Казахские песни Узбекские песни

Песня «Айымдарга арзуу»
исполнителя Сыймык бейшекеев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Аялзаты жан дүйнөнүн жакыны
Ансыз жоктур махабаттын татымы.
Сулуулугун сактап турган ааламдын
Адамзаттын жашоосунун асылы.

Кайырма:
Бар болгула, бар болгула, айымдар
Сүйүү, намыс, ар болгула дайым бар.
Күлкүңөрдөн нур төгүлүп жашоого
Күндөй жарык жан болгула айымдар.
Балдар менен базар кылып үйлөрдү
Баарыбызга бар болгула айымдар.

Аялзаты — бакыт заты табылбас
Ансыз жашоо урпк улап, жаңырбас.
Үйдүн куту, турмушуңдун туткасы
Өзүң менен өмүрлөшкөн өмүр жаш.

Кайырма:
Бар болгула, бар болгула, айымдар
Сүйүү, намыс, ар болгула дайым бар.
Күлкүңөрдөн нур төгүлүп жашоого
Күндөй жарык жан болгула айымдар.
Балдар менен базар кылып үйлөрдү
Баарыбызга бар болгула айымдар.

Аялзаты касиети улуулар
Мээриминде күн нурундай жылуу бар.
Көркүн ачып, биз жашаган турмуштун
Көзгө сүйкүм, жанга жагым сулуулар.

Кайырма:
Бар болгула, бар болгула, айымдар
Сүйүү, намыс, ар болгула дайым бар.
Күлкүңөрдөн нур төгүлүп жашоого
Күндөй жарык жан болгула айымдар.
Балдар менен базар кылып үйлөрдү
Баарыбызга бар болгула айымдар.

Другие песни исполнителя:

  • Көнөктөп жамгыр төксө жеңилдеймин, Көөнөрүп ал оюма жеңилбеймин. Кусадан курган жүрөк жанчылса да, Кумарлуу көздөрүңө тигилбеймин. Кайырма: Аптыгып ак жамгырда сейилдеймин, Артылып карабасаң кейибеймин. Мендеги бул сезимди түшүнбөсөң, Мен сага бул сүйүүмдү билдирбеймин. Жалгыздык жандап баскан жолдошумдай, Жаңыра ойлор уюп коргошундай. Сезилет күндө бир маал көрүнбөсөң, Сергибей, бөксө жерим толбочудай. Кайырма: Сен туруп көңүлүмдүн борборунда, Камалдым махабаттын коргонуна. Тийгенде ал сендик деп кубулгансыйт, Тамчысы ак жамгырдын колдорума. Кайырма:
  • Асылды ажал сурап көп Аз жашайт деген аырас кеп Жеткен ок менен бир кеттиң Жигиттин гүлү Раатбек. Жүрөккө атың жатталат Жүз жылдар бою даңкталат. Кыргыздын туусун көтөргөн «Кырааным» деген ат калат. Күн бетин тосуп булуттар Күлүңдөп нурдан сыныктар. Күлгүндөй кетти бир баатыр Күйүттүү тагдыр куруп кал. Ай бетин тосуп булуттар Агылып нурдан сыныктар. Азамат кетти күлүстөн Армандуу тагдыр куруп кал. Ак шумкар октон кулатып Ала-Тоо башы мунарык Ак шумкар орду бош калды Ажалдуу өлүм шум алып Тойбодуң октон куланып Тууган жер ыйлап мунарып Айласыз жоктоп калышты Атпай журт сыздап муң агып Кайкып бир учкан каркыра Кайрылбайт эми артына Жетинин бири болсоң да Жете албай койдум баркыңа Ар намыс үчүн күрөшкөн Алгыр куш учту түнөктөн Эскерип калдык эми биз Элесин көрүп сүрөттөн. Эскерип калдык эми биз Элесин көрүп сүрөттөн.
  • Оюмда булкан болуп мен атылып Буралган тульпан болуп сен ачылып Жайдагы жалын чачкан ысык күндө Эс алуу гүл багында келетырык Кайырма: Адашып барат улам курган акыл Ах, жыттуу мойнуңдагы урган атыр Жүздөгөн кыздан өтүп сүрдөбөгөм Жүрөгүм суурулчудай туйлап атыр Тамшантып таңдан кечке саматчудай, Таасириң топ жигитти каратчудай. Баркы эмес баасы кошо көтөрүлгөн, Фасоль деп эркелетсем жарашчудай. Кайырма: Ак куунун түспөлүндөй таластыгым, Акактай келбетиңден тамат нуру, Билинбес бир сыр жатыр карегиңде. Билбеймин дагы нени самап турум Кайырма: Адашып барат улам курган акыл Ах, жыттуу мойнуңдагы урган атыр Эчен бир кыздан өтүп сүрдөбөгөм Жүрөгүм суурулчудай туйлап атыр От жаккан карегиңде бир сыр жатыр.
  • Жоругум азыр чоочун мага бөтөн Жолуккан күндөрдү эстеп, сага өткөн. Сен иштеп отурганда, шек алдырбай Сеңселген чачтарыңды карап өтөм. Сезимди сага арнаган кирдим чийип Сездирбей басып кеткен, ичтен күйүп. Бурулуп, эки айрылыш жолго салган Бул турмуш аска болчу бизден кийин. Көп мезгил аккан сайын өзөн болуп Көрүнгүң келет мага, бөтөн болуп. Элжиреп күлгөнүңдү көп жашырбай Эстей жүр өткөн жазды эсен болуп. Бир басып далай кечти күүгүмдөнгөн Бир сыйра жолукмайын түн кирбеген. Ал кездин урматы үчүн балбылдаган Аман бол, асыл кечим күлмүңдөгөн. Эсен бол, эркетайым күлмүңдөгөн.
  • Жүрөгүм алып учат, эмне менин Жүргөндөй ортосунда асман- жердин. Маңкайып Теңир Тоонун маралындай Махабат жетелетип, кайдан келдиң? Кайырма: Жалт карап эстен тандым саламыңа Жайнаган жаздай сүйкүм жамалыңа. Агылып бара жатты, ороп мени Аппак гүл сенин келген тарабыңа. Арзуудан ажыраткыс бир күч барбы Айбаты барат мынча түн кыскарды. Жоготуп албас үчүн жолугууну Жолуңа төшөсөмбү жылдыздарды. Кайырма: Жалт карап эстен тандым саламыңа Жайнаган жаздай сүйкүм жамалыңа. Агылып бара жатты, ороп мени Аппак гүл сенин келген тарабыңа. Бактысын издеп жүргөн жалгыз сенби? Бактысын издеп жүргөн жалгыз менби? Күн санап, өмүр турсак, конокко окшоп Күнөлөш күнөө чыгар сүйгөндөрдүн. Кайырма: Жалт карап эстен тандым саламыңа Жайнаган жаздай сүйкүм жамалыңа. Агылып бара жатты, ороп мени Аппак гүл сенин келген тарабыңа.