Казахские песни Узбекские песни

Песня «Арман дуйно»
исполнителя Сыймык бейшекеев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Асылды ажал сурап көп
Аз жашайт деген аырас кеп
Жеткен ок менен бир кеттиң
Жигиттин гүлү Раатбек.
Жүрөккө атың жатталат
Жүз жылдар бою даңкталат.
Кыргыздын туусун көтөргөн
«Кырааным» деген ат калат.
Күн бетин тосуп булуттар
Күлүңдөп нурдан сыныктар.
Күлгүндөй кетти бир баатыр
Күйүттүү тагдыр куруп кал.
Ай бетин тосуп булуттар
Агылып нурдан сыныктар.
Азамат кетти күлүстөн
Армандуу тагдыр куруп кал.
Ак шумкар октон кулатып
Ала-Тоо башы мунарык
Ак шумкар орду бош калды
Ажалдуу өлүм шум алып
Тойбодуң октон куланып
Тууган жер ыйлап мунарып
Айласыз жоктоп калышты
Атпай журт сыздап муң агып
Кайкып бир учкан каркыра
Кайрылбайт эми артына
Жетинин бири болсоң да
Жете албай койдум баркыңа
Ар намыс үчүн күрөшкөн
Алгыр куш учту түнөктөн
Эскерип калдык эми биз
Элесин көрүп сүрөттөн.
Эскерип калдык эми биз
Элесин көрүп сүрөттөн.

Другие песни исполнителя:

  • Теңирим теңдеп кошкон, алган жарым, Тереңдеп ойлоп турам ойдун баарын. Жанымдын жарымы болуп, ой бөлүшүп, Жакшы сөз арнаарың чын мага дайым, Алган жарым. Кудайым каалап кошкон, алган жарым, Кубанып ойлоп турат ойдун баарын. Турмушта арка-жөлөк болуп мага, Туу болуп турарың чын мага дайым, Алган жарым. Бак берип, Кыдыр даарып турса дайым, Балдарга өмүр берсин бир Кудайым. Жарым деп тартып турган мага убайым, Жалгыз сен, жалгыз сенсиң, сен жубайым. Жаным деп тартып турган мага убайым, Жалгыз сен, жалгыз сенсиң, сен жубайым.
  • Көп ойлоп дайым өзүңдү, Жалынга таштайм өзүмдү. Жароокер курбум болсоң деп, Айжамал, Айжамал, укчу сөзүмдү. Кыйнаба менин, жаркыным, Жыттайын тосчу алкымың. Ушул күн сага арналат, Айжамал, Айжамал, келчи, алтыным. Көп ойлоп дайым өзүңдү, Жалынга таштайм өзүмдү. Жароокер курбум болсоң деп, Айжамал, Айжамал, укчу сөзүмдү.
  • Алыстан келсем сага кусаланып, Айылымдан кетиптирсиң узап алыс. Арнаган гүлдүн сага бариктери, Алдымда турду түшүп ушаланып. Кайырма: Жомоктогу сүйүүнү пайдаланып, Жоругуңду жазчу элем айдан алып. Жол боюнда ыйлаарың билбептирмин, Жоолугуңду кыйшайтып байлап алып. Артыңдан барсам издеп кабар алып, Алдымдан чыктың капыс балаңды алып. Аттиң, ай, ушак ээрчип калбасын деп, Амандык сурашканга жарабадык. Кайырма: Жол жок эми өзүмдү куткарууга, Жакшы болбойт турмушуң бузганымда. Жооткотуп өзүмдү койдум алдап, Жолдошуңду жакшы деп укканымда. Кайырма:
  • Айтууга келди кезек Атанын уулу дешет Жүгү чоң сөз экенин Жүрөгүм ичтен сезет Татыктуу бекенсиң деп Заманым сөөмөй кезеп Кайырма: Атаке, атакебай Жылт эткен санааңыздан Самоого өзүбүз да Сагынып калабыз да Эшик төр биз чоңойгон Эркелеп барабыз да Бактылуу узак жаша Бар болуп арабызда Табат деп ким сырымды Таштаймын көз нурумду Атымды элге угузуп Арнаймын бар ырымды Өстүрсөм экен сиздей Мен дагы өз уулумду Кайырма: Атаке, атакебай Жылт эткен санааңыздан Самоого өзүбүз да Сагынып калабыз да Эшик төр биз чоңойгон Эркелеп барабыз да Оорубай узак жаша Бар болуп арабызда Ден-соолук берсе экен дейм, Кылымды көрсө экен дейм. Пайгамбар жаш да кутман Тилегим берсе экен дейм Каткырып карылыкты Кайраты жеңсе экен дейм Кайырма: Атаке узак жашап, Аман жүр арабызда
  • Ак көйнөгүң кийип келипсиң, Ак жоолугуң абдан жарашып. Ак куу моюн, сулуу жаш селки, Ай чырайың мынча жарашып. Кайырма: Мага жаккан аппак көйнөгүң, Күттүм эле кийип келет деп. Жок эле го анда жоолугуң, ай, Бүгүн турат желге желбиреп, Ак көйнөгүң желге желбиреп. Тээ алыстан көзгө чалынып, Ак жоолугуң абдан жарашкан. Аты жогуң шакек тагынып, Айтып турат эми талашпа. Кайырма: Жарашыктуу аппак көйнөгүң, Күткөн элем кийип келет деп. Жок эле го анда жоолугуң, ай, Бүгүн турат желге желбиреп, Ак жоолугуң желге желбиреп. Ай чырайлуу сулуу кара көз, Ак көйнөкчөн, аппак жоолукчан. Ак жоолугуң асти түшпөсүн, Бактылуу бол, кимге жолуксаң. Кайырма: Жолугууга аппак көйнөгүң, Күткөн болчум кийип келет деп, Жок эле го анда жоолугуң, ай, Бүгүн турат желге желбиреп, Ак жоолугуң желге желбиреп.