Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сен мени сагынбайсыңбы?»
исполнителя Сыймык бейшекеев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сел болуп агылбайсыңбы?
Сезимге багынбайсыңбы?
Сенектик ээлеп алганбы
Сен мени сагынбайсыңбы?

От болуп жалындайсыңбы
Оргуштап агылбайсыңбы
Опкоолжуп жүрөк туйлатып
Ойлонуп сагынбайсыңбы

Карекке кабылбайсыңбы
Кайра эми табылбайсыңбы
Катарлаш баскан жаштыктын
Кайрыгын сагынбайсыңбы

Күнүмдү экчегенсиңби
Күүгүмдү беттегенсиңби
Күргүштөп өткөн жаштыктын
Күрдөөлүн эстебейсиңби

Турмуштан өксөгөнсүңбү
Тумчугуп бөксөрөсүңбү
Түйшүксүз сүйүү күндөрүн
Түшүңдө көп көрөсүңбү

Тагдырды жектегенсиңби
Таалайды чектегенсиңби
Ташкындап турган жаштыкты
Тамшанып эстебейсиңби

Үшкүрүп ээх дебейсиңби
Үйрүлүп кетпе дейсиңби
Үлбүрөк ошол кездерге
Үндөсөм кеч дебейсиңби?

Другие песни исполнителя:

  • Жоругум азыр чоочун мага бөтөн Жолуккан күндөрдү эстеп, сага өткөн. Сен иштеп отурганда, шек алдырбай Сеңселген чачтарыңды карап өтөм. Сезимди сага арнаган кирдим чийип Сездирбей басып кеткен, ичтен күйүп. Бурулуп, эки айрылыш жолго салган Бул турмуш аска болчу бизден кийин. Көп мезгил аккан сайын өзөн болуп Көрүнгүң келет мага, бөтөн болуп. Элжиреп күлгөнүңдү көп жашырбай Эстей жүр өткөн жазды эсен болуп. Бир басып далай кечти күүгүмдөнгөн Бир сыйра жолукмайын түн кирбеген. Ал кездин урматы үчүн балбылдаган Аман бол, асыл кечим күлмүңдөгөн. Эсен бол, эркетайым күлмүңдөгөн.
  • Таарынба, садагам, таарынба, Жалооруп сен мага кайгырба. Жанаша сен басып ал менен, Көңүлдү сен антип калтырба. Башында сен жүрдүң каткырып, Сүйөм деп сен мени жактырып. Эгерде чын сүйсөң сен мени, Эмне үчүн кетесиң калтырып? Себебин билдим мен акыры, Ата-энең бербептир тагдырды. Болтуруп сени башка менен, Кайгыга мени калтырды. Сен тиктеп менин көзүмө, Кечир деп ыйладың өкүнө. Ошондо сенин сөзүңдү угуп, Калтырап кеттим мен буулугуп.
  • Түн сүйүүмдү сага болгон, Ушунча да эзесиңби? Сага арнап ырдап жатам, Сүйүүмдү сен сезесиңби? Кайырма: Сага арнаган ак сүйүүнүн, Кадырына жетесиңби? Макул болуп мени менен, Токтогулга кетесиңби? Жолугууга чакырайын, Жообун айтып келесиңби? Анчалык көп кыйнабачы, Алда мени сезесиңби? Кайырма: Айтчы гана, жообун айтчы, Алоолонуп күйүп барам. Анчалык көп назданбачы, Ал ансайын сүйүп барам. Келчи, гүлүм көп күтпөстөн, Максатыма жетсем окшойт. Күтө бербей Токтогулга, Алып качып кетсем окшойт. Кайырма:
  • Коркубуз конулго ынаган Кылычтай келишкен кындагы Балдарбыз достука шерт берген Токсон биринчи жылдагы Кулупунуп кызгалдак гулундой Шамалга ыргалган кырдагы Кыздар да башкача жан эле Токсон биринчи жылдары Анда биз жаш элек наз элек Ыр болуп жашоонун жыргалы Термелген жаш омур биздики Он сегиз жаш деген ырдагы От койгон студент омурго Токсон биринчи жылдары Жаштарбыз жагымдуу жалындуу Жыйырманчы жаз деген ырдагы
  • Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы, Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы. Муңайым көздөрүнөн турду окулуп, Ал аял аруу жазды сагынганы. Керемет, келишимдүү, кээде шаңдуу, Кер аяк кетет тагдыр опурталдуу. Сыртынан сыр бербеген ушул аял, Ичинен муң черткени аянычтуу. Андайда эмне күнөө, эмне жазык, Тааныштык кокусунан, жай сурашып. Эжеке, атыңыз ким, мүмкүн болсо, Каларбыз да бир жерде учурашып?.. Болуптур, жигит, шагың сындырбайын, Анчалык сурап калдың, атым Айым. Түшүнгүң келип турса дагы терең, Түрмөдөн жаңы гана чыккан жайым. Ким менен шайтан басып, тааныштым деп, Жүрөгүм шуу дей түштү, баш кеңгиреп. Канчалык сыр бербейин деген менен, Ал аял билип койду, ушунда кеп. Кете албай же жанынан, же сөз чыкпай, Өңүм да өзгөрүлүп бир кызыктай. Тумчугуп, туталанып турганымда, Баштады аял кебин мына мындай: Жигит, сен менден анча чочубагын, Түшүнгүн түйүнүнө окуянын. Сен мени жеңил ойлуу аял десең, Ага да азырынча кошуламын. Бар эле бир кошуна зөөкүр жигит, Үйүмө чала кызуу келди кирип. Ал менин абийиримди төкмөк болду, Канайым катын бол деп эшикти илип. Бул акмак адамбы же айбанбы деп, Жүрөгүм бир булкунуп, бир титиреп. Алиги зөөкүр болсо жыргалым деп, Мыжыгып мени уйпалап карс-карс күлөт. Тер кетип, денем жалын, көзүм туман, Тургунуң, тургун, зөөкүр деп кыйкырам, Же мага жардам берчү жан адам жок, Мен аны колдон келсе жеген турам. Кутулуп кучагынан эптеп жатып, Кет үйдөн, кеткин дедим, башым катып. Ал акмак арсалаңдап жата берди, Аюудай ичин кашып, төшүн кашып. Ошондо акылымдан танып калдым, Зөөкүрдөн бирок өчүм алып калдым. Бычакты ала коюп ашканадан, Мына деп как жүрөккө сайып калдым. Ушундай бул окуя, билгиң келсе, Анан ал тиштенди да эрдин кесе. Эркектер, эмне мынча зөөкүрсүңөр? Деп мага жалт карады сүрдүү теше. Камыгып мен өзүмчө канадым а, Аялды ушунчалык аядым да. Чөнтөктөн жүз аарчымды ала коюп, Көз жашын сүрткөнгө араң жарадым, ай. Бир карын майды бузган бир кумалак, Бүлдүргөн баарын мүлдө, алиги акмак. Аялга бүт эркекти жек көрсөттү, Өмүрдө ушул кордук, ушул азап. Теребел көк жыттанып, жашыл майсаң, Туулган жер, туулган шаарга бүгүн кайтам. Аял да терең ойдун кучагында, Мен ага эми кантип кайрат айтам? Тунжуроо, туталануу эселеди, Жүрөгүм бир арманды жетеледи. Тээ бая жылт дей түшкөн сезим оту, Көөдөндү түтүнгө ыштап, өчө берди. Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы, Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы. Муңайым көздөрүнөн турду окулуп, Ал аял аруу жазды сагынганы. Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы, Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы…