Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сахна»
исполнителя Сыймык бейшекеев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сахна, сахна ыйыксың
Өнөр менен улуксуң.
Эргип чыксам өзүңдөн
Элим жыргап ыр уксун.
Сахна дүйнөм аңтарган
Эл алдына алпарган.
Тушоом кескен өзүңсүң
Тууганбайдай залкардан.
Тушоом кескен өзүңсүң
Тууганбайдай залкардан.

Сахна, сахна сен элдин
Куттуу төрү өнөрдүн.
Миң ырахмат өзүңө
Сенден өсүп көгөрдүм.
Сахна сенден ачылгам
Жылдыз болуп чачылган.
Эрте алдым нускасын
Эстебестей акындан.
Эрте алдым нускасын
Эстебестей акындан.

Сахна сенден ачылган
Элден чыккан асылдар.
Тагдыр тапкан өзүңдөн
Менин дагы бактым бар.
Сахна жолун ачасың
Жарыгыңды чачасың.
Алган Чынгыз атанын
Ак дилинен батасын.
Алган Чынгыз атанын
Ак дилинен батасын.
Сахна жолун ачасың
Жарыгыңды чачасың.
Алган кыргыз элимдин
Ак дилинен батасын.
Алган кыргыз элимдин
Ак дилинен батасын.

Другие песни исполнителя:

  • Кой көздөрүң жалжылдап, Карагаттай күкүк ай. Аясаңчы жүрөгүм, Жаралантпай, күкүк ай. Аруу түндө нур чачкан Ай болоюн, күкүк ай. Көңүл кушун көтөргөн, Жай болоюн күкүк ай. Кайырма: Күкүк ай, күкүк ай, Жүдөп бүттүм күтүп ай. Бакан менен ийиндеп, Суу аласың күкүк ай. Жандап бассам жер тиктеп, Уяласың күкүк ай. Деги сенин купулуңа, Толомунбу, күкүк ай? Суу жетпеген какыр сайдай, Соломунбу, күкүк ай? Кайырма: Уялбастан жаныма, Жакын келчи күкүк ай. Өзүң менен бир болоюн, Макул дечи күкүк ай. Терезеңдин түбүндө Күтүп турам, күкүк ай. Махабаттын ызгаарына, Үшүп турам, күкүк ай.
  • Аялзаты жан дүйнөнүн жакыны Ансыз жоктур махабаттын татымы. Сулуулугун сактап турган ааламдын Адамзаттын жашоосунун асылы. Кайырма: Бар болгула, бар болгула, айымдар Сүйүү, намыс, ар болгула дайым бар. Күлкүңөрдөн нур төгүлүп жашоого Күндөй жарык жан болгула айымдар. Балдар менен базар кылып үйлөрдү Баарыбызга бар болгула айымдар. Аялзаты — бакыт заты табылбас Ансыз жашоо урпк улап, жаңырбас. Үйдүн куту, турмушуңдун туткасы Өзүң менен өмүрлөшкөн өмүр жаш. Кайырма: Бар болгула, бар болгула, айымдар Сүйүү, намыс, ар болгула дайым бар. Күлкүңөрдөн нур төгүлүп жашоого Күндөй жарык жан болгула айымдар. Балдар менен базар кылып үйлөрдү Баарыбызга бар болгула айымдар. Аялзаты касиети улуулар Мээриминде күн нурундай жылуу бар. Көркүн ачып, биз жашаган турмуштун Көзгө сүйкүм, жанга жагым сулуулар. Кайырма: Бар болгула, бар болгула, айымдар Сүйүү, намыс, ар болгула дайым бар. Күлкүңөрдөн нур төгүлүп жашоого Күндөй жарык жан болгула айымдар. Балдар менен базар кылып үйлөрдү Баарыбызга бар болгула айымдар.
  • Оюмда булкан болуп мен атылып Буралган тульпан болуп сен ачылып Жайдагы жалын чачкан ысык күндө Эс алуу гүл багында келетырык Кайырма: Адашып барат улам курган акыл Ах, жыттуу мойнуңдагы урган атыр Жүздөгөн кыздан өтүп сүрдөбөгөм Жүрөгүм суурулчудай туйлап атыр Тамшантып таңдан кечке саматчудай, Таасириң топ жигитти каратчудай. Баркы эмес баасы кошо көтөрүлгөн, Фасоль деп эркелетсем жарашчудай. Кайырма: Ак куунун түспөлүндөй таластыгым, Акактай келбетиңден тамат нуру, Билинбес бир сыр жатыр карегиңде. Билбеймин дагы нени самап турум Кайырма: Адашып барат улам курган акыл Ах, жыттуу мойнуңдагы урган атыр Эчен бир кыздан өтүп сүрдөбөгөм Жүрөгүм суурулчудай туйлап атыр От жаккан карегиңде бир сыр жатыр.
  • Кара көз, асылзатым, Кашымда жүрчү жакын. Карааның издеп келем, Кайталап улам атың. Кайырма: Жаркылдап кашты кага, Жакшы сөз айтчы мага. Жүз жылы жашоочудай, Жүрөккө тапчы даба. Жароокер, жарпым жазчы, Жан дүйнөм тарткан санаа, Жарыгың чаччы кана, Жакшы сөз айтчы мага. Жарыгым, жакшынам, эй, Таалайым, татынам, эй. Карегиң тик кароого, Кантип мен батынам, эй? Кайырма: Көп кыздар бара жатса, Көрүнбөйт сенден башка. Бакытым өзүң болуп, Багындың махабатка. Жароокер, жарпым жазчы, Жан дүйнөм тарткан санаа. Жарыгың чаччы кана, Жакшы сөз айтчы мага. Жаркылдап кашты кага, Жакшы сөз айтчы мага. Жүз жылы жашоочудай, Жүрөккө тапчы даба.
  • Сөзү. Элмирбек Иманалиевдики Обону. Сыймык Бейшекеевдики Айдың көлдүн кылаасы калкылдаган, Таң нуруна татына жаркылдаган. Топ ак куулар бийлешет өмүр бийин, Толкундардын күүсүнө шарпылдаган. Ак куулар ак пейилден жаратылган, Моюндары аппак ай жаңы тууган. Токтоп берсе бир сүйүп алгың келет, Толкундарга өптүргөн канатынан. Карап эле тургуң бар карап эле, Саматат да, каратат жана деле. Ак куу болуп кетсем деп ойлоносуң, Же болсо не ак куулар адам эле. Анткен менен ак куулар аруу жандар, Түспөлүндөй апакай арыңар бар. Бизде кордойт жалгызды, силердечи? Бирөөн таштап кетпейсиңер калганыңар.