Казахские песни Узбекские песни

Песня «Шириним ай»
исполнителя Сыймык бейшекеев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кайылмын бул жашоонун
Кайылмын бир сен үчүн бардыгына.
Жашайын моюн сунуп
Сезимдин махабаттын ыргагында.
Увазир жандооч болуп
Жашайын сенин гана хандыгыңда.
Махабат ырын ырдап
Өтөйүн бир өзүңдүн жарлыгыңда.

Кайырма:
Шириним, шириним ай
Ширеңди тата албай.
Шибердей куурап барам
Ширенкедей тутана албай.

Ханышам ырымды укчу
Өзүңө ырдан артык белегим жок.
Арнайын ушул ырды
Алтындан белек кылчу себебим жок.
Ханышам жөн ырдабайм
Ырдабайм бир өзүңө себеби жок.
Анчалык сумсайбачы
Сулууга мерездиктин кереги жок.

Кайырма:

Жомокко кирип жашап
Ак чотур көздөрүңдү уурдап карап
Жамалым карап койчу
Жалооруп жалгыздыктан тарттым азап.
Увазир болуп сага
Уурданып тиктей берем кайра-кайра.
Ханышам күлүп койчу
Билмексен болуп мени калп кыйнаба.

Другие песни исполнителя:

  • Элимдин бейпилдигин, Намыска бек сактаймын! Энеке, ак сүтүңдү, Эл коргоп мен актаймын! Кайырма: Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Алыста кыргыз элим, Ар дайым сезимимде. Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Артымда кыргыз элим, Ар дайым сезимимде. Сүйүктүү чек арамды, Душманга аралатпайм. Атаке, сөзүм берем, Жүзүңдү жер каратпайм. Кайырма: Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Алыста кара көзүм, Ар дайым сезимимде. Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Артымда кара көзүм, Ар дайым сезимимде. Кыргызым, кутман элим, Бейиштен бүткөн жерим. Намысты алдырбайбыз, Ишенгин, менин элим. Кайырма: Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Алыста кыргыз элим, Ар дайым жүрөгүмдө. Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Артымда кыргыз элим, Ар дайым жүрөгүмдө.
  • Көп ойлоп дайым өзүңдү, Жалынга таштайм өзүмдү. Жароокер курбум болсоң деп, Айжамал, Айжамал, укчу сөзүмдү. Кыйнаба менин, жаркыным, Жыттайын тосчу алкымың. Ушул күн сага арналат, Айжамал, Айжамал, келчи, алтыным. Көп ойлоп дайым өзүңдү, Жалынга таштайм өзүмдү. Жароокер курбум болсоң деп, Айжамал, Айжамал, укчу сөзүмдү.
  • Булактай көздөрүң башкача экен, Бул кечте сага эч ким жакпаса экен. Мен сага сүйөм деп айткычакты, Кимдир бирөө озунуп айтпаса экен. Ботодой көздөрүң бал-бал жанат, Канбаймын карегиң талбай карап. Мага эми эч качан тынчтык бербес, Махабат жүрөккө салган жараат. Мага сен сурандың келиңиз деп, Махабат ыр ырдап бериңиз деп. Ырымды баштадым сүйүнүчтөн, Өзүм да жүргөнсүп сени издеп. Термелген кирпигиң төгүлөт да, Көздөрүң көзүмө өбүлөт да. Маңдайың жаркырап күлүп бассаң, Маралдай маңкайып көрүнөт да. Ирмелген кирпигиң төгүлөт да, Көздөрүң көзүмө өбүлөт да. Маңдайың жаркырап күлүп бассаң, Маралдай маңкайып көрүнөт да. Буралып, ийилет кымча белиң, Кыйналып, күйүгөт мынча демим. Ырымдын аягын бүтүрбөстөн, Жанымда узакка турса дедим. Тартуулап көөнүңө таттуу кумар, Койкоёт моюнуң ак куу сымал. Татына көркүңө көз тийбеске, Тагылсам дедим мен сага тумар.
  • Ой болуп карайм жүзүңдөн сымбат, Ойноок көз курбум карашың кымбат. Сагыныч эзет сары оору кылып, Өзгөчөм деймин башкадан ылгап. Кайырма: Ооруду жүрөк ок болуп тийген, Көзүңдөн сенин жалындап күйгөн. Канча жан мага арзыды экен, А бирок сенден башканы сүйбөйм. Сагындым сени үлбүрөп турган, Мажүрүм болуп сүйүүмдү ырдайм. Жол бою өскөн дарактай болуп, Күтүүдөн чарчап жанымды кыйнайм Кайырма: Кыйбасым ойлон кымбатым жандын, Жанымда болуп жалындай жангын Антпесе өмүр боектой өчөт, Өзүңсүз өтсөм арманым арбын.
  • Жашоонун бул турмушта маңызы эмне? Байлыкпы басып жыйган катып тенге? Адамдын жанын ажал алам десе, Арачы болор бекен алтын тенге? Жашоонун маңызы дейт ден соолукта, Ансыз да айтышкандай өмүр кыска. Жаралып бул дүйнөгө келген бакыт, Жаркылдап күлүп жүрсөң жай да, кыш да. Жашоонун бул турмушта маңызы эмне? Бийликпи убактынча өткөн төргө? Бел калып бетегеси кеткениндей, Бектердин түбөлүгү болбойт элге. Жашоонун маңызы дейт көңүлдөрдө, Жакшы сөз жарык чачат өмүрлөргө. Бирибиз-бирибизге сыйлуу карап, Жылуу сөз арнайлычы колдон келсе. Жашоонун бул турмушта маңызы эмне? Көр тирилик жай алдырбас акча беле? Артыкча азгырыгы табышмактуу. Адамзат арыла албай келет неге? Жашоонун маңызы дейт үй-бүлөдө. Улаган урпагыңды улуу күнгө, Жана да достук деген кымбаттык бар. Жашоонун көркүн аччу болуп бирге, Жашоонун бул турмушта маңызы эмне?