Казахские песни Узбекские песни

Песня «Махабат»
исполнителя Сыймык бейшекеев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жай өтүп, күз мезгил келип,
Жай барат мезгилиң желип.
Айта албайм ашыктыгымды,
Алтыным, койсоңчу сезип.

Жамиля, жаным Жамиля деп,
Ырчыны айтып бузбайын.
Данияр болуп кааласаң,
Домбра чертип ырдайын.

Бото көз булак болоюн,
Утурлап жолуң тороюн.
Булбул куш болуп сен үчүн,
Багыңа барып коноюн.

Аселим, Асел, Асел деп,
Түнү бою ырдап сайрайын.
Айдоочу Ильяз мен болуп,
Долонду ашып барайын.

Жүзүңдү тик карай албай,
Жүдөдүм сага бара албай.
Жүрөгүм ооруп турат го,
Жүз аарчы белек ала албай.

Мырзагүл, Мырзагүлүм деп,
Султаның сенин болоюн.
Эрте жазда турналар келсе,
Эркем деп обон созоюн.

Бетме-бет сага барайын,
Берилип сүйүп карайын.
Гүл терип сага таң заардан,
Гүлсары минип барайын.

Кылымды карытар бир күн,
Ак жаанда калдым сен үчүн.
Махабат дастанын жаздым,
Сага деп ырдап күнү-түн.

Сен үчүн алма бактан мен,
Кыпкызыл алма үзөйүн.
Ысык-Көл болуп чалкысаң,
Ак кеме болуп сүзөйүн.

Другие песни исполнителя:

  • Суранса укпас сөзүн далайдын, Суулардай аккан күндү самаймын. Сезимим жыргап, күлүңдөп жүзүм, Сени алып келчү жолду караймын. Кайырма: Жакшынакайым, жарк деп элесиң, Жан дүйнөм ээлеп, неге жеңесиң? Жашыл жарык нур жааган жол менен, Качан келесиң, эми качан келесиң? Кантейин күткөн кездердин көбүн, Каалабайм сенден өзгөнүн демин Карагым келип, караның издеп, Карайып барат көздөрүм менин. Кайырма: Сүйгөнүм, бүттүм, тушалып деги, Сүйүүсүз жашап, утабыз нени? Кубаты сыйкыр үмүтүм элең, Кучактап алды кусалык мени. Кайырма:
  • Көлөмүң болуп кичине, Көзүмдүн батсаң ичине. Көргөзбөй алып жүрмөкмүн, Көңүлү бузук кишиге. Карааның болуп кичине, Каректин батсаң ичине, Каратпайт элем өзүңдү, Карашы бузук кишиге. Карасаң башка кишиге, Кан толо түшөт ичиме. Эриксе жүрөк булкунуп, Ээ боло албайм күчүнө. Жанаша калсам кичине, Жалдырап карайм жүзүңө, Балакет кылбасаң экен, Башканын кирип түшүнө. Бийлетип ой-санаамды, Биликтей күйүп-жанамбы? Элестеп жүрүп өзүңдү, Эс жинди болуп каламбы? Кыйсыпыр кылдың санаамды, Кыргыздан сендей табамбы? Сыртыңдан жүрүп кызганып, Сыркоолуу болуп каламбы? Көлөмүң болуп кичине, Көзүмдүн батсаң ичине. Көргөзбөй алып жүрмөкмүн. Көңүлү бузук кишиге. Айтканда күйүп айла жок, Ашыктык оту кайда жок. Мени сүй, эгер ишенсең, Мен сүйгөн менен пайда жок.
  • Коркубуз конулго ынаган Кылычтай келишкен кындагы Балдарбыз достука шерт берген Токсон биринчи жылдагы Кулупунуп кызгалдак гулундой Шамалга ыргалган кырдагы Кыздар да башкача жан эле Токсон биринчи жылдары Анда биз жаш элек наз элек Ыр болуп жашоонун жыргалы Термелген жаш омур биздики Он сегиз жаш деген ырдагы От койгон студент омурго Токсон биринчи жылдары Жаштарбыз жагымдуу жалындуу Жыйырманчы жаз деген ырдагы
  • Элимдин бейпилдигин, Намыска бек сактаймын! Энеке, ак сүтүңдү, Эл коргоп мен актаймын! Кайырма: Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Алыста кыргыз элим, Ар дайым сезимимде. Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Артымда кыргыз элим, Ар дайым сезимимде. Сүйүктүү чек арамды, Душманга аралатпайм. Атаке, сөзүм берем, Жүзүңдү жер каратпайм. Кайырма: Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Алыста кара көзүм, Ар дайым сезимимде. Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Артымда кара көзүм, Ар дайым сезимимде. Кыргызым, кутман элим, Бейиштен бүткөн жерим. Намысты алдырбайбыз, Ишенгин, менин элим. Кайырма: Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Алыста кыргыз элим, Ар дайым жүрөгүмдө. Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Артымда кыргыз элим, Ар дайым жүрөгүмдө.
  • Жаралап жүрөгүмдү Жаркытып күлөмүңдү Эх сүйүү, сүйүү Күүгүмдөп жүрөгүмдү Күмүштөп күлөрүмдү Эх сүйүү, сүйүү Ак таңдай сүрөрүмдү Арманга ширедиңби Ох сүйүү, сүйүү Арзуу деп бир өзүндү Аруулайм тилегимди Ох сүйүү сүйүү Ак башат булактайсын Сүйүү сүйүү Ак жарык чырактайсың Сүйүү сүйүү Асыл кечим чырактайсын Сүйүү сүйүү Күлмүң жаш курактайсын Эңсетип кусаланткан Жеткирбей жазаланткан Ох сүйүү сүйүү Сызылып мууңга баткан Сыр төгүп ырлар аккан Ох сүйүү сүйүү Бактыма башын каткан Багымды жашылданткан Эх сүйүү сүйүү Айтылып ал муздактан Өлбөстөн асыл заттан Ох сүйүү, сүйүү