Казахские песни Узбекские песни

Песня «Эки журок»
исполнителя Сыймык бейшекеев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Көзүмдү албай коломтонун отунан,
Көөдөнүм өрт, шуу үшкүрүп олтурам.
Тагдыр турат коломтого байлануу
Таштап кетсем не болот деп чочуган.
Арзуу бизге азап болду кайдагы?
Асылкечим, бир сөз айтчы жайдары.
Агай, мени өзүң элең азгырган,
Астыртадан көздү кысып, жазгырган.
Калбай ээрчип, күндө белек калтырып,
Карындаш деп эркелетип, наз кылган.
Ал ансайын жүргөн элем тартынып,
Моюнума колуң турса артылып.
Бирге сыздап жүрөктөгү жарабыз,
Биздин дайым бирге дүйнө санаабыз.
Арзуу деген азап экен туйланган,
Жакын туруп алыс минтип арабыз.
Көңүлүбүз,
Көңүлүбүз толгон кезде муң-зарга,
Бей убакта,
Бей убакта биз келебиз гүлзарга.
Жалын сүйүү болсо дагы ортобуз,
Жаным, неге биз сүйүүдөн коркобуз?
Эч жөнү жок, өзүбүздө күнөөлөр,
Эки жүрөк экөөбүздүн эркебиз.
Булганычтуу ушак кылаар бирөөлөр,
Бул сүйүүнү аздек сактап жүрө көр.
Жашырынган сүйүү ушул сүйүүбү?
Жанды кыйнап бүттү сырдын түйүнү.
Алысташып жашайлычы, агайым,
Азап толду сени кыя албай, үйүңдү.
Мен тагдырдан өз теңимди табайын,
Сизди болсо, жан туйгум деп санайын.

Другие песни исполнителя:

  • Кыргызым эчен-эчен кылым баскан Жыргалдын, кууралдын да даамын таткан. Кууралын жан душманга билдирбестен, Жыргалдын болооруна үмүт арткан. Атабыз эр Манастай шерлери да Алгалап, сүрөп дайым намыс тапкан. Бабалар басып өткөн жолду баспай Аталар ашып өткөн тоону ашпай Кыргызым эмне мынча мүңкүрөдүң? Күндүзү чырак кармап, жолун таппай Шерлериң, баатырларың жоктугунан Түн болуп турат үмүт таң атпай ий. Намыстан куйкаланып көкүрөгүм Бириндеп, бирикпестен сөгүлөмүн Мынча эмне, майдаландың кыргызым деп Дендароо ар кыл ойго чөмүлөмүн Бүгүн мен бир чындыкты ырдап берем Чыйрыкпай, чычалабай угуп тургун, өтүнөөрүм! Кейидим, кесе тиштеп бармагымды Бере албай бүт кыргызга жардамымды. Көргөндө күйүп кетем башка улутка Басынып, башты жерге салганымды Аттиң ай, түркүк болоор камчыга сап Намыска жараар уулуң калбаганбы эээй.. Митинг деп чуу түшүрүп бүт өлкөмдү Менингит кылмай болдук бул чөлкөмдү Бар беле жети атаңда ушундай салт Намыска ойлойсуңбу сен эртеңди? Сый-урмат алым тынат, улуу намыс Же эмне, Манас менен кошо өлгөнбү эээй. Биздеги алым тынат улуу намыс Же эмне, Чынгыз менен кошо өлгөнбү? Сый көрүп, төрдө отураар убагында Кетсин деп, ураан кармап чалдар жүрөт Бул биздин уруубуздун мыктысы деп Кемпирлер чуу түшүрөт, жолду бөгөп Аз күндө бири-бирин жеп бүтөт деп Шылдыңдап, кошуналар бизге күлөт ээй. Шерменде кылдыңар го бүт өлкөмдү Шылдыңдап, башка улуттар бизге күлөт Тынч турган элди алдап, бүлүнттүңөр Акчанын кулу кылып жүгүнттүңөр Кимисине ишенээрин билбей элим Суу сепкендей өчүп барат үмүтүңөр Саясатың сайда калгыр, так талашкан Түңүлтүңөр, силер бизди түңүлтүңөр, ээй Зымырап өмүр алга шашып барат Байлыгың, бийлигиң да баары калат. Бийликтен көзү каткан бурадарлар Акыры жамынарың боз топурак. Жасаган ар бир ишке жооп беребиз Жараткан Кудай өзү карап турат ээй. Кыргызым ушунчаңда токтололу Жараткан кудай бизди карап турат ээй. Кыргызым ушунчаңда токтололу Токтотпосок, Кудай бизди чындап урат ээй.
  • Көнөктөп жамгыр төксө жеңилдеймин, Көөнөрүп ал оюма жеңилбеймин. Кусадан курган жүрөк жанчылса да, Кумарлуу көздөрүңө тигилбеймин. Кайырма: Аптыгып ак жамгырда сейилдеймин, Артылып карабасаң кейибеймин. Мендеги бул сезимди түшүнбөсөң, Мен сага бул сүйүүмдү билдирбеймин. Жалгыздык жандап баскан жолдошумдай, Жаңыра ойлор уюп коргошундай. Сезилет күндө бир маал көрүнбөсөң, Сергибей, бөксө жерим толбочудай. Кайырма: Сен туруп көңүлүмдүн борборунда, Камалдым махабаттын коргонуна. Тийгенде ал сендик деп кубулгансыйт, Тамчысы ак жамгырдын колдорума. Кайырма:
  • Сен менин жүрөгүмө жаз алып келдиң, Жаз менен жанга жагым наз алып келдиң. Күн нурун кирпигиңе тагынып алып, Күлмүңдөп гүлгө окшоп жасанып келдиң. Кайырма: Жаз менин көздөрүмдө, сенин көзүңдө, Жүрсөк да аппак карлуу кыштын өзүндөй. Ал жазды сен ээрчитип мага келгендей, Көңүлүм көктөм өңүн көргөн сезимде. Көздөрүң көздөрүмө учураганда, Бактылуу жоктой башка ушул ааламда. Көлкүлдөп эрип кетти сүйүү жазынан, Кыш дагы алы келбей кычыраганга. Кайырма: Көздөрүң көздөрүмө эркелегенде, Көлдөгү толкун болуп кетем мен эмне. Бүт дүйнө жаралгандай сүйүү дегенден, Бүт дүйнө багынгандай сүйүү дегенге! Кайырма:
  • Ак көйнөгүң кийип келипсиң, Ак жоолугуң абдан жарашып. Ак куу моюн, сулуу жаш селки, Ай чырайың мынча жарашып. Кайырма: Мага жаккан аппак көйнөгүң, Күттүм эле кийип келет деп. Жок эле го анда жоолугуң, ай, Бүгүн турат желге желбиреп, Ак көйнөгүң желге желбиреп. Тээ алыстан көзгө чалынып, Ак жоолугуң абдан жарашкан. Аты жогуң шакек тагынып, Айтып турат эми талашпа. Кайырма: Жарашыктуу аппак көйнөгүң, Күткөн элем кийип келет деп. Жок эле го анда жоолугуң, ай, Бүгүн турат желге желбиреп, Ак жоолугуң желге желбиреп. Ай чырайлуу сулуу кара көз, Ак көйнөкчөн, аппак жоолукчан. Ак жоолугуң асти түшпөсүн, Бактылуу бол, кимге жолуксаң. Кайырма: Жолугууга аппак көйнөгүң, Күткөн болчум кийип келет деп, Жок эле го анда жоолугуң, ай, Бүгүн турат желге желбиреп, Ак жоолугуң желге желбиреп.
  • Кой көздөрүң жалжылдап, Карагаттай күкүк ай. Аясаңчы жүрөгүм, Жаралантпай, күкүк ай. Аруу түндө нур чачкан Ай болоюн, күкүк ай. Көңүл кушун көтөргөн, Жай болоюн күкүк ай. Кайырма: Күкүк ай, күкүк ай, Жүдөп бүттүм күтүп ай. Бакан менен ийиндеп, Суу аласың күкүк ай. Жандап бассам жер тиктеп, Уяласың күкүк ай. Деги сенин купулуңа, Толомунбу, күкүк ай? Суу жетпеген какыр сайдай, Соломунбу, күкүк ай? Кайырма: Уялбастан жаныма, Жакын келчи күкүк ай. Өзүң менен бир болоюн, Макул дечи күкүк ай. Терезеңдин түбүндө Күтүп турам, күкүк ай. Махабаттын ызгаарына, Үшүп турам, күкүк ай.