Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бардыгы сенсиң»
исполнителя Сыймык бейшекеев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кызылдан көйнөк секелек сенсиң,
Кыраңда өскөн байчечек сезим.
Сүйүүмдү айтсам билмексен болгон,
Сүйкүмдүү кызым эселек кезиң.
Түрлөнтүп айткан баяным сенсиң,
Түшүмдө берген аяным сенсиң.
Кылымдап айткан жомогум сенсиң,
Кыйналып жазган обонум сенсиң.
Апталап айткан баяным сенсиң,
Ал түндө берген аяным сенсиң,
Айлап бир айткан жомогум сенсиң,
Араңдан жазган обонум сенсиң.
Саамайдан сылаар салкын бир желсиң,
Сүйүүмө жөлөк болчу сен белсиң,
Жылдызың чачып жылмайып койчу,
Сүйүүмө жалгыз сен эле теңсиң.
Түрлөнтүп айткан баяным сенсиң,
Түшүмдө берген аяным сенсиң.
Кылымдап айткан жомогум сенсиң,
Кыйналып жазган обонум сенсиң.
Апталап айткан жомогум сенсиң,
Ал түндө берген обонум сенсиң,
Сүрдөнүп айткан жомогум сенсиң,
Сүйүүдөн тапкан обонум сенсиң.
Нөшөрлөп жааган жамгырым сенсиң,
Көөшөрүп жазган жаңы ырым сенсиң.
Сүйүүнүн сырлуу сандыгы сенсиң,
Сүрдөнүп айтсам, бардыгы сенсиң,
Бардыгы сенсиң, бардыгы сенсиң.
Сүйүүнүн алтын сандыгы сенсиң.
Бардыгы сенсиң, бардыгы сенсиң,
Сүйүүмө жалгыз сен эле тенсиң.
Бардыгы сенсиң, бардыгы сенсиң,
Сүйүүнүн алтын сандыгы сенсиң,
Бардыгы сенсиң, бардыгы сенсиң,
Сүйүүмө жалгыз сен эле тенсиң.

Другие песни исполнителя:

  • Негедир бардыгын жеңсем да, Эмнеге эңсөөмдү жеңбеймин? Мелтиреп, үн-сөзсүз, муңайым, Мен сенсиз какшыган чөлдөймүн. Өзүңдү эч кимге бербеймин, Өмүрдө болбостур арманым. Эңсетип кабылган бактым сен, Эркетай, асылым, ардагым. Кайырма: Бактыма нур чачкан жарыгым, Башканы мынча не көрбөймүн? Мейли ким, кандай деп айтса да, Мен сени эч кимге бербеймин. Жаралып кайрадан өмүргө, Жашоого экинчи келбеймин. Андыктан дүйнөдө, асылым, Мен сени эч кимге бербеймин. Негедир бардыгын жеңсем да, Сүйүүнү эмнеге жеңбеймин? Сезимим делбиреп, табышмак, Сен деймин, сен деймин, сен деймин. Карындаш, кара көз жалжалым, Капилет карегим арбадың. Көргөндөй болдуңбу сен дагы, Көзүмдө сүйүүнүн жанганын. Кайырма: Негедир бардыгын жеңсем да, Тагдырды мен эмне жеңбеймин? Ал тагдыр сен болдуң жолугуп, Артка эми кайт десең, көнбөймүн. Мага да Теңирим буюрган, Махабат конушун жердеймин. Мээлеген мергенчи турса да, Мен сени эч кимге бербеймин. Кайырма:
  • Жыл тосуп, жыл узатып, Чыккан күн кайра батып, Убакыт — зымырык куш, Негедир барат шашып. Мынакей Жаңы жыл да, Мээримин төгүп келди. Тазартып көңүлдөрдү, Агартып тоону жетти. Кайырма: Сезимдин жарык таңы, Жыл жаңы, көңүл жаңы. Жүрөктү толкундаткан, Жаңы жыл келди дагы. Бакыттын жылы болуп, Ачылсын элдин багы. Апабыз сүйүү берсин, Сага да, мага дагы. Белекте бейпилчилик, Кубаныч, күлкү менен. Элиме ырыскы бер, Койнуңду ачып кенен. Жарык чачкан Жаңы жыл, Сага арнап ырдайбыз ыр. Жакшы тилек, жакшы үмүт Ала келгин Жаңы жыл.
  • Кайылмын бул жашоонун Кайылмын бир сен үчүн бардыгына. Жашайын моюн сунуп Сезимдин махабаттын ыргагында. Увазир жандооч болуп Жашайын сенин гана хандыгыңда. Махабат ырын ырдап Өтөйүн бир өзүңдүн жарлыгыңда. Кайырма: Шириним, шириним ай Ширеңди тата албай. Шибердей куурап барам Ширенкедей тутана албай. Ханышам ырымды укчу Өзүңө ырдан артык белегим жок. Арнайын ушул ырды Алтындан белек кылчу себебим жок. Ханышам жөн ырдабайм Ырдабайм бир өзүңө себеби жок. Анчалык сумсайбачы Сулууга мерездиктин кереги жок. Кайырма: Жомокко кирип жашап Ак чотур көздөрүңдү уурдап карап Жамалым карап койчу Жалооруп жалгыздыктан тарттым азап. Увазир болуп сага Уурданып тиктей берем кайра-кайра. Ханышам күлүп койчу Билмексен болуп мени калп кыйнаба.
  • Көнөктөп жамгыр төксө жеңилдеймин, Көөнөрүп ал оюма жеңилбеймин. Кусадан курган жүрөк жанчылса да, Кумарлуу көздөрүңө тигилбеймин. Кайырма: Аптыгып ак жамгырда сейилдеймин, Артылып карабасаң кейибеймин. Мендеги бул сезимди түшүнбөсөң, Мен сага бул сүйүүмдү билдирбеймин. Жалгыздык жандап баскан жолдошумдай, Жаңыра ойлор уюп коргошундай. Сезилет күндө бир маал көрүнбөсөң, Сергибей, бөксө жерим толбочудай. Кайырма: Сен туруп көңүлүмдүн борборунда, Камалдым махабаттын коргонуна. Тийгенде ал сендик деп кубулгансыйт, Тамчысы ак жамгырдын колдорума. Кайырма:
  • Коңур күздө түшөт сары жалбырак, Келчү жолуң күтөм карап жалдырап. Сүйүүңөргө суктандым мен дегенсип, Көк асмандан тамчы, тамчы жаш кулап. Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел, Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел. Кабагыңдан капалыгың сездирбей, Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел, Бүгүн мага ак көйнөгүң кийип кел. Сени күтүү — зор бакыттын дал өзү, Сени күтүү — ак сүйүүнүн өзөгү. Ал ансайын сендик сезим артылып, Сага болгон махабатым күчөдү. Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел, Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел. Кабагыңдан капалыгың сездирбей, Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел, Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел. Батыраак кел күзгү жаанга карабай, Басалы бул эски бакты аралай. Сапырылган жалбырактар шуудурап, Кыялымды алып учат сабалай. Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел, Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел. Кабагыңдан капалыгың сездирбей, Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел. Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел, Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел. Кабагыңдан капалыгың сездирбей, Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел. Бүгүн мага ак көйнөгүң кийип кел, Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел