Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кайрылуу ыры»
исполнителя Сыймык бейшекеев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кыргызым эчен-эчен кылым баскан
Жыргалдын, кууралдын да даамын таткан.
Кууралын жан душманга билдирбестен,
Жыргалдын болооруна үмүт арткан.
Атабыз эр Манастай шерлери да
Алгалап, сүрөп дайым намыс тапкан.
Бабалар басып өткөн жолду баспай
Аталар ашып өткөн тоону ашпай
Кыргызым эмне мынча мүңкүрөдүң?
Күндүзү чырак кармап, жолун таппай
Шерлериң, баатырларың жоктугунан
Түн болуп турат үмүт таң атпай ий.
Намыстан куйкаланып көкүрөгүм
Бириндеп, бирикпестен сөгүлөмүн
Мынча эмне, майдаландың кыргызым деп
Дендароо ар кыл ойго чөмүлөмүн
Бүгүн мен бир чындыкты ырдап берем
Чыйрыкпай, чычалабай угуп тургун, өтүнөөрүм!
Кейидим, кесе тиштеп бармагымды
Бере албай бүт кыргызга жардамымды.
Көргөндө күйүп кетем башка улутка
Басынып, башты жерге салганымды
Аттиң ай, түркүк болоор камчыга сап
Намыска жараар уулуң калбаганбы эээй..
Митинг деп чуу түшүрүп бүт өлкөмдү
Менингит кылмай болдук бул чөлкөмдү
Бар беле жети атаңда ушундай салт
Намыска ойлойсуңбу сен эртеңди?
Сый-урмат алым тынат, улуу намыс
Же эмне, Манас менен кошо өлгөнбү эээй.
Биздеги алым тынат улуу намыс
Же эмне, Чынгыз менен кошо өлгөнбү?
Сый көрүп, төрдө отураар убагында
Кетсин деп, ураан кармап чалдар жүрөт
Бул биздин уруубуздун мыктысы деп
Кемпирлер чуу түшүрөт, жолду бөгөп
Аз күндө бири-бирин жеп бүтөт деп
Шылдыңдап, кошуналар бизге күлөт ээй.
Шерменде кылдыңар го бүт өлкөмдү
Шылдыңдап, башка улуттар бизге күлөт
Тынч турган элди алдап, бүлүнттүңөр
Акчанын кулу кылып жүгүнттүңөр
Кимисине ишенээрин билбей элим
Суу сепкендей өчүп барат үмүтүңөр
Саясатың сайда калгыр, так талашкан
Түңүлтүңөр, силер бизди түңүлтүңөр, ээй
Зымырап өмүр алга шашып барат
Байлыгың, бийлигиң да баары калат.
Бийликтен көзү каткан бурадарлар
Акыры жамынарың боз топурак.
Жасаган ар бир ишке жооп беребиз
Жараткан Кудай өзү карап турат ээй.
Кыргызым ушунчаңда токтололу
Жараткан кудай бизди карап турат ээй.
Кыргызым ушунчаңда токтололу
Токтотпосок, Кудай бизди чындап урат ээй.

Другие песни исполнителя:

  • Сапырылган сары жалбырак, Санааларга мени азгырат. Терезеңе келип тигилсем, Үнсүз дарак тиктейт жалдырап. Кайырма: Жаш жүрөгүм мынча кайгырды, Көңүл кушун кимге алдырды. Күзгү нөшөр тынбай төгүлөт, Көздөрүңдөн жааган жамгырбы? Теребел да мынча көңүлсүз, Теректер да ойдон бөлүнгүс. Тегерете курчап буюмдар, Термелише тиктейт өзүңсүз. Кайырма: Болом деген өзүң түбөлүк, Асман дагы бүркөө түнөрүп. Өзүң тургай атың укканда, Жүрөгүмдөн турчу гүл өнүп.
  • Көнөктөп жамгыр төксө жеңилдеймин, Көөнөрүп ал оюма жеңилбеймин. Кусадан курган жүрөк жанчылса да, Кумарлуу көздөрүңө тигилбеймин. Кайырма: Аптыгып ак жамгырда сейилдеймин, Артылып карабасаң кейибеймин. Мендеги бул сезимди түшүнбөсөң, Мен сага бул сүйүүмдү билдирбеймин. Жалгыздык жандап баскан жолдошумдай, Жаңыра ойлор уюп коргошундай. Сезилет күндө бир маал көрүнбөсөң, Сергибей, бөксө жерим толбочудай. Кайырма: Сен туруп көңүлүмдүн борборунда, Камалдым махабаттын коргонуна. Тийгенде ал сендик деп кубулгансыйт, Тамчысы ак жамгырдын колдорума. Кайырма:
  • Көлөмүң болуп кичине, Көзүмдүн батсаң ичине. Көргөзбөй алып жүрмөкмүн, Көңүлү бузук кишиге. Карааның болуп кичине, Каректин батсаң ичине, Каратпайт элем өзүңдү, Карашы бузук кишиге. Карасаң башка кишиге, Кан толо түшөт ичиме. Эриксе жүрөк булкунуп, Ээ боло албайм күчүнө. Жанаша калсам кичине, Жалдырап карайм жүзүңө, Балакет кылбасаң экен, Башканын кирип түшүнө. Бийлетип ой-санаамды, Биликтей күйүп-жанамбы? Элестеп жүрүп өзүңдү, Эс жинди болуп каламбы? Кыйсыпыр кылдың санаамды, Кыргыздан сендей табамбы? Сыртыңдан жүрүп кызганып, Сыркоолуу болуп каламбы? Көлөмүң болуп кичине, Көзүмдүн батсаң ичине. Көргөзбөй алып жүрмөкмүн. Көңүлү бузук кишиге. Айтканда күйүп айла жок, Ашыктык оту кайда жок. Мени сүй, эгер ишенсең, Мен сүйгөн менен пайда жок.
  • Караңгы элге жарык болуп кире алган, Калкындагы ыйыктыкты биле алган. Кыргызымдын кыраандарын жайраган, Кара тарых болуп калды бир арман. Кайырма: Ата-Бейит, Ата-Бейит, Ак жеринен аталар кеткен шейит. Ата-Бейит, Ата-Бейит, Арбагыңар алдында турам кейип. Жакшы ойлорго билим ширеп турушкан, Жаш өлкөнүн пайдубалын курушкан. Улутчул деп уулдарын улуттун, Жексурлары жаздым кылып тынышкан. Кайырма: Ата-Бейит, Ата-Бейит, Ак жеринен аталар кеткен шейит. Ата-Бейит, Ата-Бейит, Арбагыңар алдында турам кейип. Кан какшатып, денеге мык ургандай, Канаттарын бирден сууруп тургандай. Кандай гана кыйналса да ошондо, Кайран эрлер калбаат турган сурданбай. Кайырма: Ата-Бейит, Ата-Бейит, Ак жеринен аталар кеткен шейит. Ата-Бейит, Ата-Бейит, Арбагыңар алдында турам кейип. Эл, жер үчүн жакшы турмуш көздөгөн, Эмгектерин айтуу кыйын сөз менен. Эркиндикти көрбөй кеткен эрлердин, Элестери нурга айланды өчпөгөн. Кайырма: Ата-Бейит, Ата-Бейит, Ак жеринен аталар кеткен шейит. Ата-Бейит, Ата-Бейит, Арбагыңар алдында турам кейип.