Казахские песни Узбекские песни

Песня «Отуз жаш?»
исполнителя Сыймык бейшекеев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Билинбестен мезгилдердин сынагы,
Билбейм качан, кайсы жолдон сурады.
Жетип келип, колдон алды байкатпай,
Алыкулдун ак боз атчан курагы.
Ай-жылдарды аралатып кошуп жаш,
Кечээ гана турдум эле тосуп жаз.
Күлгүн чакты чакыргансыйт күз жакка,
Алыкулдун ак боз минген отуз жаш.
Өмүр, чиркин, суудай экен агылган,
Бүгүнкүдөн эртеңи көп жаңырган.
Алды кызык, арты өкүнүч сезилип,
Жаштык күндөр жазда калып сагынган.
Көлөкөсүн көргүм келбей жайдын да,
Көңүл кушум көктөм жыттуу айдыңда.
Канча жашоо буюрганын ким билет,
Калгым келет жашыл жаздын айлында.
Жаштыгымды омуроолоп качырып,
Туягынан даңкандары чачылып.
Алыстарга ала качат ак боз ат,
Отуз жаштын тоолорунан ашырып.
Кечээ эле тиги кырда жок элең,
Кайдан келдиң, боз ат минген отуз жаш?

Другие песни исполнителя:

  • Негедир бардыгын жеңсем да, Эмнеге эңсөөмдү жеңбеймин? Мелтиреп, үн-сөзсүз, муңайым, Мен сенсиз какшыган чөлдөймүн. Өзүңдү эч кимге бербеймин, Өмүрдө болбостур арманым. Эңсетип кабылган бактым сен, Эркетай, асылым, ардагым. Кайырма: Бактыма нур чачкан жарыгым, Башканы мынча не көрбөймүн? Мейли ким, кандай деп айтса да, Мен сени эч кимге бербеймин. Жаралып кайрадан өмүргө, Жашоого экинчи келбеймин. Андыктан дүйнөдө, асылым, Мен сени эч кимге бербеймин. Негедир бардыгын жеңсем да, Сүйүүнү эмнеге жеңбеймин? Сезимим делбиреп, табышмак, Сен деймин, сен деймин, сен деймин. Карындаш, кара көз жалжалым, Капилет карегим арбадың. Көргөндөй болдуңбу сен дагы, Көзүмдө сүйүүнүн жанганын. Кайырма: Негедир бардыгын жеңсем да, Тагдырды мен эмне жеңбеймин? Ал тагдыр сен болдуң жолугуп, Артка эми кайт десең, көнбөймүн. Мага да Теңирим буюрган, Махабат конушун жердеймин. Мээлеген мергенчи турса да, Мен сени эч кимге бербеймин. Кайырма:
  • Элимдин бейпилдигин, Намыска бек сактаймын! Энеке, ак сүтүңдү, Эл коргоп мен актаймын! Кайырма: Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Алыста кыргыз элим, Ар дайым сезимимде. Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Артымда кыргыз элим, Ар дайым сезимимде. Сүйүктүү чек арамды, Душманга аралатпайм. Атаке, сөзүм берем, Жүзүңдү жер каратпайм. Кайырма: Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Алыста кара көзүм, Ар дайым сезимимде. Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Артымда кара көзүм, Ар дайым сезимимде. Кыргызым, кутман элим, Бейиштен бүткөн жерим. Намысты алдырбайбыз, Ишенгин, менин элим. Кайырма: Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Алыста кыргыз элим, Ар дайым жүрөгүмдө. Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Артымда кыргыз элим, Ар дайым жүрөгүмдө.
  • Көлөмүң болуп кичине, Көзүмдүн батсаң ичине. Көргөзбөй алып жүрмөкмүн, Көңүлү бузук кишиге. Карааның болуп кичине, Каректин батсаң ичине, Каратпайт элем өзүңдү, Карашы бузук кишиге. Карасаң башка кишиге, Кан толо түшөт ичиме. Эриксе жүрөк булкунуп, Ээ боло албайм күчүнө. Жанаша калсам кичине, Жалдырап карайм жүзүңө, Балакет кылбасаң экен, Башканын кирип түшүнө. Бийлетип ой-санаамды, Биликтей күйүп-жанамбы? Элестеп жүрүп өзүңдү, Эс жинди болуп каламбы? Кыйсыпыр кылдың санаамды, Кыргыздан сендей табамбы? Сыртыңдан жүрүп кызганып, Сыркоолуу болуп каламбы? Көлөмүң болуп кичине, Көзүмдүн батсаң ичине. Көргөзбөй алып жүрмөкмүн. Көңүлү бузук кишиге. Айтканда күйүп айла жок, Ашыктык оту кайда жок. Мени сүй, эгер ишенсең, Мен сүйгөн менен пайда жок.
  • Суранса укпас, сөзүн далайдын, Суулардай аккан, күндү санаймын. Сезимим жыргап, күлүңдөп жүзүм, Сени алып келчү, жолду караймын. Кайырма: Жакшынакайым, жарк деп элесиң, Жан дүйнөм ээлеп, неге жеңесиң. Жашыл жарык нур жааган жол менен, Качан келесиң ай, качан келесиң? Кантейин күткөн, кездердин көбүн, Каалабайм сенден, өзгөнүн демин. Карагым келип, карааның издеп, Карайып барат, көздөрүм менин. Кайырма: Сүрдөнүп бүттүм, тушалып деги, Сүйүүсүз жашап, утабыз нени. Кубаты сыйкыр, үмүтү менен, Кучактап алды, кусалык мени.
  • Кызылдан көйнөк секелек сенсиң, Кыраңда өскөн байчечек сезим. Сүйүүмдү айтсам билмексен болгон, Сүйкүмдүү кызым эселек кезиң. Түрлөнтүп айткан баяным сенсиң, Түшүмдө берген аяным сенсиң. Кылымдап айткан жомогум сенсиң, Кыйналып жазган обонум сенсиң. Апталап айткан баяным сенсиң, Ал түндө берген аяным сенсиң, Айлап бир айткан жомогум сенсиң, Араңдан жазган обонум сенсиң. Саамайдан сылаар салкын бир желсиң, Сүйүүмө жөлөк болчу сен белсиң, Жылдызың чачып жылмайып койчу, Сүйүүмө жалгыз сен эле теңсиң. Түрлөнтүп айткан баяным сенсиң, Түшүмдө берген аяным сенсиң. Кылымдап айткан жомогум сенсиң, Кыйналып жазган обонум сенсиң. Апталап айткан жомогум сенсиң, Ал түндө берген обонум сенсиң, Сүрдөнүп айткан жомогум сенсиң, Сүйүүдөн тапкан обонум сенсиң. Нөшөрлөп жааган жамгырым сенсиң, Көөшөрүп жазган жаңы ырым сенсиң. Сүйүүнүн сырлуу сандыгы сенсиң, Сүрдөнүп айтсам, бардыгы сенсиң, Бардыгы сенсиң, бардыгы сенсиң. Сүйүүнүн алтын сандыгы сенсиң. Бардыгы сенсиң, бардыгы сенсиң, Сүйүүмө жалгыз сен эле тенсиң. Бардыгы сенсиң, бардыгы сенсиң, Сүйүүнүн алтын сандыгы сенсиң, Бардыгы сенсиң, бардыгы сенсиң, Сүйүүмө жалгыз сен эле тенсиң.