Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жаңы жыл (New Version)»
исполнителя Сыймык бейшекеев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жыл тосуп, жыл узатып,
Чыккан күн кайра батып,
Убакыт — зымырык куш,
Негедир барат шашып.
Мынакей Жаңы жыл да,
Мээримин төгүп келди.
Тазартып көңүлдөрдү,
Агартып тоону жетти.

Кайырма:
Сезимдин жарык таңы,
Жыл жаңы, көңүл жаңы.
Жүрөктү толкундаткан,
Жаңы жыл келди дагы.
Бакыттын жылы болуп,
Ачылсын элдин багы.
Апабыз сүйүү берсин,
Сага да, мага дагы.

Белекте бейпилчилик,
Кубаныч, күлкү менен.
Элиме ырыскы бер,
Койнуңду ачып кенен.
Жарык чачкан Жаңы жыл,
Сага арнап ырдайбыз ыр.
Жакшы тилек, жакшы үмүт
Ала келгин Жаңы жыл.

Другие песни исполнителя:

  • Тумчугуп жашоом туман Чыйрыгып көзүм жумам Туңгуюк бул жашоодон Түгөндү такыр аргам Тажадым бул чөйрөдөн, тажадым ушул көйгөйдөн Алсырап куурап барам , үн салчы тээ өйдөдөн Мен деле адам болуп, алыска сызгым келет Жубайым эркелетип, боорума кыскым келет Арданам арданамын Неге артта кармалганмын Жаш кездеменин деле Жакшы эле самаганым Тажадым бул чөйрөдөн, тажадым ушул көйгөйдөн Алсырап куурап барам , үн салчы тээ өйдөдөн Мен деле адам болуп, алыска сызгым келет Баламды эркелетип, боорума кыскым келет Кызымды эркелетип боорума кыскым келет Ата-энем күнөөлөбөйм Чалынган тагдырыма Башынан баарын баштайм Буюрса баары алдыда Тажадым бул чөйрөдөн, тажадым ушул көйгөйдөн Алсырап куурап барам, үн салчы тээ өйдөдөн Мен деле адам болуп, закымдап сызгым келет Баламды эркелетип, боорума кыскым келет Кызымды эркелетип боорума кыскым келет Тажадым бул чөйрөдөн адам болгум келет
  • Түн ортосу, жылдыздар толуп, Жүрөгүмө махабат конуп. Капысынан айтың мага бир сөз: Калбасынчы сүйүүбүз соолуп. Саманчынын жолун карап, Саамай чачың салаалап тарап, Болдучу эми кетели дейсиң, Түн ортодон ооп барат. Кетиргим жок өзүңдү эркем, Жаратканым сени энчилеп берген. Жомоктордон издесем өзүңдү, Жолугарым акыры сезгем. Чоң жетиген жылдызың издеп, Таң чолпонум, ыр арнадым сиз деп. Коомайланып өзүңдөн чоочуй, Койдум мен да саамайың искеп. Түн ичинде экөөбүзгө эми, Керектир го махабат мээри. Мээрим чачып турсак жүрөктөрдөн, Өчпөйт го дейм сүйүүнүн деми. Алтын казык жылдызын кара, Айлуу түндө ыр арнадым сага. Менин сүйүүм көрүнөбү десем, Күлө карап жылмайдың мага. Үркөр-үркөр жылдызың кара, Үрүл таңда ыр арнадым сага. Биздин жылдыз гана тапчы десем, Күлө карап жылмайдың мага. Саманчынын жолун кара, Садагам ай, ыр арнадым сага
  • Көңүл сүйгөн нур кызым, Мен көксөгөн жылдызым. Сүйүп калдым кантейин, Таэжемдин тун кызын. Кайырма: Бөлө, бөлө, бөлөм деп, Бөлөм үчүн мен өлөм деп. Күтүп жүрөм өзүңдү, Не болсо да көрөм деп. Эй бөлө, бөлө, бөлөм деп, Сен үчүн мен өлөм деп. Күтүп жүрөм өзүңдү, Не болсо да көрөм деп. Айткан сөздү оболу, Мен күткөндөй болбоду. Катуу тагдыр кантейин, Экөөбүздү кошподу. Кайырма: Балалыктын туптунук, Ууз сүйүүсүн арнаган. Жылдар өтсө арадан, эй Жолугарбыз кайрадан. Кайырма:
  • Кызыл кийсең жарашып, Кылчак-кылчак карашып. Кызгалдактай кулпурасың, жаным Кыштак баары сага ашык. Кайырма: Ай сары кыз, сары кыз, Жүрөгүмө дары кыз Кулпунайдай кулпурасың, жаным Курбалдашым сары кыз. Сары, сары, сары кыз Жүрөгүмө дары кыз Кулпунайдай кулпурасың, жаным Курбалдашым сары кыз. Жашыл кийсең жарашып, Жалт-жалт сени карашып. Улуу-кичүү баары бирдей сүйүп, Урушабыз талашып. Кайырма: Кыялымда өзүңдү, Кыса кармап энчилейм. Түбөлүккө колуң бересиңби, Түшүн мени келчи дейм.