Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кыргызымдын кыздары»
исполнителя Сыймык бейшекеев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жүрөктөгү арзуумду кимге арнасам
Жүзү сүйкүм сулууга бүгүн барбасам.
Жылмайышып сулуулар кашын серпишет
Байкамаксан болушат, бирок сезишет.

Көк көйнөкчөн көлдүк кыз, көңүл буруңуз
Көрмөксөнгө салбастан, колду сунуңуз.
Нары баспай, нарындык кыз сөздү угуңуз
Наар албай, ырдап берем угуп туруңуз.

Кыздар турган жатакана сулуу көрүнөт
Кызып алып, сөз айталбай оюм бөлүнөт.
Кыйнабастан сулуулар уккулачы
Кыйкырсам да, үнүм чыкпай, жүрөк сөгүлөт.

Тармал чачтуу таластык кыз, не үндөбөйсүз
Таарынгансып, унчукпай көңүлдөнбөйсүз.
Чүрөктөйсүң чүйлүк кыз, даай албайсың
Жүрөктөсүң, а бирок колуң кармайын.

Айта албастан арзуумду кетип каламбы..
Алик албай койдуңарбы, айткан саламды.
Ак сүйүүгө жооптор жазып койгулачы
Кыздары жок бул дүнүйөң капкараңгы.

Бажырайган баткендик кыз, жандай албаймын
Айткан сөздү терең деп, аңдай албаймын.
Оромолчон оштук кыз ойлонбосоңуз
Олтурайын жаныңызда боенбосоңуз.

Жылмайышып сулуулар, кашын серпишет
Байкамаксан болушат, бирок сезишет.
Жалжылдаган жалалабаддык сулуу периштем
Жаркылдайсың мүчө-башың төп келишкен.

Томсорбогун токтогулдук менин жердешим
Тоготпойсуң айтпасам, өзүң сезбейсиң.
Кымча белдүү, акылдуу, ай нурлары
Кымбатсыңар кыргызымдын сулуу кыздары.
Кымча белдүү, акылдуу, ай нурлары
Кымбатсыңар кыргызымдын сулуу кыздары.
Асылсыңар, кыргызымдын сулуу кыздары!
Эээх, сулуу кыздары!

Другие песни исполнителя:

  • Кайылмын бул жашоонун Кайылмын бир сен үчүн бардыгына. Жашайын моюн сунуп Сезимдин махабаттын ыргагында. Увазир жандооч болуп Жашайын сенин гана хандыгыңда. Махабат ырын ырдап Өтөйүн бир өзүңдүн жарлыгыңда. Кайырма: Шириним, шириним ай Ширеңди тата албай. Шибердей куурап барам Ширенкедей тутана албай. Ханышам ырымды укчу Өзүңө ырдан артык белегим жок. Арнайын ушул ырды Алтындан белек кылчу себебим жок. Ханышам жөн ырдабайм Ырдабайм бир өзүңө себеби жок. Анчалык сумсайбачы Сулууга мерездиктин кереги жок. Кайырма: Жомокко кирип жашап Ак чотур көздөрүңдү уурдап карап Жамалым карап койчу Жалооруп жалгыздыктан тарттым азап. Увазир болуп сага Уурданып тиктей берем кайра-кайра. Ханышам күлүп койчу Билмексен болуп мени калп кыйнаба.
  • Жашоонун бул турмушта маңызы эмне? Байлыкпы басып жыйган катып тенге? Адамдын жанын ажал алам десе, Арачы болор бекен алтын тенге? Жашоонун маңызы дейт ден соолукта, Ансыз да айтышкандай өмүр кыска. Жаралып бул дүйнөгө келген бакыт, Жаркылдап күлүп жүрсөң жай да, кыш да. Жашоонун бул турмушта маңызы эмне? Бийликпи убактынча өткөн төргө? Бел калып бетегеси кеткениндей, Бектердин түбөлүгү болбойт элге. Жашоонун маңызы дейт көңүлдөрдө, Жакшы сөз жарык чачат өмүрлөргө. Бирибиз-бирибизге сыйлуу карап, Жылуу сөз арнайлычы колдон келсе. Жашоонун бул турмушта маңызы эмне? Көр тирилик жай алдырбас акча беле? Артыкча азгырыгы табышмактуу. Адамзат арыла албай келет неге? Жашоонун маңызы дейт үй-бүлөдө. Улаган урпагыңды улуу күнгө, Жана да достук деген кымбаттык бар. Жашоонун көркүн аччу болуп бирге, Жашоонун бул турмушта маңызы эмне?
  • Эрте жазда ээрчип сени баргым бар Бекем кармап этегиңе тамгым бар. Эсте калган эски жомок күндөргө Эркелешип кайрадан бир жангым бар. Кайырма: Аттиң, мезгил азабыма айланган Аттиң, багың башка жанга байланган. Алып кайра агын суудай алдындан Арзып сүйөт, кайра өзүңдү арман жан. Гүлү болдуң, аттиң башка бакчанын Сен бөлөксүң, мен да жаным башкамын. Өмүрүңө кайрадан бир кайрылып Өзүң менен атса гана ак таңым. Жашоо бизге эми кымбат сезилип Жашагынын кымбат эркелешип эзилип. Жалыныңа күйгүм келет чок болуп Жарыгыма кайрадан бир кезигип. Билегиме оролсоң ай кайра бир Бийлесекчи баштагыдай жайдары. Куштар ырдап биздин гана бакчага Бизге гана күлүп турса Ай дагы. Кайырма: Аттиң, мезгил азабыма айланган Аттиң, багың башка жанга байланган. Алып кайра агын суудай алдындан Арзып сүйөт, кайра өзүңдү арман жан. Жашоо бизге эми кымбат сезилип Жашагынын кымбат эркелешип эзилип. Жалыныңа күйгүм келет чок болуп Жарыгыма кайрадан бир кезигип. Жалыныңа күйгүм келет чок болуп Жарыгыма кайрадан бир кезигип. Жашоо бизге эми кымбат сезилип
  • Көңүл сүйгөн нур кызым, Мен көксөгөн жылдызым. Сүйүп калдым кантейин, Таэжемдин тун кызын. Кайырма: Бөлө, бөлө, бөлөм деп, Бөлөм үчүн мен өлөм деп. Күтүп жүрөм өзүңдү, Не болсо да көрөм деп. Эй бөлө, бөлө, бөлөм деп, Сен үчүн мен өлөм деп. Күтүп жүрөм өзүңдү, Не болсо да көрөм деп. Айткан сөздү оболу, Мен күткөндөй болбоду. Катуу тагдыр кантейин, Экөөбүздү кошподу. Кайырма: Балалыктын туптунук, Ууз сүйүүсүн арнаган. Жылдар өтсө арадан, эй Жолугарбыз кайрадан. Кайырма:
  • Булактай көздөрүң башкача экен, Бул кечте сага эч ким жакпаса экен. Мен сага сүйөм деп айткычакты, Кимдир бирөө озунуп айтпаса экен. Ботодой көздөрүң бал-бал жанат, Канбаймын карегиң талбай карап. Мага эми эч качан тынчтык бербес, Махабат жүрөккө салган жараат. Мага сен сурандың келиңиз деп, Махабат ыр ырдап бериңиз деп. Ырымды баштадым сүйүнүчтөн, Өзүм да жүргөнсүп сени издеп. Термелген кирпигиң төгүлөт да, Көздөрүң көзүмө өбүлөт да. Маңдайың жаркырап күлүп бассаң, Маралдай маңкайып көрүнөт да. Ирмелген кирпигиң төгүлөт да, Көздөрүң көзүмө өбүлөт да. Маңдайың жаркырап күлүп бассаң, Маралдай маңкайып көрүнөт да. Буралып, ийилет кымча белиң, Кыйналып, күйүгөт мынча демим. Ырымдын аягын бүтүрбөстөн, Жанымда узакка турса дедим. Тартуулап көөнүңө таттуу кумар, Койкоёт моюнуң ак куу сымал. Татына көркүңө көз тийбеске, Тагылсам дедим мен сага тумар.