Камынышып улуу жолго, алыска,
Кармаштардан алалы деп калыс баа.
Кызыл туусун бийик кармап баратат,
Кыргызыма жарайлы деп намыска.
Эрназар, Үзүр, Мунарбек,
Амантур, Акжол, Жоламан.
Жеңиштин туусу желбиреп,
Ар дайым бар бол, бол аман.
Ар бириңер бийик коюп баркыңды,
Атпай журтка тааныткыла калкыңды.
Бата тилеп, колдоп аткан кыргызга,
Белек кылып коло, күмүш, алтынды.
Айсулуу, Мээрим, Айпери,
Олимптен утуп кайт эми.
Элиза менен Денисти,
Элибиз мактап айт эми.
Спортчулар элибиздин эр жүрөк,
Силер менен сыймыктанып, эл сүрөп.
Кыз-уулдарың намыс үчүн турганда,
Кыргыз туусу турат дайым желбиреп.
Жеңишти айтсын жардана,
Кубаныч, Эрлан, Сардана.
Бекзат, Айаал чыкканда,
Бүт дүйнө турсун таңдана.
Жарыштарда бийиктерге жол болсун,
Жолборс сымал жулуп чыгып олжосун.
Журтубуздун чыгаан жигит-кыздары,
Жаратканым баарыңарды колдосун
Намыска туулган уул кыздар
Байракты түшүрбөс жылдыздар
Манастап ураан чакырып
Жеңишти күтөт КЫРГЫЗДАР!
Ким элек ким болдук деп,
Суроонун жообун издеп,
Аскадай абийир болсо,
Алдыкпы аны түздөп
Аска-зоо намыс урап,
Ала-Тоом ыйлап турат
Ушул күнгө жеткиргендер,
Береби элге сурак.
Арман ай кыргыз элим
Айласын таппай турат
Үй-бүлө багабыз деп,
Үшкүрүп бакыт издеп
Жүрүшөт башка өлкөдө
Бир эмес миңдеп, жүздөп
Алыскы сапардагы
Бир тууган боорум кыргыз
Таң берем кайратыңа,
Ийилгиз такыр сынгыз
Күн билет кыйналганын
Ай гүлү, күбө жылдыз
Эр Манас тукумдары
Ээрчишип закымдады
Күн санап кеткендердин
Аягы басылбады
Чоңдорүң кооз сүйлөп
Чокчоңдоп бакылдады
Күнугө жүз айтышат
Жакшы күн жакын калды
Эл ишенбей калганына
Жетпеди акылдары
Абийирди жоготтук го
Табабыз кайдан алып
Аксымдар сүйлөшөт го
Асмандан айды алып
Тим койсок жерди бүтүн
Жутушат чайнап алып
Түшүнчу бир тууганым
Булар кетишет пайдаланып
Арбактар кечиргиле
Биз кеттик майдаланып
Жакшы күн сөзсүз келет
Жабыркап чөмүлбөгүн
Көрбөйүн укпайынчы
Кабыргаң сөгүлгөнүн
Башка элге уят болуп
Бечара көрүнбөгүн
Бир тууган боорум кыргыз
Бириндеп бөлүнбөгүн
Жараткан кечирбейт го
Эми кан төгүлгөнүң
Кыргызым качан кайдан
Акчага сатылчу эле
Түндүксүн сен түштүк деп
Бир-бирин басынтчу эле
Жакшысын даңазалап
Жаманын жашырчу эле
Жабыркап калса бири
Жардамга шашылчу эле
Ушундай ынтымакта
Жашасак болбойт неге
Депутаттык керек эмес
Бир бүтүн мекен керек
Ажолук керек эмес
Урпагым эсен керек
Журтташып ойлонолу
Биз эмне курал белек
Болбогон акча үчүн
Ар кимге болдук желек
Кудайдан корколучу
Болбойлу мерез сенек
Энелер ынтымактын
Эшиги болуп келген
Терметип ырыскынын
Бешиги болуп келген
Кээбир аялдар ажаандыгы
Тирүулөй бизди сойду
Сен Чүйлүк Оштуксуң деп
Ынтымак такыр жойду
Аттиң ай араңардан
Бир Каныкей чыкпай койду
Сөз өтөр салабаттуу
Курманжан чыкпай койду
Элеси канча өтсө да
Эсимден кетпей турат
Насаатын элге айтканга
Бир Чыңгыз жетпей турат
Ким болдук биз ким элек
Улуу журт урпак элек
Бириндеп жоголбойлу
Бизге азыр Манас керек
Шору көп кыргызым ай
Ушундай болот белек
Уул кызды ойлойлучу
Ынтымак бизге керек
Аталар сактап келген
Мекенди ойлон кыргыз
Аздектеп бапестеген
Энени ойлон кыргыз
Тирүулүк бейишиңдей
Жериңди сакта кыргыз
Бирөөнүн бийлиги үчүн
Элиңди атпа кыргыз
Коңшулар сынап турат
Бүт дүйнө турат карап
Бир-биринсакта кыргыз
Жаманын жашыр бекит
Жакшыга мактан кыргыз
Жаманын жогот бекит
Жакшыга мактан кыргыз
Кыргыз
Эрте жазда ээрчип сени баргым бар
Бекем кармап этегиңе тамгым бар.
Эсте калган эски жомок күндөргө
Эркелешип кайрадан бир жангым бар.
Кайырма:
Аттиң, мезгил азабыма айланган
Аттиң, багың башка жанга байланган.
Алып кайра агын суудай алдындан
Арзып сүйөт, кайра өзүңдү арман жан.
Гүлү болдуң, аттиң башка бакчанын
Сен бөлөксүң, мен да жаным башкамын.
Өмүрүңө кайрадан бир кайрылып
Өзүң менен атса гана ак таңым.
Жашоо бизге эми кымбат сезилип
Жашагынын кымбат эркелешип эзилип.
Жалыныңа күйгүм келет чок болуп
Жарыгыма кайрадан бир кезигип.
Билегиме оролсоң ай кайра бир
Бийлесекчи баштагыдай жайдары.
Куштар ырдап биздин гана бакчага
Бизге гана күлүп турса Ай дагы.
Кайырма:
Аттиң, мезгил азабыма айланган
Аттиң, багың башка жанга байланган.
Алып кайра агын суудай алдындан
Арзып сүйөт, кайра өзүңдү арман жан.
Жашоо бизге эми кымбат сезилип
Жашагынын кымбат эркелешип эзилип.
Жалыныңа күйгүм келет чок болуп
Жарыгыма кайрадан бир кезигип.
Жалыныңа күйгүм келет чок болуп
Жарыгыма кайрадан бир кезигип.
Жашоо бизге эми кымбат сезилип
Түн ортосу, жылдыздар толуп,
Жүрөгүмө махабат конуп.
Капысынан айтың мага бир сөз:
Калбасынчы сүйүүбүз соолуп.
Саманчынын жолун карап,
Саамай чачың салаалап тарап,
Болдучу эми кетели дейсиң,
Түн ортодон ооп барат.
Кетиргим жок өзүңдү эркем,
Жаратканым сени энчилеп берген.
Жомоктордон издесем өзүңдү,
Жолугарым акыры сезгем.
Чоң жетиген жылдызың издеп,
Таң чолпонум, ыр арнадым сиз деп.
Коомайланып өзүңдөн чоочуй,
Койдум мен да саамайың искеп.
Түн ичинде экөөбүзгө эми,
Керектир го махабат мээри.
Мээрим чачып турсак жүрөктөрдөн,
Өчпөйт го дейм сүйүүнүн деми.
Алтын казык жылдызын кара,
Айлуу түндө ыр арнадым сага.
Менин сүйүүм көрүнөбү десем,
Күлө карап жылмайдың мага.
Үркөр-үркөр жылдызың кара,
Үрүл таңда ыр арнадым сага.
Биздин жылдыз гана тапчы десем,
Күлө карап жылмайдың мага.
Саманчынын жолун кара,
Садагам ай, ыр арнадым сага
Булактай көздөрүң башкача экен,
Бул кечте сага эч ким жакпаса экен.
Мен сага сүйөм деп айткычакты,
Кимдир бирөө озунуп айтпаса экен.
Ботодой көздөрүң бал-бал жанат,
Канбаймын карегиң талбай карап.
Мага эми эч качан тынчтык бербес,
Махабат жүрөккө салган жараат.
Мага сен сурандың келиңиз деп,
Махабат ыр ырдап бериңиз деп.
Ырымды баштадым сүйүнүчтөн,
Өзүм да жүргөнсүп сени издеп.
Термелген кирпигиң төгүлөт да,
Көздөрүң көзүмө өбүлөт да.
Маңдайың жаркырап күлүп бассаң,
Маралдай маңкайып көрүнөт да.
Ирмелген кирпигиң төгүлөт да,
Көздөрүң көзүмө өбүлөт да.
Маңдайың жаркырап күлүп бассаң,
Маралдай маңкайып көрүнөт да.
Буралып, ийилет кымча белиң,
Кыйналып, күйүгөт мынча демим.
Ырымдын аягын бүтүрбөстөн,
Жанымда узакка турса дедим.
Тартуулап көөнүңө таттуу кумар,
Койкоёт моюнуң ак куу сымал.
Татына көркүңө көз тийбеске,
Тагылсам дедим мен сага тумар.