Казахские песни Узбекские песни

Песня «Өткөн жаздын гүлүнө»
исполнителя Сыймык бейшекеев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жоругум азыр чоочун мага бөтөн
Жолуккан күндөрдү эстеп, сага өткөн.
Сен иштеп отурганда, шек алдырбай
Сеңселген чачтарыңды карап өтөм.

Сезимди сага арнаган кирдим чийип
Сездирбей басып кеткен, ичтен күйүп.
Бурулуп, эки айрылыш жолго салган
Бул турмуш аска болчу бизден кийин.

Көп мезгил аккан сайын өзөн болуп
Көрүнгүң келет мага, бөтөн болуп.
Элжиреп күлгөнүңдү көп жашырбай
Эстей жүр өткөн жазды эсен болуп.

Бир басып далай кечти күүгүмдөнгөн
Бир сыйра жолукмайын түн кирбеген.
Ал кездин урматы үчүн балбылдаган
Аман бол, асыл кечим күлмүңдөгөн.
Эсен бол, эркетайым күлмүңдөгөн.

Другие песни исполнителя:

  • Билинбестен мезгилдердин сынагы, Билбейм качан, кайсы жолдон сурады. Жетип келип, колдон алды байкатпай, Алыкулдун ак боз атчан курагы. Ай-жылдарды аралатып кошуп жаш, Кечээ гана турдум эле тосуп жаз. Күлгүн чакты чакыргансыйт күз жакка, Алыкулдун ак боз минген отуз жаш. Өмүр, чиркин, суудай экен агылган, Бүгүнкүдөн эртеңи көп жаңырган. Алды кызык, арты өкүнүч сезилип, Жаштык күндөр жазда калып сагынган. Көлөкөсүн көргүм келбей жайдын да, Көңүл кушум көктөм жыттуу айдыңда. Канча жашоо буюрганын ким билет, Калгым келет жашыл жаздын айлында. Жаштыгымды омуроолоп качырып, Туягынан даңкандары чачылып. Алыстарга ала качат ак боз ат, Отуз жаштын тоолорунан ашырып. Кечээ эле тиги кырда жок элең, Кайдан келдиң, боз ат минген отуз жаш?
  • Жай өтүп, күз мезгил келип, Жай барат мезгилиң желип. Айта албайм ашыктыгымды, Алтыным, койсоңчу сезип. Жамиля, жаным Жамиля деп, Ырчыны айтып бузбайын. Данияр болуп кааласаң, Домбра чертип ырдайын. Бото көз булак болоюн, Утурлап жолуң тороюн. Булбул куш болуп сен үчүн, Багыңа барып коноюн. Аселим, Асел, Асел деп, Түнү бою ырдап сайрайын. Айдоочу Ильяз мен болуп, Долонду ашып барайын. Жүзүңдү тик карай албай, Жүдөдүм сага бара албай. Жүрөгүм ооруп турат го, Жүз аарчы белек ала албай. Мырзагүл, Мырзагүлүм деп, Султаның сенин болоюн. Эрте жазда турналар келсе, Эркем деп обон созоюн. Бетме-бет сага барайын, Берилип сүйүп карайын. Гүл терип сага таң заардан, Гүлсары минип барайын. Кылымды карытар бир күн, Ак жаанда калдым сен үчүн. Махабат дастанын жаздым, Сага деп ырдап күнү-түн. Сен үчүн алма бактан мен, Кыпкызыл алма үзөйүн. Ысык-Көл болуп чалкысаң, Ак кеме болуп сүзөйүн.
  • Жыл тосуп, жыл узатып, Чыккан күн кайра батып, Убакыт — зымырык куш, Негедир барат шашып. Мынакей Жаңы жыл да, Мээримин төгүп келди. Тазартып көңүлдөрдү, Агартып тоону жетти. Кайырма: Сезимдин жарык таңы, Жыл жаңы, көңүл жаңы. Жүрөктү толкундаткан, Жаңы жыл келди дагы. Бакыттын жылы болуп, Ачылсын элдин багы. Апабыз сүйүү берсин, Сага да, мага дагы. Белекте бейпилчилик, Кубаныч, күлкү менен. Элиме ырыскы бер, Койнуңду ачып кенен. Жарык чачкан Жаңы жыл, Сага арнап ырдайбыз ыр. Жакшы тилек, жакшы үмүт Ала келгин Жаңы жыл.
  • Көзүмдү албай коломтонун отунан, Көөдөнүм өрт, шуу үшкүрүп олтурам. Тагдыр турат коломтого байлануу Таштап кетсем не болот деп чочуган. Арзуу бизге азап болду кайдагы? Асылкечим, бир сөз айтчы жайдары. Агай, мени өзүң элең азгырган, Астыртадан көздү кысып, жазгырган. Калбай ээрчип, күндө белек калтырып, Карындаш деп эркелетип, наз кылган. Ал ансайын жүргөн элем тартынып, Моюнума колуң турса артылып. Бирге сыздап жүрөктөгү жарабыз, Биздин дайым бирге дүйнө санаабыз. Арзуу деген азап экен туйланган, Жакын туруп алыс минтип арабыз. Көңүлүбүз, Көңүлүбүз толгон кезде муң-зарга, Бей убакта, Бей убакта биз келебиз гүлзарга. Жалын сүйүү болсо дагы ортобуз, Жаным, неге биз сүйүүдөн коркобуз? Эч жөнү жок, өзүбүздө күнөөлөр, Эки жүрөк экөөбүздүн эркебиз. Булганычтуу ушак кылаар бирөөлөр, Бул сүйүүнү аздек сактап жүрө көр. Жашырынган сүйүү — ушул сүйүүбү? Жанды кыйнап бүттү сырдын түйүнү. Алысташып жашайлычы, агайым, Азап толду сени кыя албай, үйүңдү. Мен тагдырдан өз теңимди табайын, Сизди болсо, жан туйгум деп санайын.
  • Эрте жазда ээрчип сени баргым бар Бекем кармап этегиңе тамгым бар. Эсте калган эски жомок күндөргө Эркелешип кайрадан бир жангым бар. Кайырма: Аттиң, мезгил азабыма айланган Аттиң, багың башка жанга байланган. Алып кайра агын суудай алдындан Арзып сүйөт, кайра өзүңдү арман жан. Гүлү болдуң, аттиң башка бакчанын Сен бөлөксүң, мен да жаным башкамын. Өмүрүңө кайрадан бир кайрылып Өзүң менен атса гана ак таңым. Жашоо бизге эми кымбат сезилип Жашагынын кымбат эркелешип эзилип. Жалыныңа күйгүм келет чок болуп Жарыгыма кайрадан бир кезигип. Билегиме оролсоң ай кайра бир Бийлесекчи баштагыдай жайдары. Куштар ырдап биздин гана бакчага Бизге гана күлүп турса Ай дагы. Кайырма: Аттиң, мезгил азабыма айланган Аттиң, багың башка жанга байланган. Алып кайра агын суудай алдындан Арзып сүйөт, кайра өзүңдү арман жан. Жашоо бизге эми кымбат сезилип Жашагынын кымбат эркелешип эзилип. Жалыныңа күйгүм келет чок болуп Жарыгыма кайрадан бир кезигип. Жалыныңа күйгүм келет чок болуп Жарыгыма кайрадан бир кезигип. Жашоо бизге эми кымбат сезилип