Казахские песни Узбекские песни

Песня «Махабат сыры»
исполнителя Сыймык бейшекеев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жай өтүп, күз мезгил келип,
Жай барат мезгилиң желип.
Айта албайм ашыктыгымды,
Алтыным, койсоңчу сезип.

Жамиля, жаным Жамиля деп,
Ырчыны айтып бузбайын.
Данияр болуп кааласаң,
Домбра чертип ырдайын.

Бото көз булак болоюн,
Утурлап жолуң тороюн.
Булбул куш болуп сен үчүн,
Багыңа барып коноюн.

Аселим, Асел, Асел деп,
Түнү бою ырдап сайрайын.
Айдоочу Ильяз мен болуп,
Долонду ашып барайын.

Жүзүңдү тик карай албай,
Жүдөдүм сага бара албай.
Жүрөгүм ооруп турат го,
Жүз аарчы белек ала албай.

Мырзагүл, Мырзагүлүм деп,
Султаның сенин болоюн.
Эрте жазда турналар келсе,
Эркем деп обон созоюн.

Бетме-бет сага барайын,
Берилип сүйүп карайын.
Гүл терип сага таң заардан,
Гүлсары минип барайын.

Кылымды карытар бир күн,
Ак жаанда калдым сен үчүн.
Махабат дастанын жаздым,
Сага деп ырдап күнү-түн.

Сен үчүн алма бактан мен,
Кыпкызыл алма үзөйүн.
Ысык-Көл болуп чалкысаң,
Ак кеме болуп сүзөйүн.

Другие песни исполнителя:

  • Ак көйнөгүң кийип келипсиң, Ак жоолугуң абдан жарашып. Ак куу моюн, сулуу жаш селки, Ай чырайың мынча жарашып. Кайырма: Мага жаккан аппак көйнөгүң, Күттүм эле кийип келет деп. Жок эле го анда жоолугуң, ай, Бүгүн турат желге желбиреп, Ак көйнөгүң желге желбиреп. Тээ алыстан көзгө чалынып, Ак жоолугуң абдан жарашкан. Аты жогуң шакек тагынып, Айтып турат эми талашпа. Кайырма: Жарашыктуу аппак көйнөгүң, Күткөн элем кийип келет деп. Жок эле го анда жоолугуң, ай, Бүгүн турат желге желбиреп, Ак жоолугуң желге желбиреп. Ай чырайлуу сулуу кара көз, Ак көйнөкчөн, аппак жоолукчан. Ак жоолугуң асти түшпөсүн, Бактылуу бол, кимге жолуксаң. Кайырма: Жолугууга аппак көйнөгүң, Күткөн болчум кийип келет деп, Жок эле го анда жоолугуң, ай, Бүгүн турат желге желбиреп, Ак жоолугуң желге желбиреп.
  • Кейпи начар кийими ала-дүлөк, Керзи өтүгү өзүндөй кара, жүдөө. Тачка сүйрөп, жан багып таңдан кечке, «Ош базарда» бир жетим бала жүрөт. Каргадайдан башына токмок салган, Каректерин карадым кош-кош жанган. Каректерин карасам, от айланбай, Чоң кишинин көзүндөй токтоп калган. Жеңи менен мурунун сүртүп алып, Желип барат, жүгүн ал түртүп алып. Кесел болгон кемпирдей тура албастан, Жерде жатат, жетимге тийчү жарык Капты ташып карааны караңдаган, Кабагынын баланын салаңдаган. Ата Журтум, бечара сени көрдүм, Ала качып көздөрүн алаңдаган. Билем кыргыз баласы экендигин, Тилеп турдум Теңирден эсендигин. Жалгыз ушул баланын тачкасында, Келе жаткансып сүйрөлүп Мекен бүгүн… Кейпи начар кийими ала-дүлөк, Керзи өтүгү өзүндөй кара, жүдөө. Тачка сүйрөп, таңдан кечке жанын үрөп, «Ош базарда» бир жетим бала жүрөт.
  • Жакшылар сендей болот, Жактырган мендей болот. Махабат таарынганда Маалкатып келбей коёт. Кебим бар элге айтпачу Кечинде сен айтпачу Кезикким келип турат Кезикпе деп айтпачы Жолуккум келип турат Жолукпа деп айтпачы Көз мончок сендей болот, Көз арткан мендей болот. Көз тийсе махабатка Көрсө да келбей коёт. Кайырма: Жаш менен ойнойт тура, Жалынсак болбойт тура. Жашарткан менен жанды Жайына койбойт тура.
  • Бул өмүрдө сиздей жан Болбостур ата Буулуксам да бөксө жерим Толбостур ата Өкүт кылып кайрылбасын Билип турсам да Өзүңүзгө сагынуу эч Солбостур ата Сиздей болбостур ата Өзүңүзгөй асыл жан Болбостур ата Акыл айттың жугумдуу Кынаптап ата Адам кылган тарбияңа Ырахмат ата Биримдикке чакырат Накыл сөздөрүң Бизден алыс кетсеңиз да Адам кылган тарбияңа Ырахмат ата Арманымды баардык жанга Билгизбейм ата Арамдыкты жан дүйнөмө Киргизбейм ата Антым ушул тирүүлүктө Буюрса кудай Атыңызга жаман сөз Тийгизбейм ата Айкөлүм атам Менин байтөрүм ата Атыңызга жаман сөз Тийгизбейм ата Ыраактап ата Ырахмат ата сизге Атыңызга жаман сөз Тийгизбейм ата Антым ушул тирүүлүктө Буюрса кудай Атыңыздан алат сөз Тийгизбейм ата