Тунжуроо, туталануу эселеди, Жүрөгүм бир арманды жетеледи. Тээ бая жылт дей түшкөн сезим оту, Көөдөндү түтүнгө ыштап, өчө берди. Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы, Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы. Муңайым көздөрүнөн турду окулуп, Ал аял аруу жазды сагынганы. Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы, Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы…