Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кайран кыргыз»
исполнителя Сыймык бейшекеев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ким элек ким болдук деп,
Суроонун жообун издеп,
Аскадай абийир болсо,
Алдыкпы аны түздөп

Аска-зоо намыс урап,
Ала-Тоом ыйлап турат
Ушул күнгө жеткиргендер,
Береби элге сурак.

Арман ай кыргыз элим
Айласын таппай турат
Үй-бүлө багабыз деп,
Үшкүрүп бакыт издеп
Жүрүшөт башка өлкөдө
Бир эмес миңдеп, жүздөп
Алыскы сапардагы
Бир тууган боорум кыргыз
Таң берем кайратыңа,
Ийилгиз такыр сынгыз
Күн билет кыйналганын
Ай гүлү, күбө жылдыз

Эр Манас тукумдары
Ээрчишип закымдады
Күн санап кеткендердин
Аягы басылбады
Чоңдорүң кооз сүйлөп
Чокчоңдоп бакылдады
Күнугө жүз айтышат
Жакшы күн жакын калды
Эл ишенбей калганына
Жетпеди акылдары
Абийирди жоготтук го
Табабыз кайдан алып
Аксымдар сүйлөшөт го
Асмандан айды алып
Тим койсок жерди бүтүн
Жутушат чайнап алып
Түшүнчу бир тууганым
Булар кетишет пайдаланып
Арбактар кечиргиле
Биз кеттик майдаланып
Жакшы күн сөзсүз келет
Жабыркап чөмүлбөгүн
Көрбөйүн укпайынчы
Кабыргаң сөгүлгөнүн
Башка элге уят болуп
Бечара көрүнбөгүн
Бир тууган боорум кыргыз
Бириндеп бөлүнбөгүн
Жараткан кечирбейт го
Эми кан төгүлгөнүң
Кыргызым качан кайдан
Акчага сатылчу эле
Түндүксүн сен түштүк деп
Бир-бирин басынтчу эле
Жакшысын даңазалап
Жаманын жашырчу эле
Жабыркап калса бири
Жардамга шашылчу эле
Ушундай ынтымакта
Жашасак болбойт неге
Депутаттык керек эмес
Бир бүтүн мекен керек
Ажолук керек эмес
Урпагым эсен керек
Журтташып ойлонолу
Биз эмне курал белек
Болбогон акча үчүн
Ар кимге болдук желек
Кудайдан корколучу
Болбойлу мерез сенек
Энелер ынтымактын
Эшиги болуп келген
Терметип ырыскынын
Бешиги болуп келген
Кээбир аялдар ажаандыгы
Тирүулөй бизди сойду
Сен Чүйлүк Оштуксуң деп
Ынтымак такыр жойду
Аттиң ай араңардан
Бир Каныкей чыкпай койду
Сөз өтөр салабаттуу
Курманжан чыкпай койду
Элеси канча өтсө да
Эсимден кетпей турат
Насаатын элге айтканга
Бир Чыңгыз жетпей турат
Ким болдук биз ким элек
Улуу журт урпак элек
Бириндеп жоголбойлу
Бизге азыр Манас керек
Шору көп кыргызым ай
Ушундай болот белек
Уул кызды ойлойлучу
Ынтымак бизге керек

Аталар сактап келген
Мекенди ойлон кыргыз
Аздектеп бапестеген
Энени ойлон кыргыз
Тирүулүк бейишиңдей
Жериңди сакта кыргыз
Бирөөнүн бийлиги үчүн
Элиңди атпа кыргыз
Коңшулар сынап турат
Бүт дүйнө турат карап
Бир-биринсакта кыргыз
Жаманын жашыр бекит
Жакшыга мактан кыргыз
Жаманын жогот бекит
Жакшыга мактан кыргыз
Кыргыз

Другие песни исполнителя:

  • Жыл тосуп, жыл узатып, Чыккан күн кайра батып, Убакыт — зымырык куш, Негедир барат шашып. Мынакей Жаңы жыл да, Мээримин төгүп келди. Тазартып көңүлдөрдү, Агартып тоону жетти. Кайырма: Сезимдин жарык таңы, Жыл жаңы, көңүл жаңы. Жүрөктү толкундаткан, Жаңы жыл келди дагы. Бакыттын жылы болуп, Ачылсын элдин багы. Апабыз сүйүү берсин, Сага да, мага дагы. Белекте бейпилчилик, Кубаныч, күлкү менен. Элиме ырыскы бер, Койнуңду ачып кенен. Жарык чачкан Жаңы жыл, Сага арнап ырдайбыз ыр. Жакшы тилек, жакшы үмүт Ала келгин Жаңы жыл. Кайырма:
  • Оромол чачтуу периштем, Убайың тартам кечиксең. Ашыктык гүлүн берейин мен, Ак-Буура бойлоп кезиксең. Талыкпай тиктейм нур жүзүң, Татынам, таңкы жылдызым. Оорутуп жүрөк жактырды, Ордолуу Оштун бир кызын. Жоругу жазгы жайдасың, Жоогазын болуп жайнасың. Коргошун болуп кетемби мен, Кургурум, памил чайдайсың. Сурмалуу сулуу периштем, Сумсаям бир аз кечиксең. Сунмакмын сага гүлүмдү мен, Сулайман тоодон кезиксең, Махабат гүлүн термекмин, Ак-Буура бойлоп кезиксең.
  • Жүрөгүм алып учат, эмне менин Жүргөндөй ортосунда асман- жердин. Маңкайып Теңир Тоонун маралындай Махабат жетелетип, кайдан келдиң? Кайырма: Жалт карап эстен тандым саламыңа Жайнаган жаздай сүйкүм жамалыңа. Агылып бара жатты, ороп мени Аппак гүл сенин келген тарабыңа. Арзуудан ажыраткыс бир күч барбы Айбаты барат мынча түн кыскарды. Жоготуп албас үчүн жолугууну Жолуңа төшөсөмбү жылдыздарды. Кайырма: Жалт карап эстен тандым саламыңа Жайнаган жаздай сүйкүм жамалыңа. Агылып бара жатты, ороп мени Аппак гүл сенин келген тарабыңа. Бактысын издеп жүргөн жалгыз сенби? Бактысын издеп жүргөн жалгыз менби? Күн санап, өмүр турсак, конокко окшоп Күнөлөш күнөө чыгар сүйгөндөрдүн. Кайырма: Жалт карап эстен тандым саламыңа Жайнаган жаздай сүйкүм жамалыңа. Агылып бара жатты, ороп мени Аппак гүл сенин келген тарабыңа.
  • Көк көйнөк кийсең, көңүлүм сага бөлүнөт, Көркөмүң мага күн нуру болуп төгүлөт. Көңүлүм чындап бурулуп калды, көлдүк кыз, Көңүлдө сырым, көксөгөн муңум угуңуз. Көңүлүм чындап бурулуп калды, көлдүк кыз, Көксөгөн муңум, жүрөктө сырым угуңуз. Ак көйнөк кийсең, акылым сага бөлүнөт, Ажарың мага ай нуру болуп төгүлөт. Ашыкмын дагы, ашыктым сизге, көлдүк кыз, Атайын менин арнаган ырым угуңуз. Ашыкмын дагы, ашыкмын чындап, көлдүк кыз, Атайын сизге арнаган ырым угуңуз. Кызылды кийсең, кыялым сага бөлүнөт, Кылыгың мага кызгалдак болуп көрүнөт. Кымбатым менин, көлдүк кыз, ырым угуңуз, Кылымдар бою бүтпөсө экен ырыбыз. Кымбатым менин, көлдүк кыз, ырым угуңуз, Кылымдар бою бүтпөсүн ушул ырыбыз.
  • Сурма бар сулуу көзүңдө Суктанам айткан сөзүңө. Сыздаса сен деп жүрөгүм Сырдашкым келет өзүңө. Кайырма: Көңүлүм койбойт эркиме Кол сунам сиздей селкиге. Кыялым койбойт эркиме Кызыгам сиздей селкиге. Акылым койбойт эркиме Ашыкмын сиздей селкиге. Көңүлүм койбойт эркиме Кол сунам сиздей селкиге. Жалындуу жаштык кезимде Жанашкым келет өзүңө. Жарашып турат мүнөзүң Жалжылдап жанган көзүңө. Кайырма: Көңүлүм койбойт эркиме Кол сунам сиздей селкиге. Кыялым койбойт эркиме Кызыгам сиздей селкиге. Акылым койбойт эркиме Ашыкмын сиздей селкиге. Көңүлүм койбойт эркиме Кол сунам сиздей селкиге. Жүрсө бир болду элчиге Жүрөгүм сенин менчиңде. Чыдабай жаштык өртүнө Чын ашык болдум өзүңө. Кайырма: Көңүлүм койбойт эркиме Кол сунам сиздей селкиге. Кыялым койбойт эркиме Кызыгам сиздей селкиге. Акылым койбойт эркиме Ашыкмын сиздей селкиге. Көңүлүм койбойт эркиме Кол сунам сиздей селкиге.